Аалам гезити

05.12.08

05.12.08
2 CTP 16

«Аалам», 05.12.08 — 11-бет: Полит-элита…•

  Кол барбай турду көмгөнгө…

Күн чаңырып тургандай, курч төкмө эле Тууганбай
Таланттуу адамды адамдар өзүнө жакынсанап турат, талантың азайып же ошол талантыңды өз оозуң менен кемирип баштасаң — адеп таңгала карашып, сенден талант талап кыла баштайт, тымып калсаң — башкаларга караганда сени эки эсе жек көрүп калат. Бул турмуштун жөнөкөй теориясы. Тууганбай агабыз кыргыздын маңдайына бүткөн нагыз талант эле, өмүрүнүн этегине дейре элдин эки эсе сүйүүсү менен, эки эсе урматы менен жашады.

71 жыл жашады — кыргыз көөнө төкмөсүнүн «Акыркы Могиканы». Эстебес агабыз кетти. Ашыкем кетти. Эми минтип төкмөлөрдүн эң тунугу — акылы да, айтканы да курч, кыргыздын, чоңконун залкары дүйнө салды. Үшкүрүп бүтпөс куу жалган турбайбы. Казак туускандар айтып атпайбы — «Сендердин залкарларыңар биринин артынан бири кетип атыр го» деп. Өмүр-жашоо мыйзамы ушул болсо, эмне дейли…
Чыгаан агабыз өзүнүн табият тартуулаган талантын, көп жылдык эмгегин элге тартуулап, комузда кол ойнотуп, жагымдуу мукам үнү менен коомчулукка таанылган. Тууганбай Абдиев «Жаныш Байыш», «Курманбек», «Ак мөөр», «Карагул ботом» сыяктуу эл эпосторун жогорку чеберчиликте аткарып гана койбостон, өзүнүн төкмөлүк, шайырлык касиетинин күчтүүлүгү, курч сатиралык сөздөр менен оргуштаган таланты аркылуу өз талантын жогорку бийиктиктерге жеткирүү менен бирге, кыргыз маданиятында эч бир кайталангыс орду бар экендигин көргөзө алган. Төкмө акындык өнөрүнөн тышкары да ар тараптуу таланттын ээси катары таанылып, ак таңдай акын Раймалынын образын ийнине жеткире аткарып берген. Тууганбай агабыз, элибиздин фольклордук жанрын өнүктүрүүдө, көркөм эстетикалык табитин тарбиялоодо терең салымын кошуп, улутубуздун улуу инсанына айланган. Улуттук маданияттын калыптанып өөрчүшүнө терең таасирин тийгизгендиги баарыбызга маалым. «Өнөр алды кызыл тил дегендей, сөз адамдын биринчи куралы эмеспи, ак таңдай төкмө акын Тууганбай жалпы журтубуздун сыймыгына бөлөнгөн. Тууганбай агабыз, коркууну билбеген, жагынууну жат көргөн курч мүнөзү менен айрымаланып, жердеши кадимки Токтогул акынча коомдогу терс көрүнүштөрдү сындап, сөз берметин терип, кыш койгондой кынап, терең мазмунда өз оюн ачык билдирген. Кыргыз эли аны куйма кулак, нуска кепти бузбай таасын берген акын катары билишет. Тууганбай агабыздын азыркы учурда кыргыз журтуна өзү сыяктуу кеңири таанылып, атак даңкка жетип жаткан жаш төкмө акындардын жаңы муунун тарбиялады. Кечээ Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында төкмө акынды акыркы сапарга узатуу азасы болду. «Жигит өлбөс болсочу, булак соолбос болсочу» деп бекеринен айтылбаса керек. Тирүүсүндө адамдын баркын сезбей калат турбайбызбы. Аны акыркы сапарга узатууга анын ырларына сугарылган, талантына таазим эткен адамдар түрүлүп келди. Тууганбай аганын портрети өлбөгөндөй, өзү карап тургандай сезилип турат. Ал чындап эле өлгөн жок, өрнөктүү өлбөс эмгектери, мукам үнү, куйкум сөздөрү, жаркын элеси журтубуздун жүрөгүнө бек орногону чын. Залкар төкмө акыркы бир жылда оорлоп, дары күчү жетпеген дарттан — жүрөк оорусунан каза тапты. Каза азасында кыргыздын мыктылары жасалмасы жок сүйлөштү. Залкардын сөөгү Аларча көрүстөнүнө коюлду.

Аалы Туткучев, төкмө акын:
«Мен үчүнчү атамдан айрылып жатам»
— Тууганбай атабыз жөнүндө айта берсе сөз бүтпөйт. Кыскасы, кайгырганда, капа болгондо, кеңеш сурап барганда ушунчалык күч-кубат алып жаңырып калчы элек. Эми таяна турган эч кимибиз калбай калды. Аксакал акындарыбыз түгөнүп калды. Тууганбай атабыз акындардын ичинен эң биринчи болуп ажыга барып келген акындардын биринчиси болчу. Кудай таалам ажылыгын кабыл кылсын. Акыркы кезде төшөктө ооруп көп жатып калды. Ооруп жатканда жанында болдук. Ошондо жакшы пландарым бар эле деп көп сөздөрүн айтып, ордуна мени дайындап, алты айдан кийин келем деп кетти эле, келбей калды. Мектепте окуп жүргөндө атамдан ажырагам. Ата мээрими, көксөөсү толбой жүргөндө шаарга келип Ашыраалы, Тууганбай аталарды таптым эле, эми бүгүн үчүнчү атамдан айрылып жатам.

Замирбек Үсөнбаев, Кыргыз эл артисти:
«Кош, Туке»
— Нак акын деген илгертен келе жаткан, салт, нарк, дегеле улутка тиешелүү байлыктар болобу, алаамат болобу, жакшылык-жамандык келеби, дайым акындын жүрөгү аркылуу өтөт экен. Мына Тукем ошондой акын, ошондой инсан эле. Тукем, акындык өнөрдү көрктөп, ошону бутактатып, ошолорго жаңы-жаңы салымын кошуу менен бирге улуу залкарлардын Токтогул, Коргоол, Эшмамбет, Калык, Алымкул, Осмонкул аксакалдардын эл ичинде жүргөн эмгектерин, кийин эч кимди каражат берип жардам бербесе да өзү эле ошолордун ырларын эл аралап чогултуп, китеп кылып чыгарган. Демек, кыргыздын кийинки өсүп келе жаткан муунуна баа жеткис кенч жаратып кетти десек болот.
Эми кудай тааламдын буйругу ушундай тура, сынбасты жасабайт, өлбөстү жаратпайт экен. Канча аракет кылган менен шум ажал арабыздан алып кетти. Кайраттан башка арга жок. Кайгылуу күндө турсак да жүрөктөн ниет кылып коелу, Тукемдин аты эч качан өчпөйт. Тукем эл деген киши болгон, эл арасында жашай берет. Кош, Туке!

Элмирбек Иманалиев, төкмө акын:
«Акындыкта таамайлыгын эч ким кайталай элек»
-Тууганбай атабыздын башка акындардан айрымачылыгы, бөлөк акындардан өзгөчөлүгү арбын киши болчу. Анын ар бир жерде ырдап кеткен ырларынан сырткары элдин оозунда афоризм катары айтып жүрө турган саптарды төгүп көп айтчы. Ал кишинин ойлору поэтикалык ойлорго да жакын, кара жамак, төкмө акындык эле эмес, андан тышкаркы жактарды да камтыган жагы бар эле. Маселен, мындай бир ырдаганы бар:
Балыктарда тил болбойт,
Бакаларда жүн болбойт.
Көрүп билген жан барбы,
Көпөлөктө сүр болбойт.
Таянган тоосу энеңдин,
Тайкеңден ашкан пир болбойт, деген. Мына ушул ыр саптарын Тууганбай атабызга чейин да, андан кийинкилер да айта элек бир стиль деп айтсак болот. Андан сырткары, эң бир өзгөчөлүгү бул кишинин устаттыгы. Ушул тапта ырдап жүргөн жаш акындардын көпчүлүгүн өзү таптап өстүрүп, эл алдына алып чыгып жүрдү. Мен ошол кишинин шакирти болуп калганыма эки дүйнөдө ыраазымын.

Жеңишбек Токтобеков, төкмө акын:
«Миң ырдап, миң акын чыкса да анын орду толгус»
-Тууганбай Абдиев бизге атадай эле болуп калды. Бул киши өзү төкмөлүк өнөрдө жогорку орду бар. Миң акын жолун улап ырдасак деле, миң акын төрөлүп ырдаса деле баары бир Тууганбай атабыздын ордун толтуруш кыйын. Айтышта алдына акын салбаган казак-кыргызга таанымал төкмө болчу. 1995-жылы Манас атабыздын 1000 жылдык тоюнда айтыш болуп Тууганбай атабыз биринчи орунду алган. Ошол айтышта Эрмек Жуматаев деген казак акыны ырдап калат:
Бүгүн бүтсө, эртең айтыш менен кетем аулга,
Өлөң айтып желдетемин,
Чарчасаң Тууганбай бирге ала кетип,
Казактан кемпир тауп берип, эмдетемин, деп.
Анда Тууганбай атабыз айтат:
— Бар десең мейли барайын,
Сурансаң кантип калайын.
Ар кимге болбой убара,
Апаңды эле алайын, дейт. Ушундай чукугандай сөз тапкан учкул акын эле.
Былтыр ажыга да чогуу барып келбедикпи. Ооруп жатканда айттым, «бактылуу киши экенсиз, ажыга барып тазаланып наристе болуп келдиңиз» деп, анан тамашалап «анча-мынча калган окшойт, оору менен тазалап жатат» десем, күлүп «туура-туура» деп калчу. Менимче таза бойдон кетти, жаткан жери жайлуу болсун.

Азамат Болгонбаев, төкмө акын:
«Тууганбай агага эки дүйнөдө ыраазымын»
— Кыргыздын акындык өнөрү дүйнөдө шедевр деген наам алган. Ошол шедевр деген наамды алууга Тууганбай атабыздын эмгеги зор деп эсептейм. Анын казактарды минтип соккону али күнчө эсимден кетпейт:
-Казактан көрдүм кокуйду,
Кагаздан акын окуйбу
Эгер кагаздан акын окуса,
Кел, үчөөлөп окуйлу-деген тамаша-чыны аралаш айткан ыр саптары казак туугандардын намысына тийип мүмкүн, бир боордош казак туугандардагы айтыштык өнөрдүн өрчүп баратышына да таасир тийген деп ачык айтсак жарашат. Жеке мен үчүн орду толгус, кайталангыс орду бар, мен өмүр бою ошол кишинин эмгегине, мага кылган устатчылыгына мындан аркы өмүрүмдө карызмын.
Улуу залкар акыныбыз мезгилсиз дүйнө салды. Арга жок. Ажалдан улук жок тура. Бул чечен тилдүү төкмөнүн экинчи өмүрү эми башталат. Өзү «Залкарлар» китебин жазбады беле. Эми кийинки муун «Тууганбай залкар» китебин жазаары турулуу иш.

Күнболот Момоконов


1204.htm

2 CTP 16
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

02.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика