Аалам гезити

05.12.08

05.12.08
1 CTP 16

«Аалам», 05.12.08 — 10-бет: Полит-элита…•

  Айтматов ааламы

Балбай Алагушев:
«Чыкем күүнүн күйөрманы эле»
1962-жыл. Сентябрь айы. Ал кезде мен Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында редактор болуп иштөөчүмүн. Академик Азиз Салиев телефон чалып: — Балбай сенде маркум Молдокемдин (Карамолдонун) күүлөрүнүн тарыхтарын айта отуруп черткен күүлөрүнүн тасмасы бар экен. Өзүң жакшы билесиң, мен күү дегенде ичип жаткан ашымды таштай коюп угарымды. Мен Асанканды, Чыңгызды, Мухтарды чакырайын. Алар да угушсун. Эртең саат экиде кел, — деди Азиз Абдыкасымович. 15-сентябрда болжошкон убакта Молдокемдин тасмага жазылган күүлөрүн, үн жазгыч аппаратымды көтөрүп алып, азыркы Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жашаган Азиз агайдын үйүнө келдим. Келсем Асанкан, Чыңгыз, Мухтар агайлар бар экен. Ал кезде Чыкемдин «Тоолор жана талаалар повесттери» аттуу китеби чыгып, жазуучулардын, сынчылардын арасында кызуу талаш-тартыштарды туудуруп жаткан кези эле. Молдокемдин күүлөрүн угуза баштадым. Асакем, Азикем, Чыкем, Мукем Молдокемдин сөзүн, күүлөрүн үн катышпай ушунчалык кумарлануу менен угуп жатышты. Тасманын акырында Молдокемдин — «Бул күү өтүп кеткен балалыкка арналган — «Өттү, кетти балалык» деген күү» деген сөзү менен коштоп күүсүн уккандан кийин, 1961-жылы көмүрдүн исине ууланып өлгөн улуу акын залкар комузчу Токтогулдун кызы Гүлсара менен уулу Бабажандын темир ооз комуз менен комузга чыгарган «Атабыз болсочу» деген күүсүн угуздум. Күү бүтөөрү менен 34 жаштагы Чыкемдин эсине балалыктын балдай таттуу күндөрү түшүп кеттиби, ал: — Эми эле темир ооз комуз менен комуздун кайымдашып чертилген күүнү уктук. Ошол күүнү укканымда мен чоң энемди эстедим. Силер күлбөгүлө. Ар бир нерсенин турмушта тарыхы болот турбайбы. Биз жакта, Таласта темир комузду комуз, ал эми комузду чертмек дешет. Менин чоң энем айылда абдан барктуу, абдан кадырман киши эле. Өзү да өңдүү болчу. Мен кичинекей баламын, чоң энем болсо ал кезде 60 жашка чыгып калган куракта эле. Ал өтө сөзмөр, жомокту көп билген, жакшы айткан чоң жомокчу, темир ооз комузду да жакшы каккан шайырдан болчу. Чоң энемдин тийгизген таасири бүгүнкү күнгө чейин мага жардам берип келе жатабы деп көп ойлойм. Анткени кичинекейимден мени жомоккко көндүрүп, кийин менин жомокко өч болушума чоң энем таасирин тийгизди деп эсептейм. Себеби мен күн, түн дебей эле «апа, жомок айтып бер» деп жанын койбой кыйнай берчүмүн. А кишинин жомогу көп болор эле. Бирок, жомок да түгөнөт да. Анан айласы кеткенде «мен азыр тук этип алайын, анан түшүмдү айтып берем» дечү. Мен макул дечүмүн. Анан жаңыдан эле көзү илинип кеткенде: — «Апа тур-тур, түшүңдү айтып берчи — десем, — алда кокуй балам ай, жаңыдан көзүм илинип кетти эле, кичине кое турбайсыңбы» деп кейисе мен кыйнаймын. Анан апам бир нерселерди оюнан чыгарып айта берүүчү. Айымкан чоң энемди унута элекмин. Анткени ал мени жомокко үйрөттү. Экинчиден, темир ооз комузду жакшы ойноочу. Тээ жайдын толуп турган кезинде күн ысыкта, чак түштө мал жуушап, эл өзү менен өзү алек болуп көлөкө издеп жүргөн кезде, айылда эч ким жок. Айылдын четинде боз үйүбүз турар эле. Мен чоң энем экөөбүз үйдүн көлөкөсүндө отурчубуз. Чоң энем темир комузду какканда бүт дүйнөнүн баары бейпил болуп, асмандагы булуттар да көчүп келатып токтоп тыңшап калгандай сезилчү эле. Качан, кайсыл убакта темир ооз комуздун күүлөрүн укканымда чоң энем Айымкандын өңү-башын, сүйлөгөн сөздөрүн, жайкы күндөрдү эстейм. Мен муну менен эмнени айтмакчымын. Музыка, күү адамга жолдош. Биз аны көп сезе бербейбиз. Күүнү укканымда өткөн-кеткендерди эстейм. Көрсө, күүнүн таасири өтө күчтүү турбайбы. Анын жардамы менен өтөгөн өмүрүңдүн баардыгы көз алдыңа дапдаана тартылат тура.
— Чыке, ошол күүлөрдү ырахаттанып угуу менен бирге кээде ырдап да койчу экенсиз десем, ал:
— Ооба, ал турсун 1948-49-жылдары радиого да чыгып ырдаган күнүм күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мен орусча ырларды, кыргызчага которуп ырдоочумун. Ошол кезде жаштардын арасында «Выйди на крылечко, ты мое сердечко» деген орус ыры улан-кыздардын арасында өтө көп ырдалуучу. Мен окуган айыл чарба институтунун студенттеринин баары ооздорунан түшүрбөй кыргызча, орусча ырдашчу.
— Эсиңизде калгандары барбы? — десем Чыкем:
— Азыр эсимде калган саптары жок. Алардын жарымын казакча, жарымын калкатайым, малкатайым деп ырдоочумун. Бир жолу казак консерваториясынан айыл чарба институтуна бир профессор келип калды. Көрсө, ал ырдаган таланттуу жигиттерди консерваторияга тандап алганы келиптир.
Академик А.Салиев: — Сени алам дедиби? — деп собол узатканда Чынгыз:
— Жок. Мен аябай аракет жасадым. Консерваториядан келген мугалим бош аудиторияга отуруп алып балдарды бир-бирден ырдатып тандап атты. Эмнеси болсо ошо болсун деп мен да кирип күчүмүн бардыгынча ырдадым. Бирок, ырдаган ырымды аягына чейин ырдаган жокмун. Аракетим өтө күчтүү болду. Тилекке каршы андан эч кандай майнап чыккан жок, — деп Чыкем күлдү.
Ошол күнкү отурушта Бектур Осмоновдун чертүүсүндө комузчу Кошкулактын «Угузуу» аттуу арман күүсүн уктурдум. Кайрыктары жалаң муңга баткан күүнү Чыкем, Асанкан, Азиз, Муктар агайлар өзгөчө берилүү менен эргип угушту.
Аттиң ай, аттиң Чыкем бүгүн 46 жыл мурун тасмага жазылган үнүн, айткан кептерин укса, жаштыгын эстеп, кубанычтын кучагына батмак. Азыр болсо өкүнөсүң каласың, өткөндү кайдан табасың — деп кыргыз калкы кабыргаларын кайыштыра Чыкемди эскерүүдө.


  Акимге собол

Кара-Буура районунун акими Сарпек Эшалиев:
«Cырдуу булакты» Каныкейдин булагындай кылабыз»
Сарпек Ажибекович, карабууралык туугандардын турмушу жакшы дейсиз, сиздер тарапты бир аралаганда өз көзүбүз менен көрүп, күбө болсок деген изги ишеничибиз бар. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык маараке юбилейи кичи мекени болгон Сиздерде, райондо жана Шекерде кандай өтмөкчү, даярдыктар кандай?
Бизде атайын уюштуруу комитети түзүлүп, иш ырааттуу кетип жатат. Ар кандай ишчаралар мектептерде жүрүп жатат. Максат, биринчиден, улуу жазуучунун кичи мекени Шекерде объекттерди даярдоо. Учурда райондук маданият үйүн толук ремонттоо жүрүп жатат. Музейди да толук калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Музей эларалык стандарт боюнча оңдолууда. Музейдин экспонаттарын Чыңгыз Төрөкуловичтин айрым өздүк буюмдары менен толуктоо жагына аракет көрүп жатабыз. Мен бул боюнча жазуучунун жакын адамдары менен жолугуп, макулдугун алдым. Үч чакырымдык жолдун бир чакырымы аба ырайына байланыштуу бүтпөй турат. Буюрса эмки жазда бүтүрөбүз. Айтылуу «Сырдуу булакты» көзүн ачып жасап туруп, Каныкейдин булагындай кылып коебуз. Бул булактан улуу жердешибиз бала чакта далай чуркап келип суу ичкен экен. Кыскасы, маараке конокторуна уят болбогонго колубуздан келишинче аракетибизди жасап жатабыз.

Бахтияр Шаматов


Кол барбай турду көмгөнгө…
Акылдан акак сөз курап,
Ажайып дүйнө жараткан,
Айтматов аттуу ааламды,
Табабыз кайра каяктан?

Чынардай көркөм сөз курап,
Чыныгы дүйнө жараткан.
Чыңгыз аттуу дүйнөнү,
Чыркырап таптык каяктан?

Даңаза болгон элдерге,
Даанышман Чыкем өлгөндө,
Далбаалап акты жашыбыз,
Даабай турдук көмгөнгө…


1204.htm

1 CTP 16

Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

29.01.09

pr25.02.2020

27.01.09

pr25.02.2020

20.01.09

pr25.02.2020

22.01.09

pr25.02.2020

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика