Аалам гезити

13.11.08

13.11.08
1 CTP 16

«Аалам», 13.11.08 — 10-бет: Полит-элита…•

  Ыйман сыр

Турсунбек Чынгышев
Эскерүүлөр: окуялар, адамдар
(Башы өткөн сандарда)
Ошентип, тааныш-туугандардыкында жашап жүрүп, мен да ушу мектепти окуп бүттүм. Жаман окуган жокмун, жетилүү аттестатымда бирин-экин гана «төртүм» болбосо, калганы бүт бойдон «эң жакшы» деген баалар болду.
Менин «жетекчилик ишим» мектепте окуп жүргөндө башталган, бекитишти беле же шайлашты беле айтор, эсимде жок, класска староста элем. Классыбыз кыргыз, уйгур, дунган, калмак балдар-кыздардан турган накта интернационалдык, ынтымактуу коллектив болуп, кыргыздардан үчөөбүз гана болчубуз. Мен, анан берки экөө, бүгүнкүгө чейин жакын достор бойдон келатышкан айылдашым Кубулбек Төлөгөнов, он жыл чогуу окудук, «автомобиль жолдору» кесиптиги боюнча республикада алгачкы илим кандидаттарынын бири болду, республикалык Автошосжолминдин системасында көп жылдар бою эмгектенди.
Экинчиси болсо — Карбай Орозалиев, жердиги аксуулук, Ашхабад политехникалык институтун бүтүргөн, өнөржайкурулуш материалдары министрлигинин ишканаларында иштеген.
Мектепти аяктаган соң билим алууну улантуу жөнүндө собол турду. Болочок кесибимди мурда эле тандап койгом, андыктан эки анжы болгон жокмун. Мен нээт кылып жүргөн инженерлик кесип а кезде зоболосу бийик болчу, ошондуктан политехникалык институттан окуюн деп чечтим. Жарыш сынак өтө чоң болуп, окууга өтөөргө 1 балл жетишпей калса болобу. Ал жактан жол болбой калган соң, Фрунзе автожол техникумуна кирүү экзамендерин тапшырдым, аны 1963-жылы аяктап, «автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү куруу жана эксплуатациялоо» кесиби боюнча адистикке ээ болдум. Бул окуу жайы ошо кезде мыкты билим берээр эле. Кийин, өндүрүштө иштеп жүрүп буга өзүм күбө болдум, жол курулуш ишканалары техникумдун бүтүрүүчүлөрүн жумушка политехникалык институтту бүткөндөрдөн да жакшы кабыл алышаарын байкадым, арийне, муну айтуу менен жогорудагы кадырлуу окуу жайынын беделине шек келтирүүдөн таптакыр алысмын.
Окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктаган бүтүрүүчү катары, мага, өзүм каалаган жол курулуш ишканасын тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилгендиктен, Ысык-Көл областынын Нововознесеновка ДЭУсун тандап алдым. Бул башкармалык ошондо Сарыжаздан Эңилчек суусу тарапка, келечекте калай кен комбинаты курула турган жерге чейинки жолду чарбалык ыкма менен куруп жаткан экен. Ушул объектидеги ишим менин алгач жолку чыныгы өндүрүштүк практикам болду, жумушчу табы менен болгон алаканын баштапкы сырларын да ушу жерден үйрөндүм. Эмгек жамаатын башкаруунун анчалык чоң эмес, бирок маанилүү тажрыйбасына ээ болдум. Биздин участок башкармалык жайгашкан райондун борборунан бир нече жүздөгөн чакырым алыстыкта, Чакыр-Корум жана Чоң-Ашуу деп аталган эки ири тоолуу ашуунун аркы жагында эле. Андыктан мен, жаңыдан ишке киришкен жаш, жол мастери, райондук чоңдордун анда-санда бир кыдырып келгенин эсепке албаганда, чакан отрядым менен өзүмө өзүм кожоюн, ээн-эркин элем. Карамагымда бир нече С-100 бульдозерлору, автомашиналар, бургулоочу жабдыктар, жардыргычтардын бригадасы, анан жыйырма чакты киши бар. Областтын борборунан чыккан автомобиль жолу Сарыжаз суусунун оң жак жээк тарабындагы Кичи-Талдысуу куймасынан беш чакырымдай жердеги Саралаташ капчыгайына чейин гана жетип токтогон. Ал эми капчыгайдын аскалуу боорунан болсо узундугу үч-төрт чакырымга жакын ат жүргүдөй гана чыйыр жол салынган, геологдор, чарбакерлер, чегарачылар Эңилчек суусуна чейин өз жүктөрүн ушул жол аркылуу, ат менен гана жеткирип турушчу. Биздин милдет ушу жолду адегенде бульдозер, анан автомашина жүргүдөй кылып кеңейтүү эле. Өйдө жакта 700-800 метр бийиктиктеги аскалар заңкайса, ылдыйда 200-300 метрдей тереңдикте, ээ-жаа бербеген Сарыжаз дайрасы агып жатат. Бул жерден жүк-мүгү менен аттар ылдыйга аласалган учурлар сейрек эмес, кез-кезде адам курмандыктары да болуп турчу. Биерге жол салганга эч кандай долбоорлоо — сметалык документтер жок эле, дагы жакшы, автожол техникумунда бизге кенен билим берип, геодезиялык аспаптар менен иштөөнү үйрөткөн тажрыйбалуу геодезчи, мыкты окутуучубуз болгон экен, андан алган таалим-тарбиябыздын үзүрүн эми минтип иш жүзүндө көрдүк.
Кошуп жазуу деген балекет менен өмүрүмдө алгачкы жолу ушу жерде кезигиштим. Долбоорлоонун жоктугунан пайдаланып, республикалык «Кыргызжардырууөнөржай» башкармалыгынын жардыргычтар бригадасы айдын аягында, дайыма баланча көлөмдө аска таш жардырылды деген маалымат беришчү. Мында алар жардыргыч зат — аммоналдын чыгымдалган санын гана көрсөтүшчү. Жардыргыч затты мүшөктөп дайрага ыргытып, анан аны отчетто жардыруу иштерине пайдаланылды деп көрсөтө берсе болот турбайбы буларда. Жаман көрүшсө да кийлигишип атып, мындай көз боемочулукту араң токтотууга туура келди. Мен аларга алдын-ала тапшырма берип, артынан жардырылган таштын так көлөмүн ченеп жүрдүм. Албетте, ой-чуңкуру көп жерде муну жасоо оңой эмес, ченегич көтөрүп жалама аскага чыга албайсың, геодезиялык аспаптар менен иштей билгенимдин пайдасы дагы бир жолу тийди. Эл жашаган жерлерден алыс, тоонун жапайы турмушу менен жашоо бул жерде чыны, эриктирген жок, анткени мындай ээн жактарга жумушчу табынын өтө мыкты өкүлдөрү келип иштешпейт. Менин Сарыжаздагы ишимдин аякташы менен автомобиль жолу да Эңилчек суусуна чейин салынып бүттү, жүк тарткан автоунаалар кенен өтүп калышты. Чыныгы автомобиль жолун салуу үчүн албетте, дагы далай курулуш иштерин жасоо керек эле, бирок аларды ишке ашыруу мага буюрбаган экен, анткени, жакшы күндөрдүн биринде колума аскерге чакыруу кагазы тийди.

(Уландысы бар)


Кенжебек Алдаяр
Дүйнө тирилткен күүлөр
(Башы өткөн санда)
Жер бетинен тыптыйпыл жок болгон эзелки Шумер, Атлантида маданияттарынан көптөгөн сырдуу жазмалар калганын угуп-билип жүрөбүз. Атлантида жазмаларындагы көп сөздөр түрк тилдерине окшош. Түрк окумуштуусу айрыкча бүгүнкү кыргыз тилине өтө жакын экендигин бир топ далилдерин келтирип, Адам ата, Обо эне кыргыз тилинде сүйлөгөн деген да тыянакка келгенин жазып чыгышкан. Булар сөз маданиятына тиешелүү далилдер болчу. Шумерлердин дагы бир илим жөнүндөгү жазмаларында, музыка Кудайынын аты — комуз деп жазышып, ошол убакта комуз деген музыка аспабы бар экендиги, ал аспаптын үнү эки дүйнө менен байланыштыраары жазылып калган. Индия элдеринин эң байыркы санскрит аталган ыйык илим китептеринде асман Кудайы Манас жөнүндө жазылып турат. Санскриттеги асман Кудайы Манас менен Кыргыз баатыры Манастын айырмасын, окшоштугун билип-билбей, таанып-тааныбай жүрөбүз. Ошол асман Кудайы Манас болуп бир сөз эле айланып келип жатканы кадимки музыка Кудайы комуз дагы муз-ко Кудай болуп айланып азыркы күнгө жетти. Нукура Комуз аты бүгүнкүгө кыргыз күү аспаптары, комузу, ооз комуздары эмдигиче жашоо турмушубузда. Шумер, Атлант жазмалардагы эки дүйнөнү байланыштырган сыйкырдуу касиеттери менен транс медитативдик абалга же сүкүт чалууга, башка дүйнөлөр менен байланышка чыгууга негиз берет. «Көкөй кести», «Насыйкат», «Сынган Бугу», «Камбаркан» өңдүү башка кара күүлөр да белгилүү. Ас-Ман менен Ма-нас же Ко-муз менен Муз-ко жөн гана дал келүүбү, же кокустан окшошуп калдыбы? Топон кылымдарда канча күү аспаптары унутулуп калды? Атлантида жазмалары далил болгондой Күү Кудайы Ко-муз аты элибизде аты аталып келе бергени, демек Кыргыз күүсү, Кыргыз күү аспаптары негизги түп нускалык дүйнөлүк кызматы аты менен дагы транс медитативдик заты менен дагы, толук ырасталып калды. Байыркы адамдарга жан киргизген, жан салган музыка тууралуу мифологиясындагы Кыргыз Атанын биринчи жолу комуз аспабын жасалышын, андан кереметтүү Кыргыз күүсүнүн аткарылышына байланыштуу окуя мындай болгон:
Оболу кыргыздар асманда, башка жакта жашашкан экен. Кудуреттүү Кудай алар үчүн атайын жерге ылайык дене жасап, асмандагы жандарын ошол денелерге киргизип жашоого койгон. Бирок асмандагы ээн-эркин башкача жашоого көнгөн ал асыл жандуу кыргыздар денелерине кирип жашай албай, денелеринен кайра-кайра чыгып, денелер улам жансыз кала берген. Ошондо кыргыздардын Кудай-Кишиси Кыргыз Ата Чоң кудайдын өзүнө кайрылып жардам сураган. Чоң кудай ошондо мээримин төгүп, өзүнүн жардамчысы Асман Аалам Кудайы Манаска кайрылып, Киши Кудай Кыргыз Атага жардам бердирип , кыргызга Чоң Кудай Атанын колу менен биринчи жолу комузду жаратып анын үнүнө асмандан келген кыргыздардын дүйнөсүнө байлаштырып, жер бетиндеги дүйнөсүнө улаштырып, сөз менен айтып, акыл менен түшүнгүс улуу сыр берген. Ошондо комуздун үнүн уккан байыркы жаны жай албаган асмандагы жайын эңсеген кыргыздар баякы асмандагы жашоосун эстеткен үндөрдү угуп жандары жай алып, эргип, терең сүкүткө чөмүлүлүшүп эстери ооп магдырашып, кара жаны болгон денелерине көнүшүп, Кыргыз Атанын күүлөрүнө денелери балкып көшүлүп жер бетиндеги жашоого айласыз моюн сунушкан. Кыргыздардын жер бетиндеги жан шериги комузу, сансыз кылымдарды кылындагы үндөрүнө батырып, чөгөрүп кыргыздын сыңары, түгөйү, эгизи шериги болуп кылым кезип коштоду. Кыргыз боору Кыргыз комузу тиги дүйнөдө жуп жаралган.
«Комуз менен Кыргыз ажырагыс биримдик» деп улуу чындык таамай айтылган. Комуз күүлөрү же кыргыз күүлөрү адамдын физикалык денесиндеги ооруларга гана шыбаа болбостон, эң талылуу акыл айныма, нерв ооруларына табылгыс дары экендигин эчак билип алышкан япон, орус невропатологдору ушу күндө күү жазмаларын ийгиликтүү пайдаланып жүрүшөт.
Музыканын адамга болгон таасири ченемсиз. Чоң державалардын үлкөн башчылары башка аз сандагы элдерди өзүлөрүнүн таасирине баш ийдирүүнүн оңой жолу ошол элди өз күүсүнөн, ички сезим күч-кубатынан ажыратууга болоорун билишип, бизди Кудай берген улуу маданияттарыбыздан алыстатып, жеңил-желпи ыр түрмөктөрүн жана тырмак тарттырып, кыргызга мүнөздүү тереңдикти, улуулукту, кенендикти көрмөксөн, билмексен болушуп чала ыр чыгарган, чала ырдаган ырчылар популярдуу болду. Элдик наамдардын баркын бокко айландырышып, залкар күүчүлөр бааланбай, баркталбай Шааси, Нурке аксакалдардай дайым четте калып жатпайбы. Кыргыз маданият министрлиги кайсы республиканын министрлиги экенине такыр эле маани бербейт, болбосо бергиси келбейт. Көпчүлүк айтып жүргөндөй, бир драматургдун жеке ишканасындай ой калтырат. Кандай иш чара болбосун С.Раевдин драмасы ойнолот, кандай зоок болсун К.Тураповдун ыры ырдалабы? Кудайга шүгүр Роза Отунбаеванын сөзү менен айтканда дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун баркы бийик кыргыз өнөрү, атагы алыстагы Манасы, комузу, кыл кыягы, элдик ыры, ооз комуздары ушу Раев менен Турапов, Мадумаровго, Молдокасымовго жакпай калдыбы. Кыргыз өнөрүнө кайдыгер О.Ибраимов дагы убагында кандай иш чара болсо, академиялык деп эле камералык оркестрдин сюиталарын ойнотуп, бийик деңгээлдеги маданияттын байкуштугун далилдегенге аракет кылчу. Батыштын булар чөк түшкөн музыкасынын чыныгы көзүрлөрү кыргыз күүлөрүн укканда шок болгондорун укпай, керең болуп калган болуш керек. Кыргыз маданият министрлигине, Кыргыз филармониясына бөлүнгөн каражаттар, кыргыздын өзүнүн маданият өнөрүнө, ошол өнөрдү аздектеген өнөрпоздорго бөлүнүш керек. Же менин жазганым туура эмес болсо, бул министрликти жөн эле бир кишинин атына коюп, ал эми филармонияны улуттук деген атын өзгөртүп директордун фамилиясында оңдотуп жаздырып, минюсттан жаңы каттоодон өткөзүү маселеси каралбаса болбойт. Кыргыз маданиятында, кыргыз филармониясында заманга ылайык иш чаралар каралса, анын аброюн бийик көтөрүп коймок. Атактуу япон кыргыз маданиятын дүйнөнү багындыруучу, таң калтыруучу керемет экенин айтып, силер туризм менен эмес, жашылча жемиш мал-сал багуу менен эмес, дүйнө элин жан дүйнөңөрдүн улуулугу менен болуп көрбөгөндөй бийиктикке жетесиңер деп айтып чыкпадыбы.


1113.htm

1 CTP 16
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика