Аалам гезити

02.12.08

02.12.08
1 CTP 15

«Аалам», 02.12.08 — 10-бет: Полит-элита…•

  Дилмаек


Жазуучу Казат Акматов:
«Чыңгыз Айтматов дүйнөнүн кайсы гана өлкөсүндө болбосун, кыргыздын туусун көтөрө турган инсан экен»
— Чыңгыз Төрөкулович менен 1970-жылы жазуучулардын пленумунан таанышкам. Кийин Ташкентте азиялык жазуучулардын конгрессине барып калдык.
Ошондон баштап жакын мамилебиз башталды. Тагдыр буйрук экен, ал киши резиденциянын күн чыгыш жагында турат, мен бул Чоң-Арыкта, ортосу эки километр эле, кошуна жашап калдык. Ал киши колу бошой калганда «Казат келбейсиңби, ары- бери басалы» деп телефон чалып калчу.
Чыкем болочок чыгармасынын мазмунун же каармандарын бирөөгө такыр айтчу эмес. Ким жана эмне жөнүндө жазып атат, кандай таасир алды, кандай булактарды пайдаланып атат, чыгармасынын сырын эч убакта эч кимге ачпаган киши эле. Бирге басып калганда дүйнөлүк маданият, философия, дүйнөлүк окуялар, Кыргызстандагы саясый окуялар жөнүндө сүйлөшүп калчубуз. Бирок саясатка өтө деле кызыга берчү эмес. Кээде бир жаңылык укса чочуп койчу. Андан башка интригаларды сурап, кызыкканын укканым жок. Чыгармаларын көбүнчө орусча жазды. Адегенде кыргызча жазганда биздин аксакалдар тарабынан сынга алынып калды, анан орусча жазып кетти. Москвадагы «Новый мир» журналына жарыяланып турду. Акезде «Новый мир» журналы эң бир абройлуу журналдардын бири болучу. Чыгармаларынын кээ бири СССРдин КГБсы тарабынан кармалып жатты. «Ак кемедеги» баланы трагедиясы болбош керек деп тоскоолдук кылышкан. «Новый мир» журналынын башкы редакторунун күчү менен баланын трагедиясын бир аз жымсалдап чыгарып жиберишкен.
Бассейнге түшүү- ал кишинин жакшы көргөн эрмеги эле. Ысык-Көлдө ал кишиге атайын коттедж бөлүнүп берилген эле. Көлдө чабак урганды жакшы көрчү, укмуш кыйын чабак урчу. Сууда сүзүүнүн үч түрү: кроль, брас, чабак уруу менен сүзчү. Алыска, 1-2 километрге чейин чабак уруп кетип калчу. Өзү олбурлуу, булчуңдуу, денеси чымыр, чабак ургандан ошондой булчуңдуу болуп калса керек.
Юморго такыр жок болучу. Анекдот айтсаң күлүмүш болуп калчу, бирок өзү анекдот айта алчу эмес. Бир жолу таң калганын айтып коеюн: 30-31- декабрь эле: экөөбүз жаңы жылды Чолпон- Атага барып тоспойлубу, машина таппайсыңбы деп калды. Мен «шестерка», «шоха» «Жигули» алдым, анда кеттик» деп айттым. Жол кара болчу, Чолпон- Атага бардык. Саат түнкү бир болуп калган. Эми экөөбүз олтуруп, жаңы жылды тосолу деп калды. Тышка чыксак эле коттеджибиз башка. Босогодо бир будка туруп калыптыр, андай будка жок болучу. Коттедждин номуру да жок. Милиционерден «бул кайсы коттедж» десе, «Сиздин коттедж» дейт. «Анда сен эмне биерде жатасың?». «Сизди кайтарып жатам». Көрсө, Султан Ибраимовду өлтүрүп кеткенден кийин ал жерге барган чоңдорду кайтарып калышкан экен. Чыңгыз Төрөкулович «Мени кайтарбай эле кой, менин кагаз, калемимден башка эчтекем жок, уурдагыдай чөнтөгүмдө акча да жок» деп айтты. «Ошондой буйрук берилген» деп тиги болбой койду.
Чыкем экөөбүз көл жээк жакта ары-бери басып, таң атканча жүрдүк. Кыштын күнү, бирок мемиреп, жылуу экен. «Көлгө түшөсүңбү?» деп калды. Анан сууга түштүк. Эртең менен резиденциянын дирекциясына телефон чалды. «Милицияны алып кеткилечи, эшигиңдин түбүндө бирөө турса, менин жүрөгүм чыдабайт, жаза албай калам, мени эч ким уурдабайт, коркпогула» десе Бишкек менен сүйлөшүп атып араң алдырыптыр.
Кайсы бир чет мамлекеттен сизди Айтматов менен алмаштырып алышып, Айтматовдун ордуна сизди аябай сый көргөн дешет…
Ооба, анда Шри-Ланкадагы Жазуучулар Союзунун съездине СССР Жазуучулар Союзунан бирөө барышы керек экен. Мен анда Кыргызстан Жазуучулар Союзунун секретары элем. Төрагабыз Чыңгыз Төрөкулович Москвада жүрүп «Акматов барсын» деп айтып койгон окшойт. Шри- Ланкада барганда мени гүл кармаган пионерлер, чоңдор, көп кишилер аябай салтанаттуу тосуп алышты. Ар бир делегатты ушунтип тосуп алышабы деп таң калдым. Дворецинде Чыңгыз Төрөкуловичтин портрети илинип, анын томил, англис тилинде жарык көргөн китептери турат. «Кол коюп бериңиз» деп сатып алган китептерин туш-туштан жарданып сунуп жатышат. Чыңгыз Төрөкуловичтин ордуна. кол кое бердим. Ал жокто өзүбүз эле колун жасап, ордуна кол кое берчүбүз. Өзү да айтчу, акчага кол коюп жаттыңар беле, кол кое бергиле» деп. Мени съездде президиумдун ортосуна, өлкөнүн президентинин жанына олтургузуп коюшту. Бир аздан кийин түшүндүм да, котормочуга айттым. «Булар мени Айтматов деп кабыл алып жатышкан турбайбы, мен Айтматов эмес, Акматовмун». Көрсө, телефондон алар «Акматов» деп айтканды «Айтматов» деп угуп алышкан экен . Ал «унчукпаңыз» дейт. «Антсем, эртең мени авантюрист деп айыптап гезитке жазат, СССРдин КГБсы мени камап койбойбу» . Чыкканда минтирп сүйлөдүм «Урматтуу жазуучулар, сиздер мени Айтматов деп кабыл алып атасыңар». Ал туура эле. Экөөбүз «бир тууганбыз», фамилиябыздагы айырма бир тамга эле. Жазуучу катары деле бирдей элебиз» десем кол чаап, боору эзилгиче күлүп калышты.
Мени баары бир Айтматовдун үч күндүк маршруту менен алып жүрүштү, кайсы гана жерлерге алпарбасын, укмуштай тосуп алышат. Ошондо мен дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, Айтматовдун баркы аябай жогору, Айтматов кыргыз элинин туусу экенин сездим.
Чыңгыз Айтматов жашыраак кезинде Шекерге көчүп барып жашай турган ою бар болгон беле?
Мен андай ою болгонун уккам. Бишкектен иштөөгө такыр мүмкүнчүлүк болбойт, конференция, чогулушка чакырат, телевидение, журналисттер жан койбойт го деген сөзүн уккам. «Журналисттер сизди Шекерден таппай калмак беле, анда Казакстан, Өзбекстандын журналисттеринин колуна түшүп бересиз» дегем. Кийин шекерликтер да айтып, ал оюнан кайткан окшойт. «Таласка Казакстан жактан газопровод жүргүзүп берейин» деп айтыптыр. Ошол газопровод башталган, Шекерди бойлоп өтмөк, анын аягы кандай бүткөнүн билбей калдым. Негизи Чыңгыз Айтматов кыйналган кишилердин кимисине кандай жардам көрсөткөнүн эч жерде ачыкка чыгарган жок, бирок мен өзүм күбө болгон көп эле мисалдарды билем. Кыргызстанга чоң-чоң инвестицияларды түшүрөм деп да көп чуркады. Аны биздин жетекчилер кылчактап атып, инвестиция башка өлкөлөргө кеткенин да билебиз. Дагы бир айтып коеюн дегеним- Чыңгыз Айтматов административдик ишке такыр жок экен. Жазуучулар Союзунда төрага болгондо билгенбиз. 90- жылдары бийликтин кризиси болуп турганда да биз ага парламенттин атынан «Президент болуп бербейсизби?» деп телефон чалсак, көпкө ойлонуп туруп, «Мени Президент боло алат деп атасыңбы» дейт. «Сиздин кадыр — биздин өлкөбүз үчүн керек да» десек, «Аскар Акаев деген бар, академияда, ошону эмне көргөзбөйсүңөр» деп айткан болучу.
Татар жазуучусунун эскерүүсүн окудум, анда Чыңгызды татар эли да биздин жарым каныбыздан жаралган деп сыймыктаныптыр. Бирок Чыңгыз апасы тууралуу аз жазды, буга апасынын бай үй-бүлөдөн чыкканы себеп болуп, Совет убагында ыйбаа кылганбы дегендей жазыптыр
Менин билишимче генетикалык звено деген бар, ошол звенонун алыс-жакыны болот, мисалы кыргыз менен орустуку алыс болуп калат, казак менен кыргыздыкы өтө жакын, ал эми татар менен кыргыздыкы иделдуу болот көрүнөт. Аны турмуш өзү ырастап олтурат, алсак кыргыз менен татарлардын ортосунан чыккан балдардын баары таланттуу, алсак Айтматов, Токомбаева, Миңжылкиев… министрлер бар, Коңурбаевдер, Эсенамановдор. Кыскасы кыргызчасынан мындай айтканда жакшы тукум болот. Татарлар Чыңгызда өздөрүнүн каны бар экенин айтып, мактанып жүргөндөрүндө кеп бар. «Менин басып өткөн жолум» деген эскерүүсүндө апасы тууралуу жазат, ал түрк тилинде чыкты, андан кыргызчага которулду. Мурда бир жазып келатып токтоп калган чыгармасында Инаят деген каарман бар, ошол апасы болчу. Ал эми энеси байдын кызы болуптур дегенине менин оюм, Чыңгыздар атасы атылып кеткенден кийин абдан чочуп калышкан, каардуу бала чагы, репрессиядан коркуп калганы себеп болуп, ал маселени көтөрбөй жүрдү, бирок «Кылым карытар бир күндө» КГБнын образын ачып бербедиби.
Чыңгыз Айтматов жаш кезинде татар туугандарына бара албады, бирок акыркы сапарында Татарстанга, Казанга таякелерине баратпады беле. Адам жашыраак кезде тууганчыл болбойт, жашы улгайып калган кездерде тууган-туушкандарын түгөлдөй баштайт. Чыкем да ошондой боло баштаган да. Той-аштарга, кошумчасы менен барып, туугандарына катыша баштаган. Менин энемдин ашын бергенде, ырымын жасап, чоң акча берген. Өзүнүн баласы үйлөнгөндө тоюна чакырып, кызын турмушка үйүнөн узатканда да чакырып, эми куда барабыз го, сен мага куда болуп калбадыңбы деп, күзүндө кудага бармак болгонбуз. Элге аралашып, аксакалдык жолго түшүп калган болучу. Өмүрү шарт үзүлүп кетпедиби…
Жаш кезинде Татарстанга да көп барды. Ооруп жыгылганда Татарстандын президенти Шаймиев түн ичинде келип, «эмне кылсаңар да жанынан чыкпай дарылайсыңар, башыңар менен жооп бересиңер» деген экен. Саламаттык сактоо министри Москвада экен, эртеси тезинен ал учуп келип, Шаймиевди көндүрүп, Германияга жөнөтүптүр. Жаш жигит экен, шайтан, билген го, оорусунун кандай экенин. Ошол боюнча Чыкем ойгонбоптур.
Чыңгыз Айтматовдун атын калтыруу боюнча эмне иштер жасалып жатат?
Жакында депутаттар, анын ичинде Отунбаева, министр Раевдин демилгеси менен Чыңгыз Төрөкуловичтин юбилейлик комиссясынын мүчөлөрүн чакырып, жазуучунун атын түбөлүккө калтыруу маселеси каралды, ошондо бир топ сунуштар айтылды. Бүгүн зарыл болуп турган, ишке аша турган маселелерди баштайлы дешсе, кээ бири Байтиктин Бозбөлтөгүнө дворец-эстелик тургузуп салышыбыз керек дейт. Дагы бири Ата Бейитке чейин чоң маданий үй куруп, эки жагына Айтматовдун каармандарынын эстелигин кошо тургузушубуз керек дешти. Бүгүн колдон келген иштен баштайлы деп, мындай сунуш киргиздим: Парламент турган эски аянтты Чыңгыз Айтматов аянты кылалы. Түркияда деле бир чоң паркты Чыңгыз Айтматов атындагы кылышпадыбы. Аянттын Күн чыгыш жагында эки кабат имарат бир кезде орто мектеп экен, Чыкем биринчи классты окуган мектепти Айтматов музейи, аты жок Дубовый паркын Айтматов паркы кылалы. Парктагы Маркс, Энгельстин эстелиги бар, биз эмес Берлинде, Москвада да алып салышты, Биз эстеликти Лениндин эстелиги турган жакка которуп, ордуна Айтматовдун эстелигин койсок, өзүнчө ансамбль болот. Эстелик тургузууга эл аралык конкурс жарыялаш керек. Бул сунушту бир тобу колдошту. Турмуш жакшыргандан кийин Байтиктин Бозбөлтөгүнө да, Ата- Бейитке да эстелик тургузууга болот. Айтматовдун экинчи өмүрү ошентип башталат.

Айгүл Бакеева


1202.htm

1 CTP 15
Click to add a comment
Аалам гезити

More in Аалам гезити

15.02.08

pr03.02.2020

30.12.08

pr02.02.2020

25.12.08

pr02.02.2020

23.12.08

pr02.02.2020

18.12.08

pr02.02.2020

16.12.08

pr02.02.2020

11.12.08

pr02.02.2020

09.12.08

pr02.02.2020

05.12.08

pr02.02.2020

















Яндекс.Метрика