Агым гезити

05.02.08

05.02.08
1 CTP 14

«Агым», 05.02.08 — 10-бет: Алымовдон ањгиме..•

  Алымовдон аңгиме

Рыспай Абдыкадыровдун «Түгөйүм», «Таанышыңдай карагын», «Эсиңдеби» аттуу белгилүү ырларынын сөзүн жазган Жакшылык аба менен бир маектешсем деп жүрчү элем.
«Рыспай Абдыкадыров акча аяганды билчү эмес»
Жакшылык аба, «Түгөйүм» деген ырыңызда «Жүрөгүмдөн кайнап буу бүркөт» деген сөздү кайдан алгансыз?
Жаш кезде бирөөнү сүйүп турганыңда укмуш сезимге, сөзгө бай болосуң, ошондо келген сөз да. Обон чыккан биринчи ырың болсо түбөлүккө эсте калат экен. Анда университетте экинчи курста окуп жүргөм. Бир жолдошум экөөбүз жатаканага келсек, «Ыр канатында» радиоберүүсү болуп, ошондон «Түгөйүм» ырдалып жатыптыр. Аваз Ибаков деген досум, «Ай, Жакшылык, мобу баягы биз ырдап жүргөн ыр го» деп тыңшасак, чын эле ошо мен жазган ыр. Эртеси «Кутмандуу күндөн» кайра уктук. Обону жакты, көңүл көтөрүлдү. Кыргызда бир ылакап бар эмеспи, «менин биргат болгонумду кайындарым укту бекен?» деген, мен да ошентип ойлоп эки жакка карап коем. Кийин Рыспайга кат жаздым, үч-төрт күндөн кийин телефондон сүйлөшүүгө чакырды. Экөөбүз ошондо таанышып сүйлөштүк. Ал дароо эле «дагы бир ыр жазып берчи, бирок ырдын аягы «таанышыңдай карагын» деген сөз менен бүтсө» деди. Мен дароо эле ырга отурдум. Жазып бүтүп жолдошума окутсам, «жакшы эле экен» деди. Ырды Рыспайга салып жибердим. Кийин ал обон чыгарып, анысын жаздырганы Фрунзеге келиптир. Издешип жүрүп, акыры табыштык.
Ошо кезде канчада элеңиз?
Жыйырма экиде.
Анда «Түгөйүмдү» жыйырмаңызда жазган турбайсызбы?
Бул ырды ошо кезде «Ленинчил жашта» иштеген Нурпаис Жаркынбаевге алып бардым. Ал «гезитке басып койчу неме турбайбы, таштап кет» деп алып калган. «Түгөйүм» ошентип гезитке биринчи чыккан. Эми бул ырды Рыспай кантип окуганын айта кетейин. Рыспай да биринчи аялына үйлөнгөн кези экен. Өзгөн театрында иштеп, ижарада жашап, көчүп-конуп жүрүптүр. Ошентип дагы бир ижарага көчүп, керебеттин үстү ачык калбасын деп гезиттерди алып келип чаптап коет. Ошондо баягы «Ленинчил жашка» чыккан «Түгөйүм» керебеттин баш жагына туура келип калат. Анан жатып-туруп эле ошону окуй бериптир. Бир күнү Абдыкерим Алымов деген жолдошу экөө бир жактан келип, такыр уктай албай, аккордеон тартып отуруп, биртопто баягы ырга обон жаратат. Абдыкеримге ырдап берет. Ал да жактырып, кийин концерттерде ырдап жүргөн кези экен.
Ушул ырыңыз үчүн гонорар алдыңызбы?
Агезде акчанын артынан кууган жок элем, актай барактай элек. Рыспайга радиокомитетте иштегендер аябай жан тартып турушчу. Ал ырды жаздырып чыккандан кийин дароо эле келишим түзүп, гонорарды ошо замат колуна алчу. Мен бир да жолу мага төлөгүлө деп айткан эмесмин. Бир жолу тааныштар «Түгөйүм» алтын фондуга өтүптүр, сен деле барып акча талап кылбайсыңбы деп калышты. Ошогездеги маданият министрлигине сектор башчысы Мар Байжиевге барсам, ал «Түгөйүмдү» канчаңар жазгансыңар, Какен Алмазбеков мен жазгам деп келип жүрбөйбү» деди. «Ой байке, мен эле жазгам, мынакей» деп блокнотумду алып чыгып көрсөттүм. Ал «арыз жаз» деди. Ошондо биринчи жолу ырым үчүн 70 сом алдым. Кийин мен үйлөнүп, Ортосай айылы жакта ижарада жашап калдык. Бир күнү эле жазга маал аккордеонун асынып, кара портфелин көтөрүп Рыспай келатат. Ошондон кийин ал биз менен чогуу туруп калды. Көрсө, аялы менен пикири келишпей, бардыгын таштап биякка баса бериптир. Рыспайдын оң жак мүрүсүнөн бир бези жарылып, сары суу чыгып турчу, аны менин аялым врач болгондуктан, тазалап, таңып берчү. Ошо безди алдырам деп доктурга жатып калды. Палатанын Оңол деген медсестрасы ошерде иштечү. Бир жолу барсам, көзү бузулуп калыптыр. Мен «болду-болбоду ушуну алганы калыпсың, албай эле койчу» десем болбоду. Рыспай Оңолго үйлөндү, ижарага чыгышты. Ошондон тарта Рыспай экөөбүздүн мамилебиз солгундай түштү. Кийин көп эле жолу жолуктук. Ал радиого ыр жаздырганы барганда мен аккордеонун көтөрүп, узун-кыска болуп ээрчишип алар элек.
«Эсиңдеби» деген ырды экөөңөр мелдешип, сиз сөзүн, Рыспай обонун жазган деп уктум эле, ушуну өзүңүздөн уксак.
Мен драмтеатрда, анан кенаф фабрикасында иштеп, окуп да жүрдүм. Түйшүк чачтан көп. Рыспай Ортосай жакта биз менен чогуу жашайт. Бир күнү ал бир жакка барып келип эле, «Ой Жаке, сен аз иштейсиң» деп калды. Мен аны Ысы деп койчумун. «Ай, Ысыке, менин эмне кылып жүргөнүмдү күнүгө көрүп жүрөсүң, иштеп, окуп атсам кайсы убакта ыр жазам?» десем, «Ай, Жаке, катуу тийип калды окшойт, ээ» деди. Бирок мен намыстанып калдым. Түнкү ондор чамасы эле, мен ага «Ай, Рыспай, анда мындай кылалы, сен жат, бирок убакытты белгилеп коелу, мен бир ыр жазып көрөйүн. Ыр жакшы чыгып калса, мен канча убакытта ыр жазсам, сен да ошончо убакытта ага обон чыгарасың, болбосо…» деп аягын эркекче бүтүрдүм. Ошентип саатты карап, мен ыр жазганга отурдум. Эске шак эле Ысыккөл түштү. Айдын жарыгында, көл жээгинде ыракаттанып басып жүргөн кыз-жигитти элестетип, кыял асманга учуп, ыр жазып бүттүм. Ыр бүтүп, убакытты карасам, жыйырма мүнөттөй эле өтүптүр. Адам өзүнүн акыл-эсин бир жерге жыйып кыйнаганда, кысылып бирдеме чыга калат окшойт. Рыспайдын буту төшөктөн чыгып жатыптыр. Аны бутка тээп, «тур, Рыспай, саатыңды кара» десем, «жыйырма мүнөт өтүптүр» деди. «Ме, мобуну жаздым» деп ырды бердим. Ал үч-төрт сыйра окуду. Окуп бүтүп эле, «айланайын Жаке, мурда кайда жүргөнсүң?» деп мени кучактап калды. Аккордеонду дароо эле алып, текстти карап үч-төрт мүнөт отурду. Адегенде кичине машыгып, биринчи аккордду тартканда эле обондун биринчи сабы кетти. Ошентип тияк-быягын оңдоп-түздөп, ырдын обону бат эле даяр болду. Рыспайдын артыкчылыгы, жакшы көргөн текстин обон чыгып бүткүчө эле жаттап алчу. «Эсиңдебини» ырдай баштаганда үй ээлеринин балдары, өздөрү келе башташты. Обон баарыбызга жакты, жатып алгандар кайра турушту.
Рыспай обонду канча мүнөттө чыгарыптыр?
Он сегиз мүнөттө. Мен оюмда жыйырма беш мүнөткө барса деп аткам. Эртеси Тельман Сыдыков деген гобойдо ойногон музыканттын жатаканасына жөнөдүк. Аны алып, ырды радиого жаздырганы баарыбыз жөнөп калдык. Кумар Жумабаев деген режиссер «Рыспайдыкын жазбаганда кимдикин жазабыз» деп, биринчи дублда эле ыр жакшы түштү. Үч дубль жаздырдык. Ошо күнү кечинде эле бир радиоуктуруу «Эсиңдебини» беришти. Ошондон бери эл оозунан түшө элек. Рыспай «Сага», «Жатты улап», «Энекем» деген ырларыма да обон чыгарган. Рыспайда башкаларда жок жакшы касиеттер көп эле. «Эсиңдебини» жаздырып бүтүп, дароо эле кассадан эки ыр үчүн 180 сом алдык. Рыспай бир костюм-шым, бир көйнөк, бир плащ менен эле келген. Биз универмагдын жанына келгенде, «жүрү, беш мүнөткө» деп ага кирип, жакшынакай костюм, эки көйнөк, бир кучак журнал, пластинка алды. Рыспай акча аяганды билчү эмес. Андан кийин тамак ичтик, калганын айтпай эле коеюн эми. Ушу жерде айта турган нерсе, Рыспайдын алтымыш жылдыгы белгиленгенде, Абидин Темиров сахнага чыгып алып, анын ичкенин айтып атат. Рыспайдын ичкенин ошол эле көрүптүрбү, же стакандарын жыйнап жүрүптүрбү. Бир да киши ушу кезге чейин Рыспайдын ичкенин кеп кылбайт.
Рыспайдын аялы Давлеттей аялзаты да миңден бир жаралса керек. Мен аны кыз кезинде көргөм, муңайым, сулуу кыз эле. Өнөрпоздордун республикалык жыйынына келген Рыспайга дароо эле «сен ушу кызды аласың, көзүң бузулуп калыптыр» дедим. Кийин Бөкөнбай Боркеев жазган «Рыспай» деген китепте Давлет кандай аял экенин даана ачып бериптир.
Бир жолу биздин үйгө күздүн күнү чоочун машине келди. Бир аял түшүп, «Жакшылык деген кишинин үйү ушубу?» деди. «Ооба» десем, «мен Рыспайдын аялынын курдашы болом, аялы сизди Рыспай жөнүндө эскерүү жазып берсе деди эле» деди. Мен алма сорттоп отургам. Тияк-биякты аралап жүрөт, «бу кандай катын?» деп коем. Эскерүүнү азыр жаз дегенге макул болбодум. Өзүм мурунку күнү ичип, кебетем келишип, сакал-мурут алынбай турган. «Анда эртең келейин, чолоңуз тийгенде жазып бериңиз» деп кетип калды. Он беш мүнөт өтүп кайра келди, «мен биротоло эле ала кетпесем болбойт» деп бир бөтөлкө арак көтөрүп алыптыр. Кыраакы аял экенин ошондо билдим. «Момундан басып алсаңыз эле жазасыз» деп кирди. «Ой, мен сенден арак сурап атамбы?» десем, «жок, сизди сыйлап, урматтап келдим» деп мени сөз менен жыга чапты. Ошондон кийин «мен Давлетмин, Жакшылык аке» деди. «Бая эле ошентип айтпайсыңбы» дедим. Дароо эле отуруп эскерүү, Рыспайга арналган ырды кошо жазып бердим.

Аскер САКЫБАЕВА


  Сен жөнүндө сегиз сап

Адам катары белгисиз. Ишмердиги жакшы. Бирок колбала…
Бүгүнкү сегиз саптын сынында КР 1-вице премьер-министри Искендер Айдаралиев
Абдыгул Чотбаев, шааркеңеш депутаты:
Ал киши менен таптакыр тааныштыгым жок. Менимче, тапшырылган кызматын кудайга шүгүр аткарып жатат. Албетте, ал кишини акаевдик кадр, же мурдакы бийлик камчысын чапкан дей бергенде болбойт. Эң башкысы, өлкө үчүн иштеп жатат. Учур бийлигинин ушундай бир жаман саясаты жүрүп атат. Кайсы министрлик болбосун жерге, регионго бөлмөй күч. Бул киши ошондон бийигирек. Ал эми адам катары биле албайм.

Тайырбек Сарпашев,
«Туран» партиясынын лидери:
Абдан жакшы адам. Ишбилги. Мен ал киши менен көп иштешем. Чечкиндүү, шар, ар кадамын ойлонуп жасайт. Мамлекет үчүн көп жерде чечкиндүүлүк кылган.

Аликбек Жекшенкулов,
«Акыйкат үчүн» кыймылынын координатору:
Ал киши учурунда Акаевдерге, анын үйбүлөсүнө бөтөнчө жакшы кызмат кылган. Бүгүн Бакиевдерге андан ашыра иштеп берүүдө. Бирок ушуга дейре мамлекеттик кызматкер катары өзүн көрсөтө алган жок. Болгону, кимге болбосун колбала болуп келет. Өткөн шайлоо учурунда бийлик үчүн баарына барарын көргөзүп койду. Мунусуна башка тургай өзүнүн Талас эли ачык эле нааразы. Анүстүнө азыркы бийлик бу киши өңдүү Түндүк уулдарын колуна кармап, «мына теңсалмактуулук» деп жатат. А мындай кишилер тең салмакты кармоочу фигура эмес. Күн тийген жердин гана күкүгү.

Акматбек Келдибеков, экс-депутат:
Ал кишини Ысыккөлдө УКСти жетектеп турган кезинен бери билем. Ишинде абдан жөнөкөй, тажрыйбалуу, билимдүү. Адамдык сапаты да бийик.

Марат Жумабеков,
Баткен облусунун губернатору:
— Мен ал кишини Жалалабатта губернатор болуп турган кезинен билем. Ал киши эң башкысы практик адам да. Ошонусу менен жалалабаттыктарга жаккан. Өзү шаан-шөкөттү көп жактыра бербейт. Иш жаатында билимдүү, интеллигент, чоң даярдыгы бар адам.

Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ


0205.htm

1 CTP 14
Click to add a comment
Агым гезити

More in Агым гезити

12.02.08

pr03.02.2020

08.02.08

pr03.02.2020

01.02.08

pr03.02.2020

28.01.08

pr03.02.2020

25.01.08

pr03.02.2020

15.04.08

pr01.02.2020

Защищено: 05.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 12.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 19.09.08

pr29.01.2020

















Яндекс.Метрика