Аалам гезити

11.11.08

11.11.08
1 CTP 16

«Аалам», 11.11.08 — 10-бет: Полит-элита…•№76, 11.11.08-ж.

  Ыйман сыр

Т.Чынгышев
Эскерүүлөр: окуялар, адамдар
Ошо кезден эсте калган дагы бир окуяны айтып берейин. Жакын туугандардын бирөөсүнүн эр жеткен уулу бар эле, үйлөнтөлү дешсе айылдан ылайыктуу кыз чыкпаганбы же кан жаңырталы дешкенби, айтор, колуктуну алыскы Тянь-Шандан алып бермей болушту. Атамдын ошо райондо иштеп жүргөндө табышкан бир досунун бой жетип калган кызы бар окшобойбу, ошону ылайык деп табышты. А кезде автобусту бери кой, дегеле машине атмайдын өзү сейрек эле, Барскоондон Нарын тарапка ат менен гана жетпесе, башка унаа жок. Атам, келин алчу тууганыбыз жана мен болуп (ошондо сегизге келип калгам) үчөөбүз айылдан ат менен жөнөп чыктык. Мен минип алган ат менен кайтаарда колуктуну алып келмекпиз кыязы. Баарынан кызыгы, болочок куда тарап менен балдарын башын кошуу жөнүндө түк сөз болгон эмес, күйөө да, келинчек да бирин-бири көрбөптүр. Мен муну кийин билип жүрбөймүнбү. Бирок, биз ал жакта 5-6 күн туруп, келинди ала келгенибиз анык. Ошондон бери бул кишилер айылда, ынтымак-ырашкер бүлөлөрдөн болуп жашап келатышат, алдын мал, артын бала басып дегендей, очор-бачар болушту. Канат-бутак жайышты. Айылга барган сайын мен аларга жолугам, азыр чоң бүлөнүн атасы, чоң атасы болуп калган, баягы күйөө бала байкеге: «сизди ошондо ырас эле үйлөнткөн экем, мен аял алып келип бербегенде эмгиче бойдок жүрмөксүзбү, ким билет» деп тийишип калам. Убакыт дегениң салаа арасынан куюлган кумдай экен го чиркин, далай заман өттү, нечен суулар акты, эки чоң киши, кымындай бала үч атчан улуу тоолорду аралап, ашуу ашып, суу кечип, бирде чыйырлап бастырсак, бирде боолголоп отуруп, сапар тартып барганыбыз күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат. Мен анда жолду кайдан билиптирмин, атам мага аны кийин картадан көрсөтүп, айтып берип атпайбы. Көрсө Барскоон суусунун нугу менен өйдө кетиптирбиз, Керегеташты ашып, Үч-Эмчек суусуна түшүптүрбүз да, андан ары Балгарт суусун жээктей жүрүп олтуруп, Калмак ашууга жетиптирбиз. Андан ашып түшүп, кичи Нарын дайрасынын жээги менен ылдый кеткен экенбиз.
Аркайган аскалардын арасында эки түнөп, жетээр мерчемге чейин үч күндүк жол баскан экенбиз ошондо. Чоңдор мени түнкүсүн асканын шамалдан далда коңулуна жаткырышып, өзүлөрү кезек менен аттарды откозуп да, коруп да чыгышты, тынып алган аттар менен эртеси таң заардан алыскы сапарыбызды улаганбыз. Жол жүрүп баратып бир жолу атам мага күлүмсүрөй карап: «Кана уулум, жолду кыскартпайсыңбы же ат жалына казан аспайсыңбы?» деп калды. Анан жооп күтпөй эле өзү, эси жок балакай жөнүндөгү эски накыл кепти айтып кирди. Ал бала жол кыскарт десе жолду кетмендеп, ат жалына казан ас десе, казанды жалга асалбай жүдөгөн экен. Чынында бул унчукпай бастыргандан көрө кызыктуу аңгемеден кобурап бер, же аттан түшүп отурбай эле куржундун көзүнөн шам-шум эткенге бирдеме алып чыкчы деген өтүнүч эмеспи.
Ата-энелерибиздин орусча билим алуу жөнүндөгү оюн туура көргөн Кубулбек досум экөөбүз болсок ал жактагы мектепке кээде жөө-жалаң, кээде эшек минип каттап окуп жүрдүк. Жайкысын го эчтеке эмес дечи, кышында таң заардан, жылуу төшөктү таштап, туруп кетүү бөтөнчө куурал эле. Тамгага алып барчу ичке жол да оңой эмес, тереңдиги 200-250 метр келген Барскоон суусунун таштак сайы менен жүрүп отурууга туура келет, көлдүн тегерегинде мындай терең башка капчыгай жок экенин жергиликтүү тургундар жакшы билишет. Эми ошондо 11-12 жаштагы уйкусураган эки балакайдын кычыроон кыштын аяздуу караңгы таңында, сүрдүү капчыгайды аралап, шырт эткен үн чыкса, же караңдаган караан көрүнсө, элеңдеп коркуп баратышканын элестете бериңиз, ал кезде капчыгай ичи жырткыч жаныбарларга толо эле. Бир жолу демейдегидей, бир жарым чакырымдык эңкейиш чыйыр жол менен дарыя жакка, ылдый түшүп баратканбыз. Бир убакта алды жактан көзүбүзгө бирдеме көрүнгөнсүдү, кыймылдап жаткандай болду, үрүл-бүрүл таңкы караңгылыктан же даана байкалбайт. Жүрөгүбүз дүкүлдөп, досум экөөбүз кайда качаарыбызды билбей, турган жерибизде каттык. Ылдый боло түшүп, тикирейе карап калдык, билинер-билинбес шыбырт чыккансыйт, тобу менен бирдеме тургандайбы, айтор, кыймылдагансыйт, же караңгыдан даана көралсакчы. Тыңшасак, бирдеме какылдагандай. Кичине кайраттана түшүп жакын бардык. Карарган топтун ичинен бир караан өйдө боло калды, кудай жалгап киши экен. «Кимсиңер?» дейт. Жакын келип карасак жанагы карарган какылдагандар баканга байланган тооктор экен, кишиси болсо айылдын тоокторун уурдап, Тамганын базарына ташып сатып көнгөн неме окшобойбу.
Бизди окуталы деп көрбөгөн түйшүгү жок, баарына чыдаган ата-энелерибиз жөнүндө айтпай коюуга болбойт. Бир окуу жылында 7-8 ай болсо, биз кошуна айылга каттап, «азап тарткан» үч жыл бою таң супа салалекте, беш, беш жарымдарда төшөктөн туруп жүрүштү. Апам үйдөгү темир мешке от жагып, чай белендесе, атам болсо эшекти токуп коет, анан биз досум экөөбүз жолго чыгабыз. Ата-энемди эстеген сайын алиге дейре эреркеп барып токтойм, ичимен чексиз алкайм, мен үчүн жасаган эмгегиңерди актай алдым бекен атаке, энеке…
Толук орто билим алыш үчүн областтын борброру — Пржевальск шаарына барууга туура келди. С.М.Киров атындагы орто мектепте областтын бардык булуң-бурчтарынан келишкен балдар окучу, жатаканасы да бар эле, бирок ал кыздар үчүн гана болчу. Ошо кезде мектепте мыкты педагогикалык жамаат иштеп, билим деңгээли боюнча анын бүтүрүүчүлөрү Фрунзедеги айтылуу №5 элиталык мектеп менен теңтайлаша алышаар эле.
Р.S. Китепти алып окууну каалагандар, шаардын «Раритет», «Нуска» (Эркиндик гүлбагында жайгашкан) жана Акүйдүн китеп дүкөндөрүнө кайрылсаңыздар болот.
Оңдоо: Китептин газетанын №74 санында жарык көргөн үзүндүсүндөгү «Биздин эрага чейин 7-8-кылымдардагы» деген жери «Биздин эранын» деп окулсун.


Маселе коебуз
Чыңгыз Айтматовдун аманаты — ветеринардык эркин аймак Ысык-Көлдө качан ачылат?
Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен Евробиримдик Азия аймагында Ысык-Көлдө ветеринардык эркин аймакты ачуу белгиленген. Бирок бул ишти Кыргыз өкмөтү эларалык деңгээлде чечүүгө чамасы жетпей, беш жылдан бери маселенин башы ачылбай келүүдө. Ветеринардык эркин аймак ачылса Кыргызстанга пайда гана алып келмек. Бул маселе тез арада чечилбесе, Евробиримдик өз сунушунан баш тартышы да ыктымал.

Мындан 5-6 жыл мурда даанышмандык менен келечекти көрө билген Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен Евробиримдиктен атайын адистер Кыргызстанга келишип, Ысык-Көлдө Азия аймагында ветеринардык эркин аймакты ачууга макулдук беришкен. Бул демилгени чет өлкөлүк инвесторлор дагы колдоп, долбоорду каржылоого ниет кылышкан. Бирок Кыргыз өкмөтү эларалык деңгээлде Евробиримдик менен келишим түзүп, ырасмий түрдө ветеринардык эркин аймакты ачып бериши керек болчу.
Ветеринардык эркин аймак ачылса Кыргызстанга пайда гана алып келмек. Мындай аймакты ачуу үчүн Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Түркмөнстан, Иран, Пакистан, Индия жана бир нече араб өлкөлөрү да аракет кылышканы менен Евробиримдик Кыргызстанга гана макулдук берген. Мындай жагдай түзүлсө, Ысык-Көлдө эле 10-15 асыл тукум жылкы заводу ачылып, чет өлкөлөрдөн да инвестициялар келмек. Жылкынын асылдуулугу да артып, ат спортунун, туризмдин өнүгүшүнө да өбөлгө болмок. Өлкөнүн айыл чарба министрлигинин мал чарба жана ветеринариясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Сулайман Мамаевдин пикиринде бул маселе өкмөткө сунушталганы менен каражаттын жоктугунан чечилбей турат.
Бул аймакты ачуу үчүн кыргыз өкмөтүнө тийиштүү документтерди даярдап бергенбиз. Эларалык ветеринардык кызматтын адистери дагы келип кетишкен. Швейцариядан инвестор болууга макул болгон ишкерден дайын жок. Ал үчүн Ысык-Көлдө эл аралык талаптарга ылайык аэропорт болушу зарыл экен. Өкмөт тарап бул ишти 5-6 жылдан бери создуктуруп келатат.
Белгилүү саяпкер, коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин айтымында, Уралдан баштап Инди океанына чейин ветеринардык эркин аймак жоктугун эске алсак, Кыргызстанда мындай аймак ачылса, Европа, Азия жана араб өлкөлөрү да Ысык-Көлгө жыл боюу күлүктөрүн алып келип, карантиндик кызматтан өткөрмөк.
Же жайкысын аттарын Кыргызстанда бактырып, жылкы чарбаларын да ачып, жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылмак. Себеби, жаз-жай мезгилиндегигү ысык аптапка байланыштуу араб өлкөлөрүндө ат чабыш, аламан байге мелдештери өткөрүлбөйт. Ошондуктан асыл тукум жылкыларын ысыктан качырып, Европа өлкөлөрүндө бактырат. Бирок Европа өлкөлөрүнүн жаратылыш жагдайы да жылкыга анча жагымдуу эмес. Алар бир күнгө жылкы башына 100-150 америка долларынан баккан акысын төлөп турушат. Ал эми мелдешке катышаарга 90 күн калганда же сатыкка коеордо карантин кызматы үчүн ар бир күнгө 400-500 доллардан төлөөгө аргасыз болушат.
Кыргыз жергесинде болгон арабдар да жылкысын бул жерге арзан бактырууга абдан кызыкдар. Бул үчүн жогоруда айтылгандай ветеринардык эркин аймактын болуусу шарт. Коңшулаш казактар менен түркмөндөр ахалтекин күлүктөрүн айласыздан Европадагы эркин аймактарга алып барып барышат. Алар көп чыгымдарга чыдабай, күлүктөрүн арзан эле сатып жиберүүдө. Эгерде Ысыккөлдөгү аймак ачылганда алар да бул кызматтан пайдаланып, жем-чөбү да арзанга түшмөк. Бул жерде багуу акысы да Европа өлкөлөрүнөн бир кыйла арзан болмок. Мындан сырткары ат сырын билген саяпкердик өнөрдү баалаган адистер да кыргыз жергесинде оңой табылат.
Голландиялык жана бельгиялык ишкерлер өз күлүктөрүн Кыргызстанга алып келүүгө, атүгүл бул жерде биргелешип жылкы чарбасын ачууга да кызыгып жүрүшөт. Казактар Англиядан, Ирландиядан асыл тукум күлүктөрдү алып келип, бул тармакты кызуу колго ала баштады. Аларды көбөйтүп, кайра сатуу үчүн ветеринардык эркин аймактын күбөлүгү керек. Түркмөндөр да ахалтекин жылкыларын Ысык-Көлгө алып келип, бул аймактан карантинден өткөрүп, башка өлкөлөргө оңой сатышмак. Башка асыл тукум күлүктөр менен аргындаштырууга ынгай түзүлмөк. Өз алдынча асыл тукум күлүк багып, таптап саяпкерчилик кылган, эларалык калыс Кемел Ашыралиев жылкы чарбасын өнүктүрүү өзгөчө ыңгай түзүлмөк дейт:
— Жылкынын асылдуулугун сактоону, селекция ишин өкмөттүк деңгээлде чечип, 70тен ашык фермердик жылкы чарбаны көзөмөлгө алуу зарыл. Евробиримдик макулдугун бергенден кийин бул ишти Кыргыз өкмөтү жан-дили менен аткарып, аймакты ачуу керек болчу. Кыргызстандык адистер көп жыл бою селекциялык иш жүргүзүп, англиялык асыл тукум таза кандуу жылкы менен орустардын жергиликтүү жылкысын аргындаштырып, 1953-жылы ортодон кыргыздын жаңы асыл тукум күлүгүн алышкан. Азыркы учурда алардын тукуму да бузулуп, жок болуу коркунучунда турат.
Учурда асыл тукум күлүктөр дүйнө жүзүндө жогору бааланып, 100 миң доллардан бир нече миллион долларга чейин сатылып, күлүк күтүү барктуу болуп баратат.
Саяпкери жарашкан күлүктөр жана жорголор 20-30 жеңил машина утуп, асыл тукум жылкынын баасы жогорулады. Мисалы, көлдүк Абдымалик Акматбаевдин асыл тукум күлүктөрү 6 ай ичинде аламан байгеден 8 машина утуп бергени элдин эсинде. Ал эми Чолпонатанын «Патрон» атуу жоргосу 2 жылда отуздан ашуун жеңил машина байге уткан. Көкбөрүнүн мыкты аттарынын баасы да өсүп, коңшу казактар 10-15 миң долларга сатып алып кетишүүдө.
Кыргызстанда мурда асыл тукум жылкынын төрт түрүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүп келген. Өлкөдө учурда 350 миңдей жылкы болсо, фермердик чарбалардын эсебинен гана жылкынын саны көбөйгөнү менен сапаты начарлады дешет адистер.


1111.htm

1 CTP 16
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика