Агым гезити

12.02.08

12.02.08
2 CTP 14

«Агым», 12.02.08 — 11-бет: Сандан санга: сериал…•

  Сандан санга: сериал

Назгүл Калмамбетова
Бейтаалай
Эки жаш баягы жерине келишти. Сүйүү
кумарына баткандан кийин Алтынай:
— Ата-энеңе мени качан тааныштырасың? — деп сурады.
— А эмнеге сени тааныштырышым керек? — деди Данияр.
— Кызыксың го, экөөбүз жөнүндө аларга айттың беле?
— Жок, айткан эмесмин. Ата-энем менин сага чейинки сүйлөшүп жүргөн кыздарым менен деле иши жок болчу. Мен кайсы кыз менен сүйлөшөм, эмне иш кылам, аларга отчет бербейм. Алар менден сурашпайт, кызыгышпайт дагы.
— Экөөбүздүн ушинтип жүргөнүбүзгө үч айдан ашып калды го…
— Анын эмнеси бар экен. Сага чейин деле менин бир жыл, эки жыл сүйлөшкөн кыздарым болгон.
Алтынай уккан кулагына ишенбей, башка чапкандай болуп, селейип отуруп калды.
— Сага эмне болду? — деди Данияр Алтынайдын көңүлү чөгө түшкөнүн байкап.
— Сен мени сүйөсүңбү?
— Ооба, сүйөм. Сага дайыма айтам го…
— А мага качан үйлөнөсүң?
— Мен сага үйлөнөм деп айткан эмесмин.
— Эмне?! Сен мени сүйөм деп атпайсыңбы?!
— Сүйөм деген сөз, «мен сени алам, сага үйлөнөм» деген сөз эмес да. Же эмне, мен сага сөз бердим беле, үйлөнөм деп. Сени сүйөөрүм чын. Сен мага аял катары, кыз катары жагасың, — деп Данияр адатынча эркелетмекчи болду, кызды.
— Болду! Жетишет! Эгер сен мени сүйсөң эмне үчүн үйлөнгүң келбейт?! — кыз ызасына мууна баштады.
— Мага али эрте… Анын үстүнө ата-энем мени баары бир сага үйлөнтүшпөйт, ачыгын эле айтып коеюн. Бир тааныштарынын кызына кичинекей кезинде эле сөйкө салып, кудалап коюшкан, — деди Данияр, кызды жубатууга аракеттенип.
— Эмне үчүн сен мени алдадың?! Эмне үчүн?! Көрсө, сен өзүңдүн моокумуңду кандырып, күнүмдүк көңүл ачуу үчүн пайдаланган турбайсыңбы? Мен сага ишенбедим беле?! — деп жаны күйгөн Алтынай токтоно албай ыйлап жиберди.
Кыздын бетин жууган жашты көрүп, Данияр эмне деп айтаарын билбей, бир азга буйдалана түшкөндөй туюлду Алтынайга.
— Сен кызык немесиң го. Мен сени алдаган жокмун. Сени сүйөм, бирок, мен сага качан сени алам, экөөбүз үйлөнөбүз деп айттым эле? Экөөбүз тең жыргалга бирдей батып жүрдүк. Жалгыз мен эмес, сен деле көңүл ачып жүрбөдүңбү. Мен сени зордуктаган жокмун, баары өз каалооң менен болгон. Мени эмне күнөөлөп атасыңбы? Эгер, сен башында эле «мен сенин аялың болушум керек» деп айтсаң, анда мен сага тиймек эмесмин. Эмне трагедия жасап жатасың мындан. Эмнеси бар экен, экөөбүз бир убакта ушундай жакшы күндөрдү өткөрдүк. Мындай учур адамдын жашоосуна дайыма эле келе бербейт. Кийин баары бир эстейбиз. Сен өз жашооңду көрөсүң, мен өз жашоомду көрөм. Эгерде кыздыгымды алдырдым деп кейип атсаң, мен сага акча берем, барып тиктирип алсаң болот. Акча бербей жүрдүм беле, мен сага. Азыр кыздардын баары эле адегенде жыргап-жыргап алышып, анан күйөөгө тийерде тиктирип коюп атышпайбы кыздыгын. Эч нерседен кем болбой, жакшынакай окуп, жакшынакай кийинип, жакшынакай жашап атасың мен берген акчага. Сага каалаганыңдын баарын сатып берип атам, же калппы? Сага акча берип атам деп доомат кылып аткан жокмун. Аны мен сени сүйгөнүм үчүн берип атам, түшүнсөң. Экөөбүз үйлөнбөй калат экенбиз деп капа болбо. Жашоо ушундай экен, турмушта сен өз теңиңди, мен өз теңимди табам. Сага үйлөнөм деп айтсам, ата-энем айылдык кызга үйлөнөсүң деп чалкасынан кетишет. Анын үстүнө сен баары бир айылдыксың, шаардыктардын адатын, турмушун жакшы билбейсиң.


  Ачылалек сандыкта…

Эль ТАТ
Бийлик
Бийликке умтулуу — бул биринчи болуу, мыктылардын мыктысы болууну көздөө, башкаларды башкаруу, басынтуу, барк-баа күтүү, башкалардын кызыкчылыгы менен эсептешпей, өзүнүн каалоосун ишке ашыруу. Бийликке келген адам ушулардан ырахат алат.
***
Адамдын ички дүйнөсү бийликке келгенде сыналат. Тагдырдын бул чоң сыноосун баары эле көтөрө билбейт. Биринчи болгусу келгенди негиз кылбаган, бийликти башкы нерсе катары койбогон, ишин чыгармачылык менен иш жүзүнө ашырууга умтулган адам гана жакшы жетекчи боло алат.
***
Бийликте отургандардын күчү кандай, канчалык болбосун, андан да күчтүү бийлик сөзсүз чыгары белгилүү. Ошол себептенби, көралбастык, өкүмзордук, ажаандык бийликти дайыма жандап жүрчү «жүргүнчүлөр».
Сүйүү
Ар бир адам, ал ким гана болбосун, чоң сүйүүнү кыялданып жашайт. Сүйүүсү ажайып болуусун каалайт. Ал эми ажайып сүйүүгө эмне өбөлгө түзөт? Бош убакыттын жетиштүүлүгү, кызыкчылыктардын түрдүүлүгү, жакшы таасирлердин молдугу.
***
Сараңдык — сүйүүнүн чоң душманы. Арзыганыңа чача турган акчаң жокпу, кембагалсыңбы — анда, жок дегенде убакытка, керемет каалоо сөздөргө, көңүлүн көтөрүүгө сараң болбо. Демек, ачык сүй, жандүйнөңдүн күч-кубатын бүтүндөй арнап сал.
***
Сүйгөн адамдын бир гана сүйгөнү болуусу кажет. Көңүл суудубу — байланышты үз. Бир эле убакта бир нече кудуктан суу ичем деп, сүйүү жашаган ыйык жерди мал короого айлантпа.
Сөз
Ой, сөз — оңбогондой күч-кубат. Сөз кандай кереметтерди жаратарын байкай жүр.
***
Жылуу сөз таарынычта жүргөн адамдарды жараштырат, жанды эргитет. Тамаша сөз мээнин чыңалуусун кетирет, көңүлдү сергитет.
***
Сөз менен адамдын оорусун да айыктырса болот, сөз менен адамды өлтүрсө да болот.
Катачылык
Адамдардын чоң катачылыгынын бири — бүгүн жана азыр жасай турган нерсени тээ, келечекке сүйрөп ойлоно бергенинде.
***
Дагы бир чоң катачылык — баары эле башкаларга акыл үйрөтүп, башкалардын мүнөз-кыялын өзгөрткүлөрү келет. Ал эми өздөрүн өзгөртүүгө кымындай да аракет кылышпайт.
***
Жол аягы түгөнбөйт. «Күчтүүлүгүңө шерденбе — сенден күчтүүсү жолугат.
Сулуулугуңа суктанба — сенден сулуусу жолугат.
Акылдуулугуңа мактанба — сенден акылдуусу жолугат».
Орусчадан которгон Салтанат КЫДЫРМАЕВА


  Эстутум

«Бийик бойдон калуу…»
…Куулук билбес тунук баео дүйнөмдү,
Кысып барат булактан бир иңир.
Жок кылганча эзилсе да жүрөгүм,
Бийик бойдон калуу керек баары бир!..
— деп Догдуркан Маанаева жазгандай, өзүнүн табияты, адамдык сапаты, мүнөзү ушундай болчу. Ал адамга катуу айтпаган, көңүлдү аздектей алган, жашоодогу жайдары адам эле. Догдуркан эже ыймандуулугу, топуктуулугу, бир мүнөздүүлүгү менен эсибизде калды. Мен канча адамдар менен сүйлөшпөйүн, эже жөнүндө бир дагы терс пикир укпадым.
Догдуркан эже жакшы акын болчу. Ырларын мен тээ бала кезде окуп, кадимкидей шыктанган жайым болду эле. Чыгармачылыкка кызыгууга кадимкидей дем берген. Таналбайсың. Ал көп акындын бири эмес. Анын ырлары өзүнүн мүнөзүндөй болуп азырынча сыр катып турса, балким бир учурда ачылаттыр. Чыгармачылыктын оош-кыйышы ушунда. Айтмакчы, эже акын эле эмес, драматург да, журналист-публицист да болчу. Бир топ жылдар бою университетте кыргыз тилден сабак берди. Педагог катары жигери күчтүү эле. Билимдүү. Студент кезинде Лениндик стипендия менен окуганы, кызыл диплом менен филфакты бүткөнүн укканым бар. Агезде мындай ийгиликке элдин баары жете берчү эмес (Абдыганы Эркебаев экөө гана мезгилинин чыгаан студенттери катарында эсте калыптыр…).
Жакшы адамдын, асыл адамдын артында жылуу гана эскерүү калат тура. Эмне демекчимин, калган өмүр жашын Кудай үйбүлөсүнө ыроолосун. Бири кем дүйнө деген ушу. Бирок, Догдуркан эженин уучу кур эмес болчу. Алар турат. Аз өмүрүндө саз чыгармаларды жазып кетти эле, булар турат. Эли-журту турат. Биз ошолорго каниет кылабыз, ошолор менен кошо эскеребиз.
Асланбек САРТБАЕВ


0212.htm

2 CTP 14
Click to add a comment
Агым гезити

More in Агым гезити

08.02.08

pr03.02.2020

05.02.08

pr03.02.2020

01.02.08

pr03.02.2020

28.01.08

pr03.02.2020

25.01.08

pr03.02.2020

15.04.08

pr01.02.2020

Защищено: 05.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 12.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 19.09.08

pr29.01.2020

















Яндекс.Метрика