Аалам гезити

04.11.08

04.11.08
1 CTP 16

e:\0755\1104_10.htm
<---------------------------------------------------------------------->
«Аалам», 04.11.08 — 10-бет: Полит-элита…•№74, 04.11.08-ж.

  Ыйман сыр

Турсунбек ЧыНгышев:
«Воспоминания: события, люди»
Гезитибиздин өткөн санында КРнын экс-премьер-министри Т.Чыңгышевдин жогорудагыдай аталыштагы китеби жарык көргөнүн учкай кабарлаган элек. Китепте жалпы окурман журтун кызыктырган көп окуялар камтылгандыктан, автордун макулдугу менен айрым жерлерин кыскартып, сандан-санга кыргыз тилине которуп жарыялап турууну чечтик. Эгемен Кыргызстандын жаңы тарыхындагы алгачкы эң оор 1992-1993-жылдары өкмөттү жетектеген белгилүү саясый жана мамлекеттик ишмер Т.Чыңгышевдин ыйман сырларын баяндаган бул китеби окурмандарыбызды көңүл кош калтырбайт деген ойдобуз.

Эскерүүлөр:
окуялар, адамдар.

Ата-энем — Асанбектин жана
Сайранын жаркын элесине арнайм

Кириш сөз

Достор, тааныштар мага эскерүү китебин жазуу жөнүндө эчактан бери айтып келишти, канчалаган маанилүү окуяларга түздөн-түз катышып, күбө болгонумду, чынында ал окуялардын кандайча болуп өткөнүн билүү окурман журту үчүн кызыктуу экенин кайра-кайра эстетип жүрүштү. Жашырганда эмне, бул туурасында өзүм да ойлогом, бирок маалы чыкпай, улам кийинкиге калтырып жаттым. Муну чыгынбагандан же убакыт жетпегенинен деп айталбайм, өткөндү чынында кызыктуу кылып баяндап бераламбы, башкысы, айтайын дегенимдин баарысын: өзүмдүн жеке жана коомдук турмушум, тагдырдын амири менен катышып, күбө болууга туура келген окуялар, бирге иштешкен жана кезигишкен адамдар туурасында жетээрлик даражада калыс айтып бере аламбы, сарсанаа тарттырган да, күдүктөнткөн да ушул болду.
Ой тунук болсо анын айтылышы да иреттүү деген сыңары, керектүүсүн керектүүдөй кылып айтып бералган авторлордун гана китеби мыкты чыгат дешет.
Баарынан оору — кайсыл бир белгилүү инсанга карата өз мамилеңди, көз карашыңды болгонун болгондой, ачык айтуу азап, көңүлүн оорутуп, өзүңө душман кылып алышың турган кеп. Мамлекеттик саясат менен шугулданып жүргөн кишилер карапайым адамдар сыяктуу жекече кызыкдарлык боюнча эмес, саясый түшүнүктөргө жараша достошуп же каршылаш болушу, же болбосо таптакыр кайдыгер мамиледе калышы ыктымал. Байыркы индиялык даанышмандар: «Туура жана жагымдуу сөздү сүйлө; туура, бирок жагымсыз сөздү сүйлөбө; туура эмес, бирок жагымдуу кепти да айтпа — эзелтен келаткан айныксыз эреже ушул» деп үйрөтүшкөн. Бул эрежени аткаруу дегеле мүмкүнбү? Мемуар жазган адамдын өз өтмүшүн жарык түстөрдө көрсөткөнгө, кетирген каталарын ачык жазгандан тайсалдоого умтулушу түшүнүктүү иш. Адам пендеси табиятынан ушундай жаралыптыр, ал өз каталары үчүн кимди болбосун күнөөлөшү мүмкүн, бирок эзели өзүнүкүн моюндагысы жок.
Мен жалын курак комсомол кезимде москвалык жаш жазуучу Юрий Зверевдин жазгандарын бирин калтырбай окучумун. Дайыма болгонун болгондой, жан дилин салып, курч жазаар эле. «Экинчи апрель» аттуу чакан аңгемеси эсте калыптыр, негизги мааниси мындай: 1-апрель күнү элдин баары бири-бирин алдап, шакаба чегип, күлкүгө батышат эмеспи. Москвалык бир мектептин чоң класстагы окуучулары 2-апрель күнү жалаң чындыкты айтмай болушат. Натыйжа таптакыр тескери болбоспу, баары бири-бири менен жаңжалдашып чыгышат, жакын достор жана курбуларга чейин сүйлөшпөй калышат. Өзү жөнүндөгү кепти уккан класс жетекчи айым класстан чыга качат.
Демек, биз өздүк же коомдук турмушта бири-бирибизге карата чынчыл болгонго чейин гана тынч, жай жашайт турбайбызбы? Демек, Эммануил Кант «Бири экинчисинин ичиндегисин ачык көргөндө адамдар бири-бирине жолобой качмак» деп туура айткан окшобойбу?
Мен англис философу, тарыхчысы жана экономисти Девид Юмдун «өзү жөнүндө узак сүйлөгөн адам үчүн өзүн-өзү даңктоодон, мактоодон качуу кыйын» деген сөзүн дыкат эсте тутуу менен ушул эскерүүлөрдү жазууга колума калем кармадым. Мунумдан эмне чыкты — талапчыл, бирок кечиримдүү окурман өзү таразалап алат деген ишеничтемин.

I. Балалык, өспүрүм курак

Менин киндик кан тамган жерим Ысык-Көлдүн түштүк жагында жайгашкан Барскоон айылы. Өкүнүчтүүсү, бул байыркы жердин тарыхы али терең изилдене элек, бирок ал жөнүндө биздин билгендерибиздин өзү эле анын кызыктуу тагдыр-таржымалынан кабар берип турат. Улуу Жибек Жолунун негизги тарамдарынын биринде, кооз капчыгай оозунда жайгашкан шаар биздин эрага чейин VIII кылымдан бери эле кеңири белгилүү. Шаар аркылуу түгөнбөгөн соода кербендери тынбай агылып, түрк урууларын Кытай, Индия, Пакистан, Ооганстан, Персия, Араб өлкөлөрү менен байланыштырып турушкан. Б.э. чейин 7-8-кылымдардагы окуялар камтылган «Худуд-аль-аалам» — «Аалам чектери» аттуу перс тилдүү географиялык эмгекте (жаралышы болжолу менен 982-жыл, автордун ысмы тарыхта калбаган) кызыктуу маалыматтар байкалган. Анда шаарды Манак же Тегин-Барскан башкаргандыгы жана «…Барскан — көл жээгинде жайгашкан кооз, бай шаар. Анын башкаруучусу түбү халлухтардан, бирок калкы тогузгуздарга ыкташ» деп айтылат. Барсхан көөнө өтмүштөгү атагы таш жарган шаарлардын катарында болгонун өзү да ушул жерде туулуп-өскөн улуу түрколог-диалектолог, аалым-энциклопедиячы Махмуд ибн Хусейн Ибн Мухаммед аль-Кашгари ырастайт. Махмуддун атасы шаардын эмири, караханиддер династиясына таандык болгон экен. Анын айтымында, Барскан топоними айтылуу түрк баатыры жана колбашчысы Алп Эр Танганын уулу Барсбектин ысмы менен байланышкан.
Айтылуу эпикалык чыгарма «Кутадгу билигдин», «Кут билим», автору Махмуд аль Барсханинин замандашы жана досу Жусуп Баласагунинин да, а балким өзү да ошо жерде туулгандыр, шаарда далай жолу болгону белгилүү.
Республиканын туңгуч президенти А.Акаев өзүнүн «Менин жүрөгүм аркылуу өткөн тарых» китебинде Барсбек жөнүндө минтип жазат: «Бул байыркы рун колжазмаларындагы кыргыз башкаруучуларынын алгачкы ысмы. Менимче эми биз өзүбүздүн улуттук мамлекетибизди түзгөн бүгүнкү күндө элибиздин даңкын жайган бул мамлекеттик ишмердин ысмы өз баасын алып, Манас ж.б. кыргыздын тарыхый ишмерлеринин катарында жанып турушу керек».
16-кылымдын башында жылдызы көкөлөгөн тарыхый инсандардын бири Мухаммед кыргыз деген ат менен белгилүү, бугу, сарбагыш, солто, саяк ж.б. урууларынан турган оң канатка кирген кыргыздардын Тагай уруусунун бабасы Тагай бийдин да ысмы Барсхан менен тыгыз байланышканы көңүлгө алаарлык.
1508-жылы Тагай бий дал ушул Барсханда ак кийизге көтөрүлүп, бүткүл кыргыз ханы болуп жарыяланганы маалым.
(Уландысы бар)
Даярдаган Бахтияр Шаматов


Дин мыйзамы жөнүндө
Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевге
Жогорку Кеңештин депутаттарына
Кыргызстандын калкына
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ ЖАНА КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Айтибай Султанович!
Урматтуу депутаттар!
Кадырман Кыргызстан эли!

«Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи парламенттик угуудан өтүп, экинчи угууга коюлду. Бирок ал угууларда Кыргызстандын, Кыргызстан элинин коопсуздугу «жеке адам укугунан» төмөнкү, экинчи планга коюлуп жатат. Маселен, диний экстремизмден жана либералдык экспансиядан коргоо боюнча үч: «Ак жол», СДПК, «Коммунисттер» фракция лидерлери коопсуздук зарылдыгынан ынтымакка келип, биргелешип сунуштаган кошумча мыйзамдык жоболор кабыл алынбастан турат! Буга эмне себеп болууда, өлкөгө, элге кимдер каршы, кимдер бут тосууда, мындан мамлекеттик, улуттук коопсуздук, Кыргызстан элинин руханий биримдиги, урпактардын келечеги Жогорку Кеңешке, эч кимге керек болбой калганбы деген жүйөөлүү суроолор туулат.
Биз, көз карандысыз эксперттер, бул дин боюнча мыйзамдык талкууларга такай катышып келдик жана бул суроонун жообун ачыкка чыгарып, элге шашылыш түрдө билдирүүнү туура көрдүк. Жооп мындай: регламенттик мыйзам боюнча мыйзам долбоорду тиешеси бар комитет даярдап туруп, парламенттик угууга алып чыгат. Ошондуктан дин боюнча мыйзамды парламентке даярдап алып чыгуу милдети Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана Адам укугу боюнча (мындан ары, кыскача «Адам укугу…») комитетине жүктөлгөн. Биздин пикирде, бул комитет өз ишинде эларалык геосаясаттын таасирине кабылып, өз милдетин туура эмес аткарып жатат. Алар көп жолу бул мыйзам долбоорду ПРООН, ОБСЕ ж.б. эларалык уюмдардын колдоосу менен коомдук тегерек стол, жумушчу топ талкуусун уюштуруп, бирок талкуунун жүрүшүндө «Кыргызстандын коопсуздук» саясатын эмес, Эларалык «адам укугу» геосаясатына күйөрмандык кылып, алардын биздин элдин, мамлекеттин укугун, коопсуздугун тепсеген, мамлекеттик, элдик коопсуздуктан бийик койгон геосаясый мазмундагы жоболорун колдоп чыккандыктары кызык болду. Талкууларда кыргызстандык эксперт адистер ОБСЕнин, ПРООНдун ж.б. эларалык уюмдардын адис-эксперттерине алардын таңуулаган жоболору туура эместигин, алардын Кыргызстандын ички саясый, мыйзамдык иштерине өз кызыкчылыктарын таңуулоо менен ашыкча аралашып, биздин элдин, мамлекеттин укугун тепсеп жатканын ачык фактылар менен айтып, моюндарына коюшту. Чындыгында, «Адам укугу…» комитетинин ОБСЕ, ПРООН эксперттери менен биргеликте даярдаган мыйзам долбоорлорунда диний иштерди көзөмөлдөөдөн мамлекеттик, коомдук, элдик укуктар кескин чектелип, «Хизб-ут-тахрир» , «Сатанизм», «Муна чиркөөсү» сыяктуу бузуку секта-уюмдардын Кыргызстанды каптап жайылышына шарт түзүлгөн эле. Таң калыштуусу: Жогорку Кеңештин «Адам укугу…» комитети парламенттик угууга алып чыккан мыйзам долбоордо 12 адамдан турган депутаттык топ, ал гана эмес, үч фракция жетекчилери Б.Бешимов, И.Масалиев, А.Турсунбаевдин мамлекеттин коопсуздугун дин мыйзам долбоор аркылуу кепилдөө боюнча кошумча толуктоолорун, сунуштарын да киргизбестен сыртта калтырышкандыгы билинди.
Ошондой эле мыйзам долбоордун талкуусу Жогорку Кеңеште жүрүп жаткан учурда бул комитет ОБСЕ, ПРООН, АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен ар кандай жерлерде тегерек стол уюштуруу менен, ага айрым депутаттык топторду чакырып үгүт иштерин жүргүзүү менен алек болууда.
Алардын соңку болуп өткөн тегерек столунда «Адам укугу…» комитетинин төрагасы Зайнидин Курманов да катышып, ага күнү-түнү эларалык, чет элдик уюмдардан кысым чалуулар болуп жатканын ачык эле билдирген. Ал эми, андагы эларалык уюмдардын өкүлдөрү болсо, «биз Жогорку Кеңеш аркылуу өз «нормаларыбызды» өткөрө албасак, Президенттин «ветосун» койдуруп болсо да көздөгөнүбүзгө жетебиз» деген оюн билдиришкен.
Урматтуу Айтибай Султанович, Урматтуу депутаттар, Жогорку Кеңештин «Адам укугу…» комитети кайсы элдин кызматын кылып жүрөт? Биз Сиздердин Кыргызстандын, элдин коопсуздугун ойлоп, «Адам укугу…» комитетин улуттук ар-намыска, адамдык абийирге чакыруу менен, үч фракция лидерлеринин мыйзам долбоорго берген тагдыр чечерлик зарыл сунуштарын мыйзамга толук киргизип, анан дин боюнча мыйзамды кабыл алып берүүңүздөрдү суранабыз. Ансыз комитеттин мыйзам долбоору чет элдик кызыкчылыкка кызмат кылат, мамлекетти бузат. Адашсак, алдансак, эл кечирбейт.
Сиздерди терең урматтап, КРСУнун Стратегиялык анализ жана божомол жасоо Институтунун эксперти, политология илимдеринин доктору Кадыр Маликов, Эксперт, политология илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев, Эксперт-юрист, укук коргоочу Акин Токтоналиев, Эксперт-юрист Кубат Кожоналиев.


1104.htm

1 CTP 16
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика