Агым гезити

12.02.08

12.02.08
1 CTP 14

«Агым», 12.02.08 — 10-бет: Кутман курак…•

  Кутман курак

Француз ойчулу Паскалдын дүйнөгө дүң байкоосу бар. «Адамдар үч эле түркүн болот, — дейт ал. Биринчиси — кудайды таап, ага ак кызмат кылат. Экинчиси — кудайды табалбай, аны издөө менен алек. Үчүнчүлөрү — кудайды тапмак түгүл, издеп да убара болбойт.
Жан канча күйсө, жарык ошончо тиет
«Биринчиси — акылга март, бакытка карк, акыркысы — акмак, ал эми ортодогусу — бакыттан чукак, акылдан бай».
Лев Толстой аны убагында биринчиси турмушта кездешпейт, акыркысы акмак экендиги ырас, бирок даана көзөл адам деп экинчисин айтуу керек, анткени ал ошол акыбетсиз издөө менен кудайга кызмат кылууда маанисинде чечмелеген.
Сөзмө-сөз болбосо да, сөңгөгү ушундай. Таккесе айталбаганым, бул тырнактай макаланы жазып атканда колумда Толстойдун томдугу жок эле. Арийне, андан анчалык бирдеме өзгөрүп кетпейт.
Эки генийди эптештирүү Кален Сыдыкованын ишмердиги, чыгармачылыгы тууралуу ойлогондо эске келип атыр. Динге караганда атеизмге, теизмге караганда пантеизмге жакын адам катары мен Лев Толстойду бираз бура тартып, Кален Сыдыкова ары чарпылып, бери серпилип тынымсыз издөө менен чындыкка кызмат кылууда деп айтар элем. Адалдыгынан арамдыгы арбын бу заманда андан ашкан эрдик жок.
«Чындык баарынан бийик, Некрасовдон да, Пушкинден да, элден да, Россиядан да улуу» — деп Достоевский бекер чыңырган эмес. Чындыкка кызмат кылуу илим-билимге жарык чачат, рухий дүйнөнү тазартат, жашартат. Асманга апарчу жол ошол. Чындыкты тааныбай, таппай туруп кудайды табуу мүмкүн эмес. Тилекке каршы, кыргыз коомчулугу чындык менен жалгандык, акыйкаттык менен арамдыкка маани бербейт. Аркы заманда да, берки заманда да. Ошондуктан совет түзүлү-шүндө кыргыз аткаминерлери түгөл атеист-коммунист болду эле, эми ошолордун бардыгы фундаменталист-молдо болуп отур.
Бул берки сөз. Аркы сөз, мен Кален Сыдыкованы эсеби маселең, 1980-жылдын башынан бери билем. Анда университеттин журналистикасын бүттү беле, КП БК тарых институтунда иштечү беле, айтор эсимде жок. Тек, мен ал кезде «Кыргызстан маданияты» гезитинин сын бөлүмүндө иштечүмүн. «Маданият» ал, дегеле совет мезгилинде кандай гезит болгондугун андагы муун аябай жакшы билет. «КМ» сөздүн түз да, кыйыр да маанисинде диссиденттик ой айткан Кыргызстанда жалгыз гезит болчу. Болгону кыргыздан чыныгы диссиденттер чыккан эмес, бирок Чыңгыз Айтматов сыяктуу совет идеологиясын каймана, эзоптук, демек, кул сыяпатында тил менен соккон материалдар көп чыкчу. Чыккан сайын саясый, кадрлык ызы-чуу сөзсүз коштоор эле.
Өткөн кылымдын 80-жыл аягында тоталитардык түзүлүш-төгү бүт совет калкынын жаагы ачылды. Биздики дагы. Анын ичинен, менин байкашымча, Кален Сыдыкованыкы дагы. Кыргыз элинин тарыхын калыбына келтирүү, асыресе 16-жылдагы Үркүнгө туура баа берүү ж.б. маселелерди Кален Сыдыкова биринчилерден көтөрүп чыкты. Биздин гезитке. Ал мезгилдин чен-өлчөмүнө сала келгенде, өтөле батыл, өтөле ачык, өз идеясын коргоого жаатында жанын аябаган, эчнерседен кайра тартпаган калемгер катары. Ошондо баш редактор Жалил Сыдыков айтты эле: «Аякташташы арымдуу экен, мундан бирдеме чыгат» деп.
Билгендей эле айтыптыр. Кудум Мирабо сыяктуу. Конвентте белгисиз жаш жигит безилдеп атса, айткан тура: «Бул алыс барат. Айтканына аябай ишенет экен» деп. Ал жигит — Робеспьер экен.
Анын сыңары Кален Сыдыкова беттегенин берген жок. Компартия мезгилиндеги «салондук» ишмердиктен баштап, митинг, манифестация, пикет, көчө жүрүшү, атүгүл сарай төңкөрүшү дооруна чейин баштан кечирди. Бирок коомдун кообу, каабынын биринен да кайдыгер түшүндүрдү. Каражанын карч уруп калбады. Жаратылышынан жаңысаак, өз күчүнө бекем ишенген батылдыгынан тайбады.
Ушул жаатынан, ачыгын айтуу керек, менин карындашым экендигине, экөөбүз бир суу ичип өскөнүбүзгө сыймыктанып кетем.
Мен Кален Сыдыкованын «Кайрылуу» (1988-ж.) китебинен баштап, «Кыргыз тарыхы» (2003-ж.), андан кийинки биркатар китептерине, айрым эсепкорлор айтуусуна караганда, 400дөн ашуун аналитикалык эмгектерине акыл токтотуп, ак, карасын айрып таанытууга аракет кылсам болмок. Бирок бусаам бурсат анда эмес. Анын да сааты чыгаар.
Мен тек гана Кален Сыдыкованын чыгармачылык стилине мүнөздүү («Стиль — бул адам». Гете) урунттуу бир-эки белгини баса көрсөткүм келет. Биринчиси, биз элибиздин тарыхын философия көзкарашынан аныктай элекпиз. Ал эмне деген сөз: тарыхка антимония, мыйзам турулуу карама-каршылыктар менен ой жүгүртүү. Ошон үчүн биздин тарых эпикалык фантазия, ретроспективдүү утопия, келечекте ишке ашпас үмүт-кыялга бай. Байкашымча менин Чоюн досум Өмүралиевдин мектеби, андан соң Кален Сыдыкова ушул кенемтени толтурууга аябай аракет жасап атат.
Экинчи. Кален Сыдыкова калеминен жаралган эссе, заметка, өз элинин ал-абалын, алды-артын, тарых-таржымалын ой таразасына тарткан илимий-популярдуу макалалар, китептеринде чыныгы художник, накта стилист катары көрүнөт. «Микробу жок тоолордун абасынан» түшүп келген кыз катары айткандары түз, ачык. Бул жерде жөпжөнөкөй чындык окурманга ушунчалык таасир берет. Бул менимче жазуучуга эле эмес, окумуштуу-популяристке да керек.
Үчүнчү. Ал кайсы гана эмгегинде болбосун, эне экендигин, адамзат жыйынтыгында анын жоопкерчилиги эбегейсиз зордугун табигый сезет, ошонүчүн мамлекеттик адеп-ахлакты жумшартууга, коомдун кооптуу жарасын катаал аспаптын жардамы менен болсо да айыктырууга аракет жасайт. Кален Сыдыкованын кээде ашыкча сезилген максимализми да ошондон.
Эң негизгиси, мен жогоруда макалама ат коюп алып, кубанып кеттим. Кален Сыдыкованын жаны канча күйсө, жарыгы коомго ошончо тиет. Адам баласынын андан ашкан миссиясы барбы, жокпу — билбейм.

Алым ТОКТОМУШЕВ


 

Бир ок менен эки коен?
23-24-февралда таэквондонун ITF версиясы боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты болот. Бул иш чара Мекенди коргоо күнүнө арналып, ошону менен бирге быйыл Алматы шаарында өтүлө турган таэквондо боюнча Азия чемпионатына даярдык көрүүгө багытталган. Мелдешке казак спортсмендеринин келиши күтүлүүдө.

Баурдастар менен бурдашып…
9-февралда борборубуздагы спорт клубдардын биринде эрежесиз мушташ боюнча чемпионат болуп өттү. Жыйынтыгында эң мыкты он спортчу тандалып алынды. Эми алар казак спортчулары менен Ормон хан байгеси үчүн күч сынашмакчы. Ошондой эле бул күнү тай бокс (муа-тай) боюнча беш чемпиондун аты аталды. Алар: Бакыт Бекбоев (71 кг салмакка чейин), Рафаэл Физиев (60 кг салмакка чейин), Рустам Өмүрбеков (60 кг салмакка чейин), оор салмактагы Максат Фазылов жана айымдар арасында жалгыз чемпион Уларгүл Абыбекова.

Жаңыл мырзанын кыбыралары
Аялдар арасында фитнес жана бодифитнес боюнча шаардык чемпионатта жеңүүчүлөр аныкталды. Мелдеш 10-февралда Бишкектеги спорт клубдардын биринде болуп өттү. Бодифитнес боюнча чемпиондук титулду фитнес федерациясынын өкүлү Ольга Ефимова багындырса, экинчи орунга Ирина Зулина жана үчүнчү орунга Елена Осипова татыктуу болушту.

Өз байгеси өзүбүздө
«Кейхацу» (Кыргызстан) клубунун кубогу үчүн 9-10-февралда каратэ-до боюнча эларалык турнир спорт ордосунда болуп өттү. Мелдеште республикабыздын дээрлик бардык облустарынан жана коңшу Казакстандан келген жаш өспүрүмдөр командасы күч сынашты. Жыйынтыгында кубок Кыргызстандык спортсмендерде калып, экинчи орунду Алматыдан келген «Тигренок» курама командасы камсыз кылса, үчүнчү орунга Карабалтанын «Барс» клубу илиништи.

Владимир Кличко Султан Ибрагимовду жайлайм дейт
Ушу оюн кечээ жакында украиналык мушкер шардана кылды. Анын айтымында Султан Ибрагимов 12-раундка чейин туруштук бералбай, жеңилүүгө мажбур болот экен. Кличконун айтканын машыктыруучусу кубаттап чыкты. «Биринчи раундда орус мушкери тез жеңишке жетүүгө аракеттениши мүмкүн. Бирок, тез эле чарчап, жеңиш Владимир тарапка оойт» дейт Эмануэль Стюард мырза. Эскерте кетсек, эки мушкер IBF/WBO версияларында күч сынашмакчы.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ


0212.htm

1 CTP 14

Click to add a comment
Агым гезити

More in Агым гезити

18.03.08

pr25.02.2020

08.02.08

pr03.02.2020

05.02.08

pr03.02.2020

01.02.08

pr03.02.2020

28.01.08

pr03.02.2020

25.01.08

pr03.02.2020

15.04.08

pr01.02.2020

Защищено: 05.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 12.09.08

pr29.01.2020

















Яндекс.Метрика