Агым гезити

01.02.08

01.02.08
2 CTP 20

«Агым», 01.02.08 — 12-бет: У.Барктабасов Атажуртунун байлыктарына кызыгууда..•


Коомдук-саясый гезит
№07, 01.02.08-ж.


  VIP…
(Б-И-И-ИП!)

«Агым-пресс»

К.Ажыбекова К.Кабилованы мафиянын «куйругуна» теңегенде
Коммунист К.Ажыбекова аянтта мусулмандардын намаз окуганына каршы чыгып, атургай алардын «намаз окутпасаңар Жеңиш аянтына мечит курабыз» деген талаптарын саясый экстремизм катары баалады. Булардын артында белдүү саясатчылар бар экенин да жашырбайт. Мындан сырткары, БШК төрайымы К.Кабилова саясый топтордун заказын аткарып аткандыгын, шайлоо жыйынтыгында чабал иштегенин баса белгилеп, мындай БШКнын кереги жок экенин жашырбады. Кыскасы, бул органды мафия тескеп атканын, бийликке каршы иштегенин ачык айтты. Кайсы мафия, ботом?!

У.Барктабасов Атажуртунун байлыктарына кызыгууда
Мусулман өлкөлөрүндө бизнесин шугулдантып жүргөн У.Барыктабасов Кыргызстандагы саясый-экономикалык кырдаалга кайдыгер эмес. Соңку маалыматтарга таянсак, Урмат мырзага өлкө байлыктарын менчиктештирүү идеясы жакканы, өзү Энергосекторду, «Кыргызгазды» сатып алууга ниеттенип атыптыр. Эми мындайды көралбаган кыкеңдин чоңдору тырчып кетпегей эле.

Т.Сариевге аңчылык башталдыбы?
Кечээ «Де-Факто» гезити Т.Сариевге киллер жалданганы, башы бааланганы боюнча каңшаар жазып чыкты. Темир мырза да «бул бийликтен мындайды күтсө болот» деп жашырбаптыр. Акыркы кезде Т.Сариевди сындырабыз деген күчтөрдүн жеткен акылы ушул болсо, жыргаган экенбиз. Мындай аңчылыктар Кыргызстандын тополоңун, бийликтин эшилген кум сыяктуу образын гана жаратарын эсибизге түйүп койсок.

Рак оорусу менен кармашкан экс-аткаминер
А.Акаев доорундагы үлкөн аткаминер А.Карыпкулов рак оорусу менен катуу алышып, азыр абалы жакшы эмес. Үйүндө. Ушул дарттын кесепетинен Аксы окуясынын сурагынан да аман калган. Башпрокуратура болсо А.Карыпкуловдун оорудан айыгышына үмүттөнгөнүн жандыра элек…

Бурана казактардыкы беле?
Казактар Бакай калпакты менчиктештиргени аз келгенсип, байыркы Казакстанды чагылдырган соңку энциклопедиясына («Древнее города Казакстана») кадимки Бурананы киргизип, Баласагын шаары казактардыкы маанисинде жар салгандан тартынышпады. Кыкеңдердин тыңчыкма сөрөйлөрү саясат менен алпурушуп отуруп, улуттук жүзүн, тарыхын тарттырууда. Мындан артык да улуттун кабыргасын кайыштырган жоготуу болобу?

«Акыйкат үчүн» кыймылы намазчыларды колдойт
Эртең «Акыйкат үчүн» кыймылы Коомдук парламенттин жобосу менен регламентин кабыл алышат. Координациялык кеңештин курамы толук кандуу бекилип, жобо боюнча 50 мүчө Коомдук парламентке шайланат. Мындан сырткары, «акыйкатчылар» Алатоо аянтынан намаз окугандарды колдошуп, исламчыларды куугунтуктагандарга каршы чыгышмакчы.

Кеңешчилердин кырчылдаш-майынан
Экс-депутат Садыр Жапаров ажого коомдук кеңешчи болгондон бери бериле иштеп, хандын кабылдамасынан чыкпай эле калды. Кадимки Үсөн аке Сыдыковго эрегишип, андан кыйын көрүнгүсү келгенин тартынбай эле айта баштады. Мен акылдуу маанисинде мактанып. Кантсе да Үсөн аке «карт бөрү» эмеспи, С.Жапаровду эки чайнап бир жутпагай эле…

Айдактаса долуланган Б.Бекешов
«Кекти каапырга жаратыптыр» деген сымал, журналист сөрөй Б.Бекешов М.Эшимкановго болгон эзелки кеги менен ойногондон тажабады. Жогор жактан Т.Тургуналиев сыяктуу идео-логдордун айдактамасында ашынып, КТРден ачкачылык баштаган кербези. Кудай астында намаз окуп, ажы болгон Б.Бекешов ыплас интригага, көралбастыкка барганы кайсы абийирге сыйат? Же айдактаса эле долуланып, үрө бермейди кесипке айлантып алганбы?..

Бир айыл өкмөтү бир жылкынын баасыбы?
Чүй губернатору К.Сыйданов Панфилов районунан 4 айыл өкмөтүн алмаштырса, Жайылдан 5 айыл өкмөтүн жаңылаганы туру. Себеби жөпжөнөкөй: шайлоодо «Акжолго» добуш «уурдабай» койгондору үчүн. Логика болбосоң кое кал! Азыр болсо айыл өкмөткө ашыккандар күнү-түнү удургуп жылкы издеп, К.Сыйдановго белек кылууну каңкуулашууда. О.э. губернатордун Аалы аттуу иниси Карабалта канбазарын «басып алганы» аз келгенсип, базар тегерегинде ыраатсыздык, бардак ашынып кетти. Элге шаардын көркү, тазалыгы керекпи (?), же Сыйдановдордун «майталкан» жашоосубу?..


  Күзгүгө каранба!

Бекешовдун канча бети бар?
Кыргыз телерадиосунун дарегине соңку 5 жыл ичинде не деген гана сындар айтылган жок. Ошол сын айткандардын арасында КТРдин азыркы жетекчиси Мелис Эшимканов да бар эле. Тагдырдын буйругу экен, М.Эшимканов Улуттук биринчи каналга жетекчи болуп дайындалып, өзүнө чоң жоопкерчилик жүктөлдү. М.Эшимканов келери менен кандай реформаларды жасайт болду экен деп КТР жамаатына кошулуп, жалпы коомчулук да көптү күтүп атат.
КТРди реформалайын деген М.Эшимкановдун акниет, асыл максаты бүтүндөй коллективге жагып, колдоого алынса да КТРдин айрым «армандуу» кадрларына жакпай, кургак сөз, куру жалаалар менен М.Эшимкановду күнөөлөй башташты. Алардын анабашында айтылуу Бейшенбек Бекешов турат. Биз билгенден Бейшенбек мырза кимдер менен гана соттошподу да, боктошподу. Ыйманга камчы чаппай айталы. Б.Бекешов акыркы он жылдан бери КТРде өзүнчө эрке балага айланган. Өзүнчө чоң иш бөлмө, өзүнчө машина, өзүнчө видеокамера, өзүнчө монтаждоочу стол өңдүү өтө зарыл нерселерди башкаларга ыраа көрбөй, өзүнө жалгыз энчилеп алганы кимге жаксын. Өзү жетекчи болуп турганда ошондой шартты башкаларга түзүп койгондо бүгүн минтип жалпы коллективге сууктумшук көрүнбөйт эле. Б.Бекешовдун жандимилигин мындан билиңиз. «Жаңы ордо» гезитине жазган макаласында Б.Бекешов айрымдарыбызды акаевчи кылып күнөөлөп, өзүн Акаевдин саясатына кайнаса каны кошулбаган адам кылып көрсөтүптүр. Бирок ошолеле «Жаңы ордо» гезитинин 2005-жылдын 7-январдагы санында: «Азыр саясый оош-кыйыш кырдаалда ар тоонун башын самабай ачык эле айтып коюшум керек. Акаев бийликке келген биринчи күндөн тарта менин ар бир ишим анын саясатынын түздөн-түз жана кыйыр пропагандасы болуп келатат. Бул кошоматчылыктан эмес. Болгон-бүткөн ишенимим эле ошо. Президенттин элибиздин жакшылыгы, жаркын келечеги үчүн баштаган ар бир иши менен жарыялаган саясатынан кенедей да кынтык таба элекмин. Тескерисинче, анын ар бир кырдаалга жараша тапкан чечимдерине чын ниетимден суктанып тамшанам» деп макала жарыяланган. Автору Бейшенбек Бекешов. Өз бетин өзү тырмайт деген ушу. А.Акаевден кордук көрбөй эле сыйын көрүп, сыйлыгын алып жүргөнүңдү жакшы билебиз. А.Акаевдин буйругу менен «Алтын калем» сыйлыгына татып, 25 миң сом байге алганыңды өзүң унутуп калсаң да, биз унута элекпиз. «Ашыңды ичейин» деген ушу. Б.Бекешов бул кейпи менен 2,5 жыл КТРге жетекчи кылып, ишеним көрсөткөн президент К.Бакиевдин деле эмгегин баалап-барктабайт. Албетте, биздин ички чатак көпчүлүк эл үчүн кызык эместир. Бирок Б.Бекешовдун өзү ким экенин жалпы журтка айтып коелу деп учкай гана кеп козгодук. Эгер жасалма ызы-чуу уюштурганды токтотпосо, анда биз, КТРдин жалпы жамааты, Б.Бекешовго окшогон «эл бузарларды» өзүбүз эшикке чыгарып коюуга аргасыз болобуз.

Катка 30 адам кол койгон. Түпнускасы редакцияда.


0201.htm

2 CTP 20
Click to add a comment
Агым гезити

More in Агым гезити

12.02.08

pr03.02.2020

08.02.08

pr03.02.2020

05.02.08

pr03.02.2020

28.01.08

pr03.02.2020

25.01.08

pr03.02.2020

15.04.08

pr01.02.2020

Защищено: 05.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 12.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 19.09.08

pr29.01.2020

















Яндекс.Метрика