Аалам гезити

15.02.08

15.02.08
1 CTP 20

«Агым», 15.02.08 — 11-бет: Тџз байланыш…•

  Түз байланыш

Роза Шакирова төрөгөнгө чейин ырдайт.
Анан бир жыл үйдө болот…
«Агымдын» салтка айланган «Түз байла-нышына» өткөндө атактуу ырчы Роза Шакирова чыккан. Анда мындай сөз жүрдү…

( Тилек, 13 жашта: — Саламатсызбы, Роза эже? Менин апам сизди аябай жакшы көрөт. Анан апам экөөбүзгө концертиңизге эки билет берип коесузбу?
— Менде азыр «Чакыруу билети» жок, бирок билеттер бар. Берсе, берейин.
( Элмир: — Концертиңизге барайын деп, барар алды сизден ушундай бир шарт түзүлүп жатканына аябай кубанып, чалып жатам. Сиз эми ыр дүйнөсүнүн адамысыз да, бир кызык суроо берейин дедим эле. Сиздин түшүнүгүңүз боюнча ырдын пири эмне?
— Ырдын пири… бул сахна.
— Анан?..
— Ошол…
— Сахнада ар түрдүү оюндар болот да, театр бар мисал үчүн?..
— Сиз концертимди циркке койгонум үчүн айтып атасыз го?..
— Жок, андай деле эмес. Дегеле сиз ыр жолго аттанып атып, кайсы бир нерсени ыйык тутуп, же болбосо тумар катары кармаганыңыз эмне деп сурап атам.
— Сахнага чыгып баратканда Кудай колдосун деп сөзсүз түрдө бата кылып чыгам. Кээде фонограмма менен ырдап чыкканда корком, кокус өчүп калса эмне болот деп.
— Эмне үчүн концертиңизди кыш айына белгиледиңиз, же сизге кыш мезгили аябай жагабы?
— Мага жай мезгили жагат. Концертимдин кышка коюлуп калганынын себеби, үйбүлөлүк жашоо-шартка байланыштуу. Эгер концертимди ушул айда бере албасам, анда турмушка чыгып, бир жылдай үйдө отуруп калам.
— Сиз али турмуш кура элексиз да?
— Жок, али кура элекмин. Концерттен кийин курсамбы деп пландаштырып атам.
— Анда жигиттер жер муштап калат турбайбы?
— Эмнеге?
— Сиз бир эле адамга турмушка чыгып кетип атсаңыз?..
(Күлүп) — Жок, андай болбойт болуш керек…
— Сиз үчүн бул жашоодо эмне ыйык?
— Мен үчүн эң биринчи, ата-энем ыйык.
( Эрмек: — Сенин биринчи ырларыңды уккандан бери эле күйөрманыңмын. Кое турган концертиңе чоң ийгиликтерди каалайм. Жаңы чыгып келаткан жаш ырчылардай болуп жеңил ырларды ырдабасаң деп суранам.Үнүң аябай күчтүү, улуттук колориттеги ырларды ырдасаң да жарашат. Оркестр менен улуттук ырларды ырдайын деген оюң жокпу?
— Мен адегенде концертти филармонияга койсомбу деп сүйлөшкөм. Төрт-беш ырды оркестр менен ырдасамбы дегем. Керим Турапов макул болбой койду, ошондуктан циркке коюуга аргасыз болдум. Ал эми циркте оркестр менен ырдаганга болбойт экен. Ушул концертим бүткөндөн кийин КТРге дагы концерт жаздырсамбы деген планым бар. Ошондо сөзсүз төрт-беш ырды оркестр менен ырдайм.
— Сенин сүрөтүңдү мурда көргөндө анча көңүлүмө толчу эмес. Ушул кыз анча-мынча арыктаса дечүмүн.
— Арыктаган жагын айтсам, биздин үйбүлөнүн породасы ушундай. Канчалык арыктайлы деп диетага отурсак эле, кан басымыбыз көтөрүлүп, же түшүп кетет. Ооруп калабыз.
( Бегимай, Бишкек: — Роза эже, бизди ушул жарык дүйнөгө жараткан ата-энебиз болгондуктан, сиздин ата-энеңизге берген баалуу белегиңиз кайсы?
— Ата-энеме белектерди көп эле берем. Бирок, баалуу белек бере элекмин. Кудай буюрса, ушул концертиме ата-энемди алып келдим. 14-февраль сүйүшкөндөрдүн күнү эмеспи. Ата-энем да сүйүшөт да бири-бирин, аларга чоң белек кылып ырдап берейин деп атам.
— Концерттен кийинки планыңыз кандай?
— Концерттен кийин фестивалга даярданам, анан үйлөнүү тоюн өткөрөбүз.
( Алтынай: — Сизди кайсы ырыңыз таанымал кылды?
— Мен ойлойм, «Карабачы» деген ырды азыр ырдап атам. «Тунгуч» театрында иштеп калбадымбы, Асылбек Өзүбеков менен дуэт ырдаган ырым да бар. Ошол ырларым болсо керек.
— Баткенге, өзүңүздүн туулган жериңизге качан концерт коюп барайын деп атасыз?
— Күн жылыганда, мартта барсамбы деген тилек бар.
( Алмазбек Райымкулов: — Ушундай бир имиш угуп атабыз. Азыркы шоу-бизнесине аралашып келаткан жаш түштүктүк ырчыларды Бакиевге кошомат иретинде бийлик тараптан көтөрмөлөп атышат деп. Мисалы, Бактыгүл Бадыеваны деле Адахан Мадумаров көтөрмөлөп жүрөт дегендей сөздөр бар. Сиздин ошондой колдоочуңуз барбы?..
— Мен чынын айтканда, чоңдорду деле тааныбайм. Мага эч ким, эч кандай жардам көрсөткөн жок. Жердештериңе кайрылып көр, мүмкүн жардам берет деп айтышканынан, бир чоңго кайрылган болчумун. Бирок ал мени кабыл албай койду. Мени чоңдор таптакыр кызыктырбайт. Азыр өзүмдүн жигитим концертимдин чыгымын бүт көтөрүп атат.
— Азыр көзгө көрүнүп, жарк этип ырдап чыккан ырчыларды эле бийликтин адамдары тартып кетип атпайбы…
— Ал кыздын өзүнөн болот! Башы иштебесе кете берет!..
— Билимиңиз кандай?
— Училищаны, анан консерваторияны бүткөм. А аспирантураны бүтө элекмин.
— Сурап атканымдын себеби, ырчылардын көпчүлүгү даңгыратып ырдаганы менен тирүүлөй үн менен ырдай алышпай, фонограмма менен ырдашат турбайбы. Микрофонду үйлөтүп коюп эле, кыйкырып эле ырдай беришет экен. Кенже Кубатова, Гүлнур Сатылгановалар кыйын ырдашат. Алар татыктуу деп баалайм. А сизди кайсы тарабына кошсом?
— Мен фонограмма менен ырдабайм деп айтпайм. Мурда фонограмма менен ырдачумун. Тирүү үн менен чыгып ырдагандан коркчумун. Адегенде комуз менен чыккам. Ал эми азыр тирүү үн менен ырдаган жагынан эч кимден коркпойм, коркконум эле Гүлнур Сатылганова.
( Авас: — Роза, таланттуу көп ырчылар депутат болуп кетишпедиби? Эгерде сиз депутаттыкка мүмкүнчүлүгүңүз болуп калса, ырчылыкты тандайт белеңиз же депутаттык мандаттыбы?
— «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» деген макал бар го. Мен эч кандай депутат болалбайм. Ал уят… жок, уят деле эмес… Бирок, мен саясатка аралашкым келбейт.
— Ата-энеңиз, биртуугандарыңыз жөнүндө айтып бербейсизби.
— Атам өмүр бою шоопур болуп иштеген. Апам болсо үйдө бизди багып, эч жерде иштеген эмес. Үйбүлөдө жети биртууганмын. Мен ортончусумун.
— Алгачкы сүйүүңүз тууралуу айтсаңыз.
— Биринчи балалык сүйүүм 7-8-класста окуп жүргөндө болгон. Туугандарыбыздын эле баласын жактырып калып, ал баланын көзүнө көрүнүү үчүн кийимдеримди жууп, тазалап кийчүмүн.
( Адам Бийназаров: — Сиз эне тилди кандай карайсыз? Артисттер ырдап чыккандан кийин эле орусча сүйлөп калышат го…
— Мен орустарды кыргызча үйрөтөм. Маршруткага түшкөндө айдоочу орус болуп калса да кыргызча сүйлөйм.
( Дамира: — Жакында турмушка чыгат экенсиз. Болочок жолдошуңуз ырдап чыгууңузга каршы болбойбу?
— Төрөгөнгө чейин ырдайсың, андан кийин бир жыл баланы тарбиялап үйдө болосуң, анан чыгармачылыгыңды уланта бересиң деп атат.
— Диетага кандай карайсың?
— Диетага карай албайм го, тамагымды тыя албайм да… (күлдү) Бирок, сахнага сулуулук керек дейт, жакшы эле аракеттендим, бирок болгон жок.
«Түз байланышты» уюштурган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА


0215.htm

1 CTP 20

Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

29.01.09

pr25.02.2020

27.01.09

pr25.02.2020

20.01.09

pr25.02.2020

22.01.09

pr25.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика