Алиби гезити

03.12.09

03.12.09
1 CTP 14

«Алиби», 03.12.09

  Бардык бийлик Бакиевдерге!


БИЙЛИКТИ МУРАСТОО БАШТАЛДЫБЫ?
Ошентип президенттик шайлоо да өтүп, Бакиев убада кылган реформага да старт берилди. Максим Бакиев биринчи вице болот деп болжолдосок, буларың андан эки эсе ашкан «Еленача» секирик жасап (Есенбаева), кыргызга үйлөнүп, кыргызча үйрөнүп баштаган Максим инибиз Кыргызстандын бюджеттик эмес да, бюджеттик да, ички да, тышкы да акчаларын тескей турган өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти (орусча кыскартып «ЦАРЬ» деп алышты) башкарып калды. Ошентип, папке кучактаганды жакшы көргөн Бишкектеги кыргызбайлар өздөрүн, ага-инилерин, тууган-уруктарын кичинекей кызматка илип калуу аракети менен алек болуп жатканда Бакиевдин артынан туруп Кыргызстанга чеңгелин салып жаткандар «Манас» эпосун, «Манас» аэропортун, Ысык-Көлү менен Таласын, Кумтөрү менен Андаш, Жер-Үй алтын кендерин кошуп бөлүп алууга киришти. Акыркы мөөнөтү 1-ноябрь деп убада берилген Россиянын аскер базасын түштүккө жайгаштыруу боюнча келишимдин коңгуроосу болсо алигиче дымып жатат. Демек, аскер базасынын артында Кыргызстан үчүн кандай ажыдаар уктап жатканы да күмөн. Кыскасы, Кыргызстан түндүгү менен түштүгүнөн да, батышы менен чыгышынан да, жер астындагы кени менен жер үстүндөгү аба мейкиндигинен тарта сатылып — бөлүнүп жатат.

Колубузда Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын (орусчасы — ФСБ) билдирүүсүнүн көчүрмөсү турат. Бул билдирүү Бишкек шаарында даярдалып, Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Бортников Александр Васильевичке даректелген. Бортников бул билдирүүгө «В.Ушаковго. Маалымат үчүн» (орусчасы -«к сведению») деген резолюция койгон. Билдирүүдө ушул мезгилде Россиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын которгон акчаларынын финансылык анализи, кыргыз энергетиктеринин банктык ишмердүүлүгү жөнүндө жалпы маалыматтар, биз үчүн эң кызыгы — биздеги саясий кырдаалдын финансылык жагы тууралуу айтылган. Бул билдирүүнү, демек, эң кыйын адис адам даярдаган деп жыйынтык чыгарса болот. Сөзүбүздү толугураак чечмелээрден мурда «Эмне үчүн билдирүүнү А.Бортников В.Ушаков деген адамга резолюция коюп жөнөткөн?» деген суроого жооп издейли.
Вячеслав Николаевич Ушаков ФСБнын директору Бортниковдун орун басары. 1975-1994-жылдары Кыргызстанда коопсуздук органдарында экономикалык контр чалгындоо багытында иштеген, Ош мамлекеттик педагогикалык институтун, Ф.Э.Дзержинский атындагы КГБнын Жогорку мектебин аяктаган. 1987-жылдан баштап Ош облусунун экономикалык контр чалгындоосун башкарган, кийин Кыргызстандын кайсы бир облусунун (Жалал-Абад облусунун деген маалымат бар) башкармалыгын жетектеген. Андан кийин Россия Федерациясынын ФСБсынын борбордук аппаратында анализдөө, божомолдоо жана стратегиялык пландоо департаментинин оперативдик маалыматты координациялоо башкармалыгын (УКОИ ДАПСП) жетектеген. 2003-жылы ФСБнын директорунун орун басары болуп дайындалган. Бир сөз менен айтканда бул киши Кыргызстан боюнча каныккан адис. Андыктан, билдирүүнүн В.Ушаковго жиберилиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эми ушул билдирүүдөгү маалыматтарга көңүл буралы.

1. «Г-2» жана «Энерго»
Билдирүүнүн биринчи бөлүгү «Г-2» жана «Энерго» индекстери боюнча көрсөткүчтөр» деп аталып, ал эки параграфка бөлүнгөн. Биринчи параграф «Г-2» деп аталган. Жакшылап байкаган адамга «Г» деген тамга «гастарбайтер» деген сөздү билдирсе керек. Себеби бул параграфта 2009-жылдын январь-июль айларындагы Кыргыз Республикасынын Россияда иштеген жарандары мекенине которгон акчалардын көлөмү жана мезгилдүүлүгү, алардын өскөн же төмөндөгөн тенденциясы берилген. «Акыркы айларда «Г-2″ индекси боюнча акча которуулар чыныгы өлчөмдүн 80 пайызын түздү» деп белгиленген билдирүүдө.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Россияда кылмыш жолу менен табылган акчаларды «тазалоонун» олуттуу каналдарын ФСБ өз көзөмөлүнө алып, маанилүү эки схеманы иштеп чыккан. Биринчиси, «ДИСКОНТ» же «СЕГ» деп аталат. Мында Россиянын акча ээлери австриялык Raiffeisen Zentralbank Oesterrech AG банкы аркылуу 17 банкка акча которуштуруп, өз акчаларын адалдап, тазалашкан. Бул схемада «ДИСКОНТ» аттуу банк негизги орунду ээлеген. Мындан тышкары Түндүк Европа газ түтүгүн куруу боюнча акчалар Raiffeisen Zentralbank Oesterrech AG банкы аркылуу жүргүзүлгөндүктөн, орус акча ээлери ушул багытта да өздөрүнүн кылмыштуу жол менен табылган акчаларын тазалашкан. Мунун бизге кандайча тиешеси бар деген суроо туулушу мүмкүн. Тикелей тиешеси бар.
Биринчиден, В.Ушаков башында турган финансылык топ орус акча ээлеринин акчаларын тазалоонун «ДИСКОНТ» системасындагы «Кыргызстан» багытын иштеп чыккан. Россиялык булактардын маалыматтарына таянсак, бул багытта негизги тартылган банктар болуп «Азия Универсал Банкы» жана «Аманбанк» эсептелет. Бул банктарда Raiffeisen Zentralbank Oesterrech AG банкы аркылуу орус акча ээлеринин миллиарддаган доллар суммасындагы таза эмес акчалары тазаланып жуулган.
Экинчиден, кийинки кездерде россиялык күч түзүмдөрүнүн өз ара ички күрөшүнүн натыйжасында «ДИСКОНТ» системасы бузулган. Бирок, бул система Кыргызстанда акырындап башка майда банктарга которулуп, негизги салмакты орус маалымат булактарында «алтын гастабайтер» деп аталган схема аткарып калган. Ошондуктан, билдирүүдө бекеринен Кыргызстандын эмгек мигранттарынын акча которууларынын абалы абдан терең изилденген эмес.
Бул схема кандайча иштейт? Алгач Россияда бир катар ири курулуш, соода-сатык ишканаларындагы кыргызстандык эмгекчилердин маалыматтары алынат (бекеринен Россияда ишкерлер биздин эмгекчилерден паспорттук маалыматтарын талап кылышпайт). Андан соң мезгил- мезгили менен Кыргызстанга белгилүү өлчөмдөгү акчалар биздин эмгекчилердин атынан которулат. Кыргызстандан бул акчаларды орус акча ээлеринин өкүлдөрү алышат. Ошентип арам акчалар эмгекчилер иштеп тапкан таза акчага айланат да калат. Мындай эң жөнөкөй, бирок абдан ишенимдүү схема дайыма эмгек мигранттарынын финансылык абалын эки жактан тең (Кыргызстандан жана Россиядан) анализдеп турууну талап кылат. Биздеги болгон маалыматтарга караганда биздин эмгекчилерибиз жөнөттү деп Россиядан Кыргызстанга келип түшкөн акчанын 80 пайызы мына ушундай арам акчалар болгон. Демек, жөнөкөй сөз менен айтканда, 100 сомдун 80 сому орус акча ээлери иштеткен акчалар болуп чыгат.
Экинчи параграф «Энерго» деп аталат. Мында Кыргызстандын энергетика жана газ тармагы боюнча жалпылаштырылган маалыматтар берилген. Баарынан кызыгы — Кыргызстандын энергетика тармагындагы ишканалардын кайсыл банктар менен байланышы бар экендиги абдан терең анализге алынган. Эмнеге? Бул суроого жоопту «Азия Универсал Банктын» ээси Надельдин журналисттерге берген интервьюсунан тапсаңыздар болот. Бир кезде «Азия Универсал Банк» жүгүрткөн акчанын 15-20 пайызын биздин энергетиктердин акчалары түзгөн. Демек, кыргыз энергетикасы да мына ушул акчаны тазалоо схемасына тартыла баштаган. Кыргыз энергетиктери бул схемада канчалык үлүшкө ээ экендиги билдирүүдө айтылган эмес. Андыктан, ушундай схемаларды иштеп жаткан топ жаңыдан энергетика тармагына кирише баштаган деп болжосо болот. (29-декабрда Кыргызстандын энергетикасынын бөлүштүрүүчү тармактарын кимдер сатып алаары биздин бул божомолдорго балким ачкыч болуп берээр.)
Албетте, билдирүүдөгү мындай маалыматтар абдан зор кызыгууну туудурат деңизчи, бирок биз үчүн эң эле орчундуусу, бул билдирүүдө бизде 2005-жылдын 24-мартында болуп өткөн окуялардын финансылык жагына жана азыркы болуп жаткан окуялардын түпкү маанисине жарык чачкан маалыматтар бар. Маселе мына ушунда. Ошол маалыматтар туурасында анда кийинки макалада сөз улайлы.
(Уландысы кийинки санда)
Кален СУБАНОВ,
публицист


1203.htm

1 CTP 14
Click to add a comment
Алиби гезити

More in Алиби гезити

26.11.09

pr30.01.2020

11.12.09

pr30.01.2020

18.12.09

pr30.01.2020

25.12.09

pr30.01.2020

Защищено: 30.12.08

pr27.01.2020

















Яндекс.Метрика