Агым гезити

08.02.08

08.02.08
2 CTP 20

«Агым», 08.02.08 — 12-бет: Каалга…•

  Каалга

Даярдаган Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ

Топтой тепкилешкен учуруңуз болду беле?
Руслан Сыдыков,
«Дордой-Динамо» футбол командасынын капитаны:
— Эми эркекпиз да. Андай учурлар да болгон. Бир жолу дискотекага барып калдык. Анда жаш кез болчу. Ал жерден кыз талашып балдар менен мушташа кетсек болобу. Топ бала мушташканын көрүп ал анан. Чаң-тополоңдун арасында ал балдар да, биз да бири-бирибизди топтой ийледик. Мындайлар көп эле болгон.

Жылаңач баатырды сүрөттөп бериңизчи?
Мурат Жакыпов, КР хоккей федерациясынын президенти:
— Колунда кокон тыйыны жок, артында аска тиреги жок, алдына койгон олуттуу максаты жок, бирөөнүн сөзү үчүн жан алакетке түшүп, бирөө үчүн буту күйгөн тооктой чыркырап, анысы өзүнө эч пайда бербеген адам.

Эмне үчүн баш кесмек бар да, тил кесмек жок?
Нурдин Мотуев, тележурналист:
— Кыргыздар эң биринчи сөзгө маани берип, аны туу туткан. Туура айтылган сөзгө кезегинде ааламды чөгөлөткөн өкүмзарлар да баш ийген. Жөнөкөй айтканда, таамай айтылып калган сөз эч өлбөйт, эч ким кесе албайт. Бирок, ал сөздү айткан башты кесип салса болгон. Ал эми айтылган сөз кылымдап эл ичинде кала берген. Ошон үчүн Көкөтөй, Куйручук, Жоошбай, Жээренче, Токтогул бүгүн да айтылып жүрбөйбү. Кыргыздар «Сөз айтылганча сенин кулуң, айтылган соң сен сөздүн кулусуң» дешет.

«Аял — шайтан» дегенге кошуласызбы?
Гүлшайыр Садыбакасова,
«Кыз Бурак» тобунун жетекчиси:
— Бул болбогон сөз, кошула албайм. Болгону бул сөздү диний адамдар аялдарды экинчи катарга коюу үчүн эле чыгарган. Себеби аялдардын акылы, турмуш тажрыйбасы, алдынала көрө билүүсү, иш жөндөмдүүлүгү өтө күчтүү болуп, ар коомдо эркектерден алдыга тургандыктан тээ патриархат доорунда аялдардын алдыга чыгып кетишинен коркуп эле эркектердин ойлоп тапканы.

«Бөтөн элге султан болгуча, өз элиңде ултан бол» дегенди кандай түшүнөсүз?
Эркин Бөлөкбаев, «Жашылдар» партиясынын лидери:
— Эң сонун түшүнөм. Бөтөн жерге барып, ал жакты таанып, билбей, аларга сиңе албай, тагырагы, алардын колдоосуна ээ боло албай зордукчул, баскынчыл, жек көрүндү хан, султан болгончо, өз элиңде, өз үй-өлөң төшөгүңдө карапайым жан бол дегендик. Дагы бир мааниси «сен өзүңдүн гана элиң менен эл болосуң, бөлөк эл сага кул болсо да эл болбойт» дегендик.

Сүйүүнүн көзү эмнеге сокур?
Кундуз Канатбек кызы, ырчы:
— Сүйүү болгондугу үчүн сокур да. Сүйүүгө байланышып алган соң анын кемчилиги да, артыкчылыгы да бир эле деңгээлде кала берет. Эгер өтө баалаган адамың болсо аны сүйгүчөктү ал бийик болуп жүрө берет. Ал эми сүйүшкөн соң, анын болгон сыры, дүйнөсү ачылат. Же тескерисинче. Бирок, мен али сокур сүйүүгө кабыла элекмин. Азырынча сүйүүмдүн да, махабатымдын да көзү ачык.

Желмогуздун чоңунан кичинеси тажаалбы?
Борончу Кудайбергенов, куудул:
— Сөзсүз да. Чоңу өзүн чоң сезип ишенимдүү жүрөт. Мага ким тең келе алат эле депчи. А берки кодо ошол чоңго жетиш үчүн жанталашат да. Анан тажаал атыгат. Мен да ушундаймын. Колтойгон кишилерден кем калбайын деп эле тырбалаңдай берем. Ошон үчүн мен да тажаал, өлө кыйынмын.

Уурулук кылып көрдүңүз беле?
Расул Маматкулов, ырчы:
— Кылгам. Алма уурдачубуз. Ал кезде колхоздун алма багы бар эле. Айылдан топ бала барып алып, шашпай тойгончо жеп, анан кароолчусу келе жатканда томполоңдоп качып жөнөчүбүз. Көрсө, кароолчу деле биз киргенде эле көрчү экен. Качан бутактарды сындырып, же ой келди жайылып киргенде кичине коркутуп койчу экен да. Андан башка ууру кылып көрбөгөм.


0208.htm

2 CTP 20
Click to add a comment
Агым гезити

More in Агым гезити

12.02.08

pr03.02.2020

05.02.08

pr03.02.2020

01.02.08

pr03.02.2020

28.01.08

pr03.02.2020

25.01.08

pr03.02.2020

15.04.08

pr01.02.2020

Защищено: 05.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 12.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 19.09.08

pr29.01.2020

















Яндекс.Метрика