Аалам гезити

06.11.08

06.11.08
1 CTP 16

«Аалам», 06.11.08 — 10-бет: Полит-элита…•№75, 06.11.08-ж.

Турсунбек Чыңгышев
Эскерүүлөр: окуялар, адамдар
(Башы өткөн сандарда)
Тарыхый маалыматтарга караганда анын хан ордосу да ушул жерде жайгашкан. Ынтымаксыз, бытыранды урук-уруулардын башын кошуп, күчтүү саясый түзүм түптөгөнгө жетишкен, Чыгыш Түркстан монголдоруна жана Мавераннахрдын шейбаниддерине каршы айыгышкан күрөш жүргүзгөн. Сырттан каптап келген баскынчыларга каршы жүргүзүлгөн күрөштөрдө кыргыз-казак эки элдин күжүрмөн ынтымагын бириктирүү аракети да алгачкы жолу Тагай бий — Мухаммед-Кыргыз тарабынан жасалган экен. Тарыхчылардын айтымында, 1517-жылы Барсханга кире бериш жерде болуп өткөн аеосуз салгылашта Мухаммед-Кыргыздын кошуну монгол ханы Султан Саид тарабынан талкаланып, өзү туткунга алынган. Беш жылдан кийин бошотулуп, кайрадан кыргыз мамлекетинин көз каранды эмес башкаруучусу болуп калган.
1524-жылы Саид хан Тагай бийди кайрадан карматтырып, өзүнүн ордосу алыскы Кашкарга жөнөтөт. Эл-жеринен айрылып, тогуз жыл бою эрксиз туткунда өмүр сүргөн бул улуу инсандын даңктуу жолунун бүтүшү да, акыреттик түнөк тапкан жайы да ушул Кашкарда болду.
Көөнө тарыхтын, менимче, ары кызыктуу, ары табышмак сырларынын бири — Барсхан шаарын ким, кай замандарда негиздеген — ушул соболдун башы күнү бүгүнкүгө чейин ачылбай келет. Бизге келип жеткен тарыхый жазма булактардан көрүнүп тургандай, Барсхан б.э. VIII кылымында эле ири, гүлдөгөн шаар болгон. Орто кылымда жашап өткөн географ-аалым Абусаид Гардизинин «Зайн-аль-Акбар» — «Шөкөттөлгөн кабарлар» эмгегинде (XI-кылым) Барсханда 6000 куралдуу аскер болушу мүмкүндүгү жөнүндө айтылат. Шаар Улуу Жибек Жолунда ыңгайлуу стратегиялык абалды ээлеп, Барсхан капчыгайы аркылуу Ысык-Көлдүн жээктерине ары-бери өткөндөрдү ким болбосун, толук көзөмөлдөй алат. Автордун Барсхан шаарынын негизделиши жөнүндөгү баян эткен уламышына ылайык, Александр Македонский б.э.ч. 334-339-жылдарда Персияны багындырып, чыгып кетиши мүмкүн болгон козголоңдун алдын алуу максатында, мартабалуу, ак сөөк үйбүлөлөрдөн адамдарды барымтага алган экен. Кийинчерээк Кытайга жана Индияга жүрүшкө аттанып кетип баратып, аларды Ысык-Көлдүн жээгинде калтырып кетүүгө мажбур болгон. Үйлөрүнө кайтып баруу үмүтүнөн түңүлгөн перс төрөлөрдүн уулдары бул жерде биротоло калышкан, өзүлөрүнүн ыкмасына салып шаар курушкан. Абусаид Гардизинин божомолунда, шаарды фарстар курганбы, демек, Фарсхан (Барсхан) деген аталышты да өзүлөрү ыйгарган болушу ыктымал.
Барскоон жөнүндөгү бул жана башка тарыхый фактылар кыргыз жана орусиялык тарыхчылар тарабынан ырасталган, энциклопедияда баяндалган. Мында белгилүү тарыхчы, академик В.Плоскихтин эмгеги чоң.
Жакынкы келечекте мамлекет Барскоондун тарыхы боюнча ири масштабдагы археологиялык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү акча каражаттарын таба алат деп ишенем, балким республиканын патриотторунан чыккан демөөрчүлөр да буга өз салымдарын кошушаар. Бул байыркы жердин кызыктуу тарыхынан башка айылды курчап турган кооз табигат жөнүндө ырларды, поэмаларды жазса арзыйт. Төмөн жакта көгүлтүр көл, өйдөдө арча-токойлуу ак кар тоолор шаңкаят. Өзүнүн китептеринде окумуштуу-саякатчы П.Семенов-Тянь-Шанский да бекеринен Барскоон капчыгайына тамшанып суктанбаса керек, ал эми орустун улуу кыл калем чебери В.Верещагин бул жерлерде болуп, өзүнүн айтылуу «Барскоон капчыгайы» картинасын жараткан, ал азыр Третьяков галереясында сакталуу.
Ата-тегим жөнүндө. Менин чоң атам Чыңгыш (1875-1947) колунда бар, турмушу бакубат адам болгон. Тап күрөшүнүн шарданы менен совет бийлиги аны да кулакка тартып, кудай жалгап алыска эмес, бул эле Караколдогу кыш заводуна кара жумушка айдаган.
Чыңгыштын улуу баласы Сагалы өз мезгилинин билимдүү адамдарынан эле, курулушуна жана түптөлүшүнө өзү активдүү катышкан Барскоон мектебинин биринчи директору болгон. Азыр айылдын чоң көчөлөрүнүн бири анын ысмы менен аталат. 1937-жылы республикалык масштабдагы мыкты адамдардын камакка алынуусу менен (Чоң-Таш бейити) бир эле мезгилде жергиликтүү активисттерди да камоо жүргүзүлгөн. Булардын арасында «эл душманы» катары аталган «Туран» партиясынын мүчөсү Сагалы да болду.
Соттун чечими жана анын атылгандыгы туурасында эч ким билген эмес, аялына да, балдарына да кабар жеткиришпеген. 1953-жылдан соң толук акталган. Кайсы жерде көмүлгөнү белгисиз. Өкмөттө иштеп жүргөн кезимде мен КГБнын жетекчилеринен чоң абама коюлган кылмыш ишин таап берүүлөрүн сурандым. Алып келип көрсөтүштү. Иш саргарып кеткен бир нече гана кагаздан турат экен.
Кайра-кайра үңүлө түшүп окуган менен, жыйналган материалдар боюнча эч кандай кылмыш жасабаган адамга, кайсыл жазыгы үчүн атылсын деген ырайымсыз өкүм чыгарылганына эч түшүналбай койдум. Чоң-Ташта казуу иштери жүрүп жатканда КГБнын төрагасы генерал Ж.Асанкулов мага Каракол шаарында да ушундай бейит бар экени туурасында колдоруна маалымат түшкөнүн, кийинчерээк ал жерди казса да болоорун айткан эле. Бирок кийинки окуялар муну турмушка ашырууга жол берген жок.
Чыңгыштын экинчи уулу Исакун , Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, көп жылдар бою бригадир, колхоздо башкарма болуп иштеп, 1989-жылы көз жумду. Чыңгыштын үчүнчү уулу, менин атам Асанбек айылдык мугалим эле.

(Уландысы бар)


Белгилүү акын, журналист жана редактор Акбар Рыскулов:
«Ар бир журналистте жүрөктүн цензурасы болушу керек»
(Башы 8-бетте)
Менде коммерциялык жилка деген такыр жок болсо керек, анткени өмүр бою коммерциядан алыс болдум. Эгер бир басылма ача турган болсом, тобокелге барбай, так эсеп-чот жүргүзүп, окурмандардын санын, киреше- чыгашаларын так эсептеп алыш керек. Азыр коммерция жагынан айырмаланган жаштар аз эмес. Эгер алар так эсептеп көрө турган болсо, алар менен иштешүүгө даярмын. Орустардын жанагындай жакшы салтын улантсак болот эле. Гезит чыгара турган болсом, кирди-чыкты эмес, калың, олуттуу чыгарууга абдан аракет кылаар элем. Башка өлкөлөрдө улуттуктан да бийик, наднациональный басылмалар пайда болууда. Кыргыз тилинде гана эмес, кыргыздын таламын талашкан орусча же англис тилинде гезит чыгарууга да мезгил жетти. Кыргыздын олигарх, меценаттарга «сиздер материалдык байлык топтодуңуздар, эми рухий байлык топтоого мезгил жетти» деп кайрылып кетээр элем. Меценаттарыбыз иштешем десе, мен иштешүүгө даярмын.
Азыркы басма сөздүн ичинен кайсынысына артыкчылык берип окуйсуз?
Кыргыздын гезит-журналын ырааттуу окуй албай калдым. Басма сөзгө жазылуу жакшы жүргүзүлбөй жатпайбы, күркөлөрдөн колума тийген сандарды окуп калам. Дайыма, үзбөй окуган гезитим — «Футбол экспресс» жумалыгы, «Спорт экспрессти» болсо, жумасына 2-3 жолу окуйм. Кыргыз тилиндеги гезиттерди окуп калсам, эң биринчи эле алардын грамматикалык, стилистикалык каталары, материалдардын жайгашуусу, көркөмдүк жагындагы мүчүлүштөрү дароо көзгө урунат. Эркин гезиттер сын пикирлерге толгон. Калыстык үчүн эки жагы тең камтылса жакшы болоор эле. Кыргыз телевидениесинин титриндеги жөнөкөй эле сөздөрдөгү каталардан да баш адашат.
Журналисттик иш сиздин чыгармачылыгыңызга терс таасирин тийгизген жокпу?
Журналисттик ишиме эч убакта өкүнбөйм. «Ленинчил жаштан» турмуштук жактан да чоң жетишкендикке ээ болдум ал убакта, үйбүлө курдум, үй алдым. Азыр ойлосом, ал кезде абдан катуу иштептирбиз. Өзүмдүн бир кемчилигимди көрдүм: баш редактордун орун басары, жооптуу катчыга мүмкүнчүлүк бербей эле бүт ишти өзүмө үйө бериптирмин. Материалдарды үйгө чейин алып келип, окуп, оңдоп, түйшүккө батыптырмын. Көрсө, бир кишиге анын баары көптүк кылат экен, жетише албайт экен.
«Ленинчил жашты» түптөгөндөрдөн Осмонкул Алиев чоң салым кошконун айтууга болот. Ал партфункционер да болсо керек. Жоомарт Бөкөнбаев мүнөзү өктөм, тап күрөшүндө да кайра тартпай иштептир. Тап күрөшү жылдарында алар наганын, куралын жанына алып жүрүп иштешчү экен. Согуш жылдары гезит жабылып да калды. Кийинки башкы редакторлор Айым Айтбаева, Шүкүрбек Бейшеналиев, Станбек Усупов… Бул жерден бир адамды өзгөчө белгилеп койгум келет, ал — «Ленинчил жашка» 19 жыл редактор болгон Калыбай Осмоналиев. Республикадагы көптөгөн журналисттер, анын ичинде мен да, ушул кишиден таалим-тарбия алганбыз. Абдиламит Матисаков, Мундузбек Тентимишов, Нуралы Капаров, Байма Сутенова, Мелис Эшимканов … сыяктуу таланттуу журналисттерди да атап кетким келет.Баамымда улуу муундагы журналисттер азыр кесиптик процесстерден четтеп калгандыгы байкалат. Анткени азыркы гезиттердин стили, жүргүзгөн иши алардын көз карашына туура келбей жатат өңдөнөт. Азыркы жаш кесиптештерим капа болбосун, бешиктен бели жаңы чыккандан баштап эле Чыңгыз Айтматов сындуу залкар, дүйнөгө атагы чыккан адамдарды сындоодон башташат. Ошондон улам жаш кесиптештеримдин агасы, жашы улуу кесиптеши катары — эгер коомубузда бүгүнкү күнү рух дүйнөсү жардыланып, элдин эстетикалык татымы төмөндөп, моралдык категориялары белгисиз болуп баратса, дал силер күнөөлүүсүңөр деп айтмакчымын. Азыр биздин журналистикада цензура жок, бирок ар кимде жүрөгүндө өзүнүн цензурасы болушу керек да. Эң негизгиси коом кандай болсо, анын журналисттери да ошондой. «Эшегине жараша тушагы» деп айтууга болот.
Азыр чыгармачылык менен алектенип жатасызбы?
Ишеналы Арабаев атындагы университетте студенттерге лекция окуйм. Бир өмүрдө үй салып, бала тарбиялаш, бала окутуш парз болсо, чыгармачыл адамга өмүрүндө бир роман жазыш парз болушу керек. Мен XVIII кылымдагы кыргыз тарыхы тууралуу роман жазып бүттүм, бирок жарыялай элекмин.Тарыхый роман жазыш өтө оор экен. Эми дагы бир аз убакыт өткөрүп, ал романды кайра дагы карап чыксам дейм. Кыргыз адабиятындагы роман жанрынын деңгээлин да жогорулатыш керек. Романымда андай тилегим канчалык деңгээлде ишке ашты, аны окурмандар баалашаар. Ырларым болсо азырынча мени таарынта элек. Эгер ырларымды таарынтып койгон болсом, ырларым мени кечирип койсун. Ырды өмүр бою таштабайм го деп ойлойм.


1106.htm

1 CTP 16
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика