Агым гезити

05.02.08

05.02.08
2 CTP 14

«Агым», 05.02.08 — 11-бет: Сандан санга: сериал..•

  Сандан санга: сериал

Назгүл Калмамбетова
Бейтаалай
— Койчу, эмне кылып атасың?! — деп Алтынай адегенде чочуп кетти.
— Я тебя хочу, любимая!.. — деген Даниярдын сөзүнө Алтынай анча түшүнө бербей, элейе карады. Айыл жеринде эч ким бири-бири менен орусча сүйлөшпөгөндүктөн Алтынай шаарга келгенде орус тилинен аябай кыйналып жүргөн. Шаарда жүргөнүнө жыл айланып калса да кээ бир сөздөрдүн маанисин баары бир анча түшүнчү эмес. Даниярдын «любимая» деген сөзү Алтынайдын кулагына өтө жагымдуу угулду. Бирок, кыз Даниярдын сандарын сылап, юбкасын өйдө түрүп атканынан чочулады. Жигиттин колдорун ары түртөйүн деди эле бирок, эркек тананын карылуу колдоруна күчү жетпесин түшүндү.
Буга чейин, ушул эле машинасынын арткы салонунда, дал ушул жерде далай кыздар менен дене кумарынын лаззатына баткан Даниярдын мындайга тажрыйбасы чоң экенин сүйүүгө мас болуп олтурган айылдык кыз кайдан билсин. Ал кызга өмүрү укпаган жагымдуу сөздөрдү айтып, жалынып-жалбарып атып кантип энеден туума жылаңач кылып чечиндирип койгонун Алтынай байкабай да калды. Жаш кыздын назик денесине Даниярдын жылаңач денеси тийгенде Алтынайдын бүткөн бою дүркүрөсө дагы, жигиттин эркине баш ийүүгө аргасыз болду. Данияр оюн ишке ашырууга киришти. Капысынан Алтынайдын көзүнөн от чагыла түшкөнсүп, «апа-а!» деп бир ирет катуу кыйкырып алды.
— Коркпо жаным… Эми оорубай калат… Мына, экөөбүз бириктик… Сен мендиксиң, мен сендик болдум… Жаным!.. Алтыным!.. — деп Данияр Алтынайды эркелетип, өөп-жыттагылап атты…
Машинада эки жаш таң атканча кайра-кайра сүйүү кумарына балкып атышты. Таң жаңыдан бүлбүл ата баштаганда гана кумарлары дагы эле кана элек Алтынай менен Данияр арга жок кийимдерин кийинишип, «Мерседес» ордунан козголду.
Жолдо келатканда Алтынай:
— Менин эмне иш кылганымды ата-энем билчү болсо… — деп келатканда, Данияр анын сөзүн бөлдү:
— Ушул айылдыктарды түшүнбөйм. Алар дагы эле жапайы бойдон жүрүшөт, цивилизациядан артта калышкан. Эскиче түшүнүк менен жашашат. Ошонусу мага жакпайт. Мунун эмнеси бар экен? Шаарда керек болсо, мындайды мектеп окуучулары да жасашат. Сүйүүнүн да өзүнүн этикасы, маданияты болот, — деди акылдуусунуп. Жигиттин сынын уккан Алтынай «чын эле жапайыланбайынчы» деп унчукпай калды. «Эми Данияр менден эч жакка кете албайт. Мен аныкы, ал меники болду. Мен аны эч жакка кое бербейм» деп бекем ишенген кыз, тагдыр ага келечекте кандай катуу сокку уруп, ый-муң, көз жаш алып келээри менен кенедей да иши жок эле, азыр.
Күндүн нуру жаңыдан жерге чачырай баштаганда гана Алтынай жатаканасына келди. Машинадан түшүп атканда Данияр Алтынайдын алкымынан жыттап, кан болуп калган салондун артындагы олтургучту көрсөтүп:
— Мен сага ыраазымын, биринчи жолу сендей таза кыз менен жаттым, — деди. Анан Алтынайдын колуна 1000 сомдук жалгыз купюрду карматты. Жигиттин бул кылыгына анча түшүнө бербеген Алтынай эмнегедир ал акчаны алгысы келбей, өзүн көчөдө денесин саткан сойкулардай сезип жиберди.
— Жок, мен албайм! Кереги жок! — деди таарына түшкөн кыз.
— Кантип кереги жок болсун, сен деген студентсиң да. Жаман ойлобо, мен сага ушинтип дайыма жардам берип турам. Албасаң, капа болуп калам. Алтынай, мен сени сүйөм! — деди Данияр, кара күчкө жылмайып. Жигиттин жадырап карап турганын көргөндө гана Алтынай акчаны алып, ичи элжирей Даниярды өөп-өөп ийип, өзүнө-өзү ыраазы боло машинадан түштү да, сүйгөнүнө кол булгалап жатаканага кирип кетти.


  Жаңырык

Асылбек Насирдинов, «Саамал» фольклор-этнографиялык ансамблдин жетекчиси:
«Комуз күүлөрүн укпай калдык»
— Асылбек мырза, алгач сөздү сиз жетектеген ансамблдин жаралуу тарыхынан баштасак.
— Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театрынын алдында эки ансамбль бар. Бири джаз боюнча, экинчиси биздин фольклордук ансамбль. Түзүлгөнүнө он жыл болду. Үч жылдан бери топту жетектеп келем. Жалпы алты адам эмгектенет. Кыргыздын бардык музыкалык аспаптарында ойнойбуз.
— Угушубузга караганда, «Саамал» фольклордук ансамбли чет элдик көп фестивалдарга катышып келесиңер. Барыш-келиш жол акысына кеткен чыгымдар кимдин мойнунда? Кайсы мамлекеттерде болдуңар?
— Европа, Америкада өткөн фестивалдарга катыштык. Жакында Японияда болуп кайттык. Баргандагы башкы максатыбыз — кыргыздын музыкасын, маданиятын чет элдиктерге таанытуу. Кеткен чыгымдар фестивалдын деңгээлине жараша болот. Эгерде, фестивал абройлуу, чоң масштабда өтө турган болсо, бардык чыгымдарды уюштурган тарап көтөрөт. Андан сырткары эмгек акы төлөп беришет.
— Сыр болбосо, эмгек акы кандай?
— Ар бир мамлекеттин эмгек акы боюнча өзүнүн жол-жоболору бар. Мисалы, Европа өлкөлөрүндө биздикиндей эле айлык төлөнсө, Америкада ар бир саатка эмгек акы аласың. Ал эми чакан фестиваль болсо, жатакана, тамак-ашка кеткен чыгымды уюштурган тарап көтөрсө, биз жолкиребизди өзүбүз табышыбыз керек. Мындай кырдаалда төлөнүүчү гонорардын суммасын эсептеп чыгабыз. Эгерде, гонорар чыгымды жабалбаса, анда демөөрчү издөөгө туура келет. Кандай кырдаал болбосун, жылына жок дегенде бир жолу чет мамлекетте болуп келебиз. Ар бирибизге орто эсеп менен 1000 доллардын тегерегинде гонорар төлөнөт.
— Бизде болбой калды дегенде драмтеатрда, алды филармония, спорт ордосуна концерт коюшат. Бөтөн өлкөлөрдө концерт кандай жайларда өтөт экен?
— Биз кыдырган мамлекеттерде шарт такыр башка экендигин байкадык. Арбир театрдын интернет баракчасы бар. Эки-үч ай мурда интернет-сайтка жарыя берилип, билеттер сатылат. Көбүнчө концерттер чоң сахналарда эмес, 40-50 кишилик жайларда өтөт. Фестиваль болгондон кийин бирканча өлкөлөрдөн өнөрпоздор келишет да. Ар бир мамлекеттен келген өнөр адамдарын кичи залдарга бөлүштүрүшөт, ошол жерден концерт беришет. Жыйынтыктоочу концерт болгондо гана чоң залда өтөт. Эсте калганы, Лондондо опера театры бар, ошол жерде чоң фестиваль болгон. Ага Борбор Азия мамлекеттеринин өнөр адамдары келишкен. Бир жолу Америкага бозүйүбүздү тигип, улуттук тамак-ашыбызды жасап, америкалыктарды коноктогонбуз. Концерт койдук. Ошондо Кыргызстан жөнүндө такыр маалыматы жок америкалыктар биздин өнөрүбүзгө баа беришип, кең ааламда кыргыз деген улуттун бар экенин билишти. Бул мен үчүн чоң сыймык.
— Азыр сахнаны жаш ырчылар ээлеп алышты. Көпчүлүгү кафе-ресторандарда, тойлордо ырдап, концерттерге катышып акча табат. Анын үстүнө элибиздин табити башка нукка бурулуп, жеңил ырларды көбүрөк угуп калдык. Комуз күүсүн, фольклордук чыгармаларды угайын деген жан жокко эсе. Мындай шартта силер кантип жанбагып атасыңар?
— Жетекчи катары төрт миң сомго чейин айлык алам. Көбүнчө туристтик компаниялар менен иш алып барабыз. Бизге келген туристтерге өнөрлөрүбүздү көрсөтөбүз. Сен айткандай, кыргыз той өткөрсө, эстрада ырчыларын чакырышат, бизди ойлоп да коюшпайт. Эмне себептен кыргыз комуз күүсүн уккусу келбейт? Ушул нерсе мени намыстантат. Менимче, мунун баары тең убактылуу болсо керек. Кандайдыр бир мезгил өткөндөн кийин кыргыз элим нукура музыкалык аспаптын коштоосунда жаралган чыгармаларды угарына ишенимим зор.
— Канткен күндө да эстрада жанры биздин табитибизден орун алып калбадыбы. Ошону менен эле бирге бул тармакта атаандаштык күчтүү. Өз ордуңарды таап, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн кандай иштерди жасап атасыңар?
— Чопо чоор, чогойно чоор, сыбызгы чоор, жыгач ооз комуз сыяктуу музыкалык аспаптарды өзүм жасап, бул инструменттерде ойной алам. Мындан жети жыл мурда биздин ансамблдин альбому чыккан экен. Андан бери чыкпаптыр. Жакында эле жаңы альбомубузду чыгардык. Анда эски күүлөрдү, ырларды кайра иштеп чыгып, жаңы өмүр тартууладык. Негизи эле эстраданын багыты көп да. Биздин башкы максатыбыз — кыргыздын музыкалык аспаптарынын коштоосунда жаралган чыгармаларды калың элге жеткирүү. Албетте, түпмаңызын жоготпой, эстраданын коштоосунда. Жакында продюсерлүү болдук. Мындан ары ишибиз алга жылат деп турам.
— Эски ырларга жаңы өмүр тартууладык деп атасыз. Конкреттештирбейсизби?
— Саидбек Муратов деген кыякчы болгон. Совет доорунда биздин өлкөгө биринчи жолу «Победа» машинасы келгенде аны жоргого салыштырып, «Жеңиш жоргосу» деген ыр чыгарыптыр. Ал чыгарма унутулуп кеткен эле. Эми бул ыр ансамблдин коштоосунда жаңырмакчы. Мындан сырткары чоор менен коштолгон «Балбал түн», комуз менен ойнолгон «Чабарман» деген чыгарма жараттым.

Маектешкен Нурканбек КЕРИМБАЕВ


0205.htm

2 CTP 14
Click to add a comment
Агым гезити

More in Агым гезити

12.02.08

pr03.02.2020

08.02.08

pr03.02.2020

01.02.08

pr03.02.2020

28.01.08

pr03.02.2020

25.01.08

pr03.02.2020

15.04.08

pr01.02.2020

Защищено: 05.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 12.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 19.09.08

pr29.01.2020

















Яндекс.Метрика