Аалам гезити

11.12.08

11.12.08
1 CTP 15

«Аалам», 11.12.08 — 10-бет: Полит-элита…•

  Каяша

Эралиевге асылган эси жоктук
Чыңгыз Айтматовдун көзү барда этегине эрмешип, жакасына жармашып, асылгандар болгон. Анын улуулугу ушунда экен, алардын бирине да теңелип, тил кайырган эмес. Эми, кыргыз элинин көзгө басар акыны, болгондо да новатор, реформатор, улуу акыны, Кыргыз эл баатыры Сүйүнбай Эралиевге асылган Олжобай Шакир деген тапан чыкты. Улууну сыйлаганды билбеген, ыймансыз, арсыз жазарман «Агым» газетасына жарыялаган «Эл баатыры, эл акыны — адабиятта эркеталтаң эмес» деген кыйынсынган келекелүү макаласында: «Лорканы мисалдаганымдын себеби, С.Эралиев которгон Р.Тагор менен У.Уитмендин кыргызчасы. Экөө тең акылынан шоола тамган дүйнө акындарынын алпы. А бирок кыргызчалаганы тегирмендин ташынан чыккан чала улпак, чала бадырактын аралашмасы дейбизби же жоргонун бузулган жүрүшүндөй дейбизби, айтор начар ойногон оркестрдин музыкасы жанбүдөгө салгандай окурманды кадимкидей кыйнайт» деп далилдүү, аргументтүү бир да мисал келтирбей токонаалатка өтөт. Макаланы окуп, «кантип ушундай болсун?» деп, Антологиянын эки томдугун ачып көргөнүбүздө андагы котормолордун эң мыктысы С.Эралиевдики экенине ынандык. Сөз Шакирдикиндей кургак болбосун үчүн мисал келтирели Рабиндранат Тагордон:

Чак түш

Түш мезгилде күндүн кыйгач
нуру жаап,
Аны менен дүйнө түгөл жылынат.
Суу үргүлөп, кайык уктап ар жакта,
Тынч отурат ак канаттуу чардак да.
А музоолор жашыл сазда жайылат,
Сууга келет өгүз басып жайыраак…
Жаратылыш көрккө ушунча
байыган —
Ал жаралып жаткан окшоп жаңыдан,
Мал добушу, ийнелик, куш үндөрү,
Кыялдардай өзүм бала күндөгү,
Ырыскынын сүттөрү агып денемден,
Мен да бүгүн жаралгансыйм энемден.
Антология, 1-том, 464-б.

Бул «тегирмендин ташынан чыккан чала улпак же чала бадыракпы?!» Поэзиянын «азбукасын» билбеген соң байкап жазыш керек. Поэзия котормосу ыргактуу, уйкаштуу, мазмундуу, образдуу, терең ойго салган, бирок жеңил окулган кооз канаттуу, жагымдуу, көркөм болуу керек, тилден дилге жабыша калып, аң-сезимге шар кирүү менен кыял чабыты, ой чабыты кенен, поэзия сүрөтү даана көрүнүп турсун. Саптардан от чачырап, кылычтай курч сөздөр чартылдап, үн чыгарсын. Көз алдыга тартылган картина өтө көркөм болуу керек. Бул атрибуттар С.Эралиевдин котормосунда бар.

Жамгырдуу күн

Бутка салып билерик,
Жалгыз чыктың сен кандай?
Турган күндө түнөрүп,
Жаздын тынчын алгандай,
Жалгыз кайда барасың,
Жапа чегип ар кандай?
Антология, 1-том,466-бет
Жүз жылдан соң

Жүз жылдан соң ырымды,
Окуп жаткан тууган бу —
Кимсиң? Билсем сырыңды,
Жүз жыл деген тумандуу!..
Келип сенин жаныңа,
Кайра тура калышка,
Кудуретим жетеби,
Жүз жыл деген алыс да?
Антология, 1-том, 467-бет

Жогоруда көрсөтүлгөн көркөм каражаттар менен жабдылбаса, котормо поэзиянын талабына жооп бербей калат. Уңгулуу уйкаш, так ыргак, таамай айтылган балбан сөз, терең ой, айкын тема, мазмундуулук, образдуулук — ырдагы моралдык категория. Көркөмдүүлүгү болбосо, Шакирдин чүргөгөн ырларына окшоп, ал поэзия болуудан калат.

Ичкич

Тең иччү элек, сен өзүң
Түнөбөйсүң үйгө түк.
Таң атканда келесиң,
Бар акчаңды түгөтүп…
Кымбат ичкен минутам,
Айтчу болсом негизин:
Кайгы-шатты унутам,
Бер, шараптын деңизин!..
Антология, 1-том, 469-бет

Поэзиядагы моралдык категорияны жүзөгө ашырыш үчүн акындын өзүндө белгилүү деңгээлде эргүү, сүйүү, эмоция, интуиция, кылдаттык, кыраакылык, даанышмандык, эрудиция, интеллект, маданият болуу керек. Буларды үстүртөн, тайкы караган, өзү айткандай «чала улпак, чала бадырак» жеп, чала окуп, чала түшүнгөн, анан кыр көрсөтүп котормо мастерлерине асылган, колунан кокон келбеген сарыооз мадырабаш — С.Эралиевдей залкарга асылып, от менен ойногусу бар.
Бул оорулуунун бөлмөсү,
Көлөкөсү талдын да,
Турат карап бир өзү,
Төшөгүмдүн алдында.
Түшкү катуу аптапта,
Мезгил суудай агышта,
Ал акырын каптайт да,
Кирет калың камышка,
Жүргөн шамал эмдиги,
Өткөн күндүн демиби?..
Антология, 1-том, 485-бет

Азыр кыргыз акындарынын көбү стих эмес, обонго оңой салына турган песня менен алек. Аларды орусча айтканда, стихотворец эмес, песенник дешет. Ал эми С.Эралиев башынан эле стих жазган акын. Анын обонго салынган ырлары сейрек. Демек, С.Эралиев бирден-бир силлабо-тоникалык акын. С.Эралиевдин мыкты котормолорун «начар ойногон оркестрдин музыкасына» салыштырган Шакир оркестрде кларнет, габой, фагот, тромбон, труба, арфа, виоленчель, скрипка, волторн, флейта, саксофон, контрабас, добулбас, аркыл аспаптар болорун, алардын аткарар милдетин музыкант болбогон соң кайдан түшүнмөк? Эл дарбыса эшек кошо дарбыйт дегендей, эл айтса оркестрди айтып калды да.

Есенинден:
Үч кошкон ат кошкурганда керемет,
Биздин өмүр бүтсө керек чабытын.
Эртең өзүм ооруп жаткан керебет,
Болот мүмкүн түбөлүктүү табытым.
Антология, 2-том, 372-бет

Адабияттын ичи Алайдын талаасындай кең экен, ичинде Шакирге окшогон кандай гана абийирсиз балдар жүрөт, аларда ыйык эчтеме жок, эне да, ата да, ага да, кудай да ыйык эмес. Кудай дөдөйгө туш кылбасын, кедей менен жол жүрсөң да дөдөй менен жол жүрбө, нанды нан деп, сыйды — сый деп түшүндүрө албай, алек болосуң. Андан ары: «Уитмен канында бөтөн цивилизация, бөтөн туюм туйлап турган өтө эле жаңычыл акын болгондуктан, ойкуп-кайкыган эркин куштай поэзиясы кыргызчалагандан кийин капаска түшкөн кушка окшоп калыптыр. Колго көнбөгөн канаттуудай капастын ичинде бырпырайт. Арийне, котормо аркылуу окурмандын жаңы табити козголуп, ал эми бизге окшогон «ыр чүргөгөндөрдүн» бүйрү кызып, жаңылык, тажрыйба үйрөнгүсү келет. А жеке менин көңүлүм Уитмендин кыргызчалаган ырларынан кадыресе кайт болду» деп бүтүм чыгарат.
Уитменди, Тагорду, «Василий Теркинди», «Полтаваны», «Мцырини», «Кырк кызды», «26 комиссарды», «Мария Стюартты», Фирдоусини которуу, ыр чүргөгөн Шакирдин колунан келет беле? Бул эмгектерге канча жылдар сарп болду экен? Эгерде буларды Шакир которсо, былжыраган саптарга ошондо урунмакпыз. С.Эалиевдин котормосунда «Жалбырактар»:

Менин керээзим
Биз дүйнөкор жана шылуун соодагер,
Карбаластуу көп жылдардын соңунда,
Так эсептеп бардык жыйган-тергенди,
Эми жөнөп кете берер кезинде,
Балдарына бөлөт жер-суу, там-ташын,
Керээз кылып оорукана,
мектептердин бирине,
Фонд, товар, акциясын калтырып,
Акча таштайт бирер-жарым досторго.
А мен болсом өмүрүмдүн соңунда,
Мен эчкимге керээз деле
калтырбайм —
Калбайт жер да, үй да, алтын,
асыл таш дагы.
Өткөн согуш жөнүндөгү эскерүүнү
бир канча,
Же күжүрмөн бивуактар жөнүндө,
Бир аз гана керээзимди калтырам…
Антология, 1-том, 401-бет

Цивилизациялуу америкалыктардын духуна сгарылган Уитмендин эркин ырын С.Эралиев сөзсүз эле кыргыздын жети, сегиз, он бир муундуу уйкашкан ырларына салуу керекпи? Анда ал Уитмендин поэзиясы болбой калбайбы? Деги, Эралиевден эмнени талап кылып жатат Шакир? «Эл баатырлары ушундай мамиле жасап жатса, мага окшогон кулпенделер эмнени гана кылбайт!» . Бул «кулпенде» кылаарын кылган соң оозуна келгенди оттоп жатат. «Адамзаттын рухий мурасына мындай мамиле кылгандарды маданияты өнүккөн элдер «интеллектуалдуу кылмышкер» дейт. Улуу акынды кылмышкер кылып, жазалагысы келип турат, а?

Бузулган аялга

Сен чоочуба, уялба — мен Уолт Уитмен,
Жаратылыш сыяктуу кубаттуу да,
март дагы.
Асмандагы күн жек көрүп салгыча
мен сени жек көрбөйм,
Сага суулар шарпылдап,
жалбырактар шуудурабай калгыча.
Антология, 1-том, 418-бет.

Уитменди, Тагорду которгон Эралиевге пикир айта турган болсо, поэзия критерийин билип туруп, сылык түрдө айтуу керек. Эми, анын өзүнүн котормосуна келсек, Гейнени тимеле тамтаңдаткан, а Лермонтовдун каармандарын «кекирейген, төрөпейил, менменсинген мүнөздө гүлдөр» деп түшүнөт экен. Лермонтовдун каармандарына мындай мүнөздөмө бериш наадандык. А С.Эралиевге асылуу эси жоктук гана эмес, эсиргендик!

Жамийла Кочкорбаева


1211.htm

1 CTP 15
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

02.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика