Аалам гезити

02.12.08

02.12.08
2 CTP 15

«Аалам», 02.12.08 — 11-бет: Полит-элита…•

  Муздак дубалдар


Тоолордун Кантка жетпей токтогон уч жагында
Нижне -Серафимовка деп аталган
кыргыздын кыштагында,
Бул дүйнөдөн бөлүп салган
дубал турат темир-бетон
табытка окшоп өлүк салган…
Шайлообек акын күйүп жазган карылар үйүн курчаган дубалдар дале ошол бойдон, дубалдын ары жагындагы отургучта күн чубактап, келген- кеткенге сереп салып отургандардын ордун улам жаңылар ээлеп, беш жүз орундуу карылар үйү кардарларга дале калкылдап толуп туру. Күн бүркөө болгондонбу, же бул чөлкөмдүн өзүнчө бир уюп турган салмагы барбы, көөдөн оордоп, бул жакты көздөй басышың жайлай түшөт.

«Жди меняга»
жазсаңар?
Биз баш баккан кезде китепкана деген чоң бөлмөдө эскирген кийим -кечектерди чогулгандарга таркатып жатышыптыр. Саамай чачтары булайып, карылыктан араң баскан кемпирлер , таягына өбөктөгөн чалдар , арабасынын дөңгөлөгүн колу менен айландырган майыптар «мага келатышкан жокпу?»деген кыязда баятан алек болуп жаткан ишин токтото калып келгендерди тиктеп калышты.
Гум жардам таркатылган соң бул жерде зомбулукка каршы акция өткөрүлмөк. Бир түрдүү турмуштан жадаганданбы, «жаңылыкка» далай адам чогулду. Адам укугу, зомбулук деген кептерге кулак салгансыганы менен баятан мени тиктеп отурган четтеги кемпир аста жаңсап , «жаныма келсең» дегендей ишарат кылды.
Катарына келип отура калсам көптөн бери көкүрөгүндө жыйылып, батпай жүргөн бугу булактай эле оргуп чыкты:
— Ананьеводон болом. Күйөөм немец, өзүм-орусмун. Атым Александра Ивановна Брунер. Кезегинде колхоздо иштеп , он бала төрөгөм. Онунан төртөө калды. Бир кызым Красноярскиде, дагы бири Краснодарда. Уулум-Германияда. Айылда бир уулум менен калгам. Өзү ооруп, эч нерсеге жарабай калганда мени бул жакка тапшырып кеткен. Ошондон бери төрт жыл өттү , эч кимисинен дайын жок. Жок дегенде акыбалын билдирип кат жазып коюшса болмок. Көзүм барда да байпак токуп алаксычумун, эми караманча эле карайлап калдым. Мени бирөө «Жди меня» деген көрсөтүүгө тартып, ар кай жерде жүргөн балдарыма дарегимди билгизип коюшса дедим эле. Балким балдарым алып кетет беле…
Тээ көз түпкүрүндө үмүттүн учкуну жылт этип, карап калган кемпирге жарытылуу жооп айта албай калдым.

Ар кимдин өз көйнөгү өзүнө оор
Залдагылар зомбулук, пенсия, жылуулук, баш багып калган кыш туурасында сүйлөшүп, аны укпаган кулагы катуу кемпир «булар эмне деп атышат ия?»деп бакылдай сурады эле «Степановна, тоскоолдук кылбай оозуңду жаап отурчу»дешип туш -туштан тыйып , отургузуп коюшту. Окчунураак отурган арык кара киши бүгүлбөгөн бутун сунган тейден эмелеки колуна тийген жеңи чолок көйнөктү будалап чөнтөгүнө салды. Анча деле карып кете элек Айтмырза абанын Токтогулдан келгенине үч ай болуптур. Өмүр бою шофер болуп иштеп жүрүп авария болуп, бир жак буту бүтүндөй талкаланып, ал аз келгенсип аялы каза болуп, абалы кыйындаганда биякка келиптир.
— Азыркы турмушту көрүп атпайсыңарбы,»мени бак «деп кайсы тууганга жалдырайм? Ар кимдин өз көйнөгү өзүнө оор болуп атат. Бутум жакшы болуп кетсе эле кайра кетем, турмуш куруп, иштеп, айылда жашабасам бул жакка көнө алчудай эмесмин. Көнүп , өз үйүндөй жашагандар деле бар экен, бирок мен күн санап эле айылды эңсеп жүрөм.
Далайдан бери ыр түгүл башкасын да унутуп калган Айтмырза абадан ырдап бер деп суранышканда кадимки «Арпанын Ала тоосунанды » созду эле кыжы- кужу болуп аткан кемпирлер чоочун абазга кулак төшөй дымып калышты.
— Чиркөөнүн ырынан ырдаса болобу?-деп сурады алиги дүлөй кемпир. Анан бир калыпта сызылган муңайым ыр өмүр менен өлүмдү, адамдын азаптуу турмушун баяндап , отургандар ошого жараша муңкана түшүштү. Деги эле бул жерде сөз да, ыр да, атүгүл аба да муңдуудай. Өмүр деген деңиздин кайгылуу бир булуңуна кептелип калгансыган бозала түспөл жандар ушу бойдон эле жаралып калышкан эмес да, кезегинде кара жандарын карч уруп иштеп, дос, жар күтүп, бала өстүрүп, кээ бири небере чоңойтуп , акыры колунан эч нерсе келе албай , өздөрүн бактырчу абалга келип калганда түрткүнчүк болуп биякка түшкөндөр.

Баарына бирдей крест коюлат
— Адеп келгенде жакшынакай эле кемпирлердин мүнөзү бияктан өзгөрөөрүн байкадым,-дейт интернаттын маданий иштер боюнча жетекчиси Зоя Закирова,-сыягы үй шартында жашап жүрүп, мындай чөйрөгө көнбөгөн жанга кыйын болот окшойт. Кимдир бирөөгө болгон ачуусун бири биринен чыгарышып, болоор болбостон эле уруша кетишет. Карыганда анын үстүнө жаш баладай эле болуп калат турбайбы. Беш жүз чамалуу адам оңой эмес да. Анын ичинде ордунан тура албаганы бар, көзү көрбөгөн, кулагы укпай калгандары бар. Жаштардын көпчүлүгү коляскачан майыптар. Буттары баспаган менен башка жерлери соо да, алар да ойногусу, көңүл ачкысы келет. Корпустардын кире беришин байкадыңарбы , тепкич жок , коляскачандар үчүн да, көзү азиздер үчүн да ыңгайлуу пандустар.
Бирок канчалык шарт түзбө, баары бир карыган кезде балдарыңдын маңдайында бапырап отурган бакыт эмеспи. Бир кемпир бечара «балдарым кат жазыптыр, жакында келет экен» деп жүрүп өтүп кетти. Баласы адегенде келип турчу, анан келини бир жылда бир каттай баштады. Акыркы жылдары такыр эле келбей калганда кемпир өзү пенсиясына майда- чүйдө сатып алып, аны «келиним алып келиптир» деп курбуларына көрсөтчү. Бечара канча кат жазды. Бир да жооп болгон жок. Акыры өлгөндөн кийин ошол дарек боюнча мен да кат жазып,»апаңыздын сөөгү кай жерге коюлганын билбей да калдыңыз , ылайым Кудай сизге да ушундай карылыкты берсин» деп жөнөтүп жибердим. Мындайлар биякта толтура. Четинен кармап эле сурасаң тири шумдук баянды угасың. Булар үчүн баарынан оор күйүт- өлгөндөн кийин көмүлө турган жай. Бизде баары эле бир жерге коюлуп, мусулманбы, христианбы, бирдей крест коюлат. Бөлүш керек экенин адам катары билип эле турушат, бирок анткенге мүмкүнчүлүк жок.
Маал-маалы менен тоо таянган бул жолдо чет элдик жаркыраган машинелер жүрүп калат. Булар же карыган ата-энесин таштачулар , же алардын пенсиясын «көзөмөлдөгөнү»келаткандар. Бир азга кармалып калса «пенсия кана?»деп чатак чыгарышат. Көпчүлүгүнүн документтери жок, ошон үчүн пенсия да алышпайт.

«Сүйлөшөлүчү, апаке»
Биз аста сүйлөшүп турганда кимдир бирөө апа тууралуу ырды баштап жиберди. Баятан сөзгө алаксып калгандар жүрөк дартын козгогон ырды коштой көздөрүнөн жашын чубуртуп , дилинде Ааламга батпаган арманын апасына айтып , бүлкүлдөп үнсүз ыйлап жатышты.
— Алдыңа кетейиндер, ушуякта апам бар экен деп момпосуй берип жиберген турбайсыңарбы, ыракмат, өмүрлүү болгула , балдарыңардын урматын көргүлө, -экинчи кабаттагы бир бөлмөгө баш багаарыбыз менен алкап кирген Ширин апанын жанына аярлай калдык. Атайылап мага келишкен дедиби, апа оор улутунуп алып арманын төктү:
— Мынабу эле Алмалууданбыз, кагылайындар, кызым да , уулум да бар. Кезегинде чалым экөөбүз мал багып жүрдүк. Кийин кароолчу болуп иштеп алтымыш сом айлык алчумун. Ошол алтымыш сомду катып, «балам үйлөнсө керегине жарайт» деп чогултуп жүрдүм. Үйлөнгөнү менен кайын атасы «калың бербейсиң» деп баламды жемелеп жүрүп, эки балалуу болуп, жакшынакай эле жашап жүргөндө кызын чыгарып алды. Балам каңгырап жалгыз калды. Аты-Жумабек. Мен го биякта ботко болсо да жеп жатам, балам кандай күндү көрүп жатат деп кекиртектен тамак өтпөйт, түнү кирпик какпай чыгам. Айылга турбайт эле. Өткөндө мени издеп биякка келген экен, «апа, апа»деп жүргөнүн укпадымбы, капырай «апаң биякта» деп көрсөтүп койгон киши болбоптур. » Балам келди эле, көргөн жоксуңарбы?»деп иштегендерден сурасам «жөн эле кулагыңызга үнү угулуп жатса керек, эч ким келген жок»деп коюшту. Келгенин өзүм сездим да.
Мени бул жакка алып келатышканда көрөмүнбү, көрбөй каламбы, алда кандай болот деп неберелериме бардым. Келиним да унчуккан жок, мен да дайынымды айтканым жок, кыздарымдын беттеринен өөп, батамды берип коштошуп кеттим. Баламды арак ичет дейт, эми аракты элдин баары эле ичип атпайбы. Атаңдын көрү баламдын дайынын билип, бир көрүп өлсөм болот эле.
Биердин эми шарты ар кандай, балдар, бирде свет өчүп калат, үйүңдөгүдөй кенен чай кайнатып иче албайсың . Кургак бирдемени жеген болуп, артынан муздак суу жутуп аласың. Анан кантип бут оорубайт. Жегенибиз көпчүлүгү ботко. Танып калат экен, киши . Карыган кезде тамагың кубаттуураак болбосо муун кармабайт турбайбы. Эшикке көп чыкпайм, бутум ооруйт. Ошентип чыкпай атып баламды таба албай отурбаймынбы. Деги эле баарына кайыл элем, баламдын абалын билип, жайын уксам болот эле…
Кан басымынын жогорулугунан башы айланып, сенделген апа керебетке кыңайды.
Далайдын муң -зары сиңип, далайдын дартын уккан дубалдар адамдардын өздөрүнөн бетер томсоруп белгисиз бир нерсени күтүп жаткандай.
«Эсиңе кел» деген акындын айтканы төбөдө айланганы менен дале таш дубалдын ар жагында балдарын эркелетип кечки иңирде, балпайып төрдө олтураар мезгилинде, куу тумшук аталышып, куулган теңиринен, куулган кыз уулунан, келининен, карыган кемпир жүрөт,карыган чалдар жүрөт,башпаанек таппай койгон, балдары бакпай койгон…

Сүйүн Курманова


1202.htm

2 CTP 15
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика