Агым гезити

01.02.08

01.02.08
1 CTP 20

«Агым», 01.02.08 — 11-бет: «Кара жащик» агарабы?..•
0201.htm

 «Кара жащик» агарабы?

Калыбек Тайтекеев, УТРКнын экс-журналисти:
«Жылуу уядан чыккысы келбегендер күтүм уюштурууда»
КТРде кайрадан интрига башталды. Жаңы көзкараш, жаңы идеяларды ишке ашырууну каалаган Мелис мырзанын аракетине, жүргүзүп жаткан саясатын жактырбагандар жамырап чыгууда. Мурдагы жетекчилик менен өздөрү каалагандай иш алып барып көнгөн кызматкерлер жылуу «уядан» чыккысы келбей жатыр. Алар үчүн КТРдин жаңыланышы эмес, өздөрүнүн жылуу кызматы керек.
Калыбек мырза, сиз КТРде көп жыл эмгектенип, иштин көзүн билген белдүү журналисттердин бири элеңиз. Бирок мурунку жетекчилик менен тил табышалбай, кызматтан кеттиңиз…
Сурооңуздун төркүнүнө түшүндүм. «Көз көрсө, курсак кайнайт» болуп, калыстыгы жок көп иштерди көрүп-билип туруп унчукпай кое албадым. КТРде бөлүнүп-жарылуучулук, жердешчилик, кадр саясатындагы калыссыздык өңдүү өтө ыплас саясат күчөп кеткен эле. Бул маселе боюнча убагында К.Молдокасымовго оозеки да, кагаз жүзүндө да бир нече ирет кайрылдым. Летучка, планерка өңдүү чоң жыйындарда айта берип жаман көрүндүм. Тирешүү күчөп, ойдо жок жерден жумуштан айдашып, жалган жалаа менен соттошконго чейин барышты. Убагында мага каршы чыгып, чоңдорго желмогуз көрсөткөн кээ бир кызматкерлер
М.Эшимканов КТРге келери менен кызматтан бошоно качышыптыр. Чындап эле ошол адамдар КТР үчүн күйүп-жанган мыкты кадрлар болушса, минтип ит куугандай качып кетпейт эле. Мына ошондой «кумалактардын» азабынан КТРде акыркы жылдары жердешчилик оорусу күчөп, «ала койду бөлө кырккан» саясат жүрдү. К.Молдокасымов баш болгон жетекчилердин, жана кээ бир түз продюсерлердин айлыгы 30-40 миң сомго чейин жетти. Чет өлкөлөргө командировкаларга «өз балдары» жөнөтүлөт. Атүгүл менин укканыма караганда, кээ бир кызматкерлерге жең ичинен бекер квартиралар берилиптир. Ушуга окшогондордун баарын көрүп- билип туруп, кантип чыдайсың?
Улуттук каналда чечилбей келе жаткан кандай көйгөй маселелер бар деп ойлойсуз?
Андайлар көп. Биринчиси, кадр маселеси. Соңку жылдары профессионалдуулугуна, жөндөмү бар-жогуна карабай телеге ишке алынгандар көбөйүп кетти. Алардын ким экенине кызыккан жан жок. Антейин десең, аларды тандап кызматка алган кээ бир жетекчилер өздөрү акын менен жазуучунун айырмасын билбейт. Анан кантип иш оңолсун? Айтор кадр маселеси М.Эшимканов үчүн аябай олуттуу маселе. Кандай канал болбосун, биринчи кезекте анда эмгектенген журналисттер, а эң башкысы, продюсерлер мыкты болушу керек. Ошондо КТР жетекчилигинин проблемасы аз болот. Экинчи, чыгармачылыкка болгон мамиле, материалдардын оперативдүүлүгү, актуалдуулугу, жанрдык өзгөчөлүгү жөнүндө кеп козгоп, талап кылган жетекчилер жок. Планерка дүлөй менен дудуктун айтышындай өтөт. Эми ошонун баарына чекит коюлуп, көркөм кеңеш түзүлүптүр. Бул жакшы жышаан. Андан кийинки көйгөй — жалпы жамааттын жашоо шарты. Азыр КТРде иштегендердин 10 процентинин гана жашоосу жакшы болбосо, калгандары өлдүм-талдым күнүн көрүп атат. Алган айлыктары аз. Дээрлик бардыгы жетишпеген турмушта жашашат. Көпчүлүгүнүн үстүндө үйү жок. Ошондуктан мамлекет ипотека аркылуу 20-30 жылдык мөөнөт менен үй куруп берсе, жакшы болот эле. Убагында А.Карыпкулов 100дөн ашык кызматкерди үйлүү кылган.
Эң акыркы орчундуу маселе — саясый берүүлөрдү цензурадан куткаруу. Бул маселе жалгыз М.Эшимкановго байланыштуу эмес. Ал үчүн жалпы коом, жалпы саясат өзгөрүшү керек. Баса белгилей кетүүчү жагдай, КТРде супер кошоматчылар бар. Алар кай заман, кайсыл жетекчи келгенине карашпайт. КТР жетекчилеринин креслосун көрүшсө эле жүгүнө беришет. Ошондой супер кошоматчыларды жоготмойун, КТРдин ичиндеги интригалардын токтошу кыйын.
Акыркы күндөрү басмасөздө КТРчилердин кайым айтышуулары көп болуп атыр. Мунун себеби эмнеде?
КТРдин тарыхын билгендер болсо, «баягылардын «ит оорусу» кармаптыр» деши мүмкүн. Бирок, бул жолку кайым айтышуулардын төркүнү такыр башка.
М.Эшимкановдун КТРге келиши өзүн бийликтин ишенимдүү адамымын деп эсептеген кээ бир чиновниктердин түн уйкусун бузууда. Ошолор көшөгө артынан ар кандай оюндарды башташты. Эптеп ызы-чуу кылып М.Эшимкановду КТРден кетирсек дегенде эки көзү төрт. Ошол мүдөөлөрүн ишке ашыруу үчүн КТРдин айрым кызматкерлерин түрткүлөп, курал катары пайдаланып жатышат. Мына ушундай курал болгон чаар баштарга жини келген КТРдин коллективи «аларды өзүбүз жөнгө салабыз, болбосо мындай ичтен ириткен кумалактарды КТРден кууп чыгабыз» деп атышыптыр. Ошондой «кумалактардын» күңгөй-тескейин көбүрөк билген жаным, тилим кычышып араң турам, ишти ырбатпайынчы деп…
КТРге кайрадан иштөө оюңуз барбы?
Иштеш-иштебеш — мен үчүн башкы максат эмес. Кудайга шүгүр, кайда болсом да КТРдин ички саясатына кандайдыр бир деңгээлде таасир эткенге кудуретим жетет. Бирок, эртеби-кечпи каруумду казык кылып, КТРге калыс кызмат кылаарыма бөркүмдөй ишенем.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ


  Тил кесмек…

«Эркин сөздү муунтам дегендер этият болсо…»
ММКлардын бүгүнкү тагдырына күйүп, эркин сөздүн таламын талашкандардын көч башында Илим Карыпбековдун ишмердиги бадырая көрүнөт. Ал ардайым сөз эркиндигин муунткандар менен күрөшүп, демократия принциптерин сыйлаганын, баалаганын билебиз. Кеп да ушунун айланасында улансын…
Илим мырза, сөз эркиндигине акыркы мезгилде кысым болуп атканын байкагандырсыз…
— Демократиялык мамлекеттердин принцибин эске алсак, аркандай ой-пикирлер эркин айтылганга мүмкүнчүлүк түзүлүш керек. Ушундай шартта гана сөз эркиндиги толук аткарылгандыгын айтсак жарашат. Мурдатан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендиги айтыла келген. Бирок, биздин ал мүмкүнчүлүктөр барган сайын чектелип баратат. Маселен, көзкарандысыз электрондук маалымат каражаттары республикалык масштабда жок калды. Мындай карасаң мыйзам алкагында эле бийлик сөз эркиндигине бут тосуп келатат.
— Эркин гезиттердин абалы кандай?
— Менимче, республикалык деңгээлде үч-төрт гезит бар. Мына ушулардан оюңду эркин айтсаң болот. Тилекке каршы, булар да азайгандан азайып, күч органдарынан, бийликтин башка бутактарынан кысым көрүп, жабыркоо абалында турушат. Бирок, биз күчүбүздүн жетишинче, мыйзам негизинде коргойбуз.
— Андай биздин да башыбыздан өттү го…
— Учурунда «Агым» гезити оппозициялык маанайда чыгып атканда, доо арыздар боюнча рекорд койгон. Анан ээси өзгөрүлүп, редакциянын саясаты башка нукка бурулганда ал кескин азайды.
— Бийликке ыкташканда дейсизби?..
— Ооба. Негизинен гезитти айыпка жыгабыз дегендер министрлер, дээрлик аткаминерлер экенин унутпасак. Мына ушулар оппозициялык гезиттердин ооздорун бууганга, жаптырганга жанталашышат. Доо арыздын 90-95%ы ушулардан келип түшүүдө. Мындай аракеттер барган сайын күч алганын жашыралбайм. Эгерде эркин басма сөздү, интернетти бийлик толук колго алса, маалымат вакууму түзүлөт да, бир тараптуулук менен элдин кыжырын кайнатарын белгилей өтөлү. Буга чейинки Аксы окуясы, 24-марттагы элдин көтөрүлгөнү кыжырдануудан жаралган да. Биз эларалык коомчулукта мойнубузга алган демократиядагы сөз эркиндигин дегеле аткаралбай калган учурлар да болот. Ошондуктан эркин басма сөздү муунтам дегендер этияттабаса, кесепети катуу тиет…
— Соттор журналисттердин укуктарына адилетсиз да мамиле кылган учурлар байкалат. Ушул боюнча айтсаңыз.
— Соттор менен жекеме-жеке сүйлөшө калганда: «Мага жогору жактан буйрук болду, алардын айтканындай чечим чыгарышым керек, капа болбо…» дешет.
— Ошол соттордун атын ачык айталасызбы?
— Өкүнүчтүүсү ушул, «бул сот минтип айтты, ага тиги министр телефон чалды» деп айталбайсың. Далилдеш кыйын.
— «Журналисттерди коргобой эле койчу» деп аткаминерлер суранбайбы?
— Мага өзгөчө деле таасир бере турган күчтөр жок. Ошентсе да айрым учурларда «тиги журналистти, баланча деген гезитти, телени коргобо» дешет. Аргасыз күлкүң келет, бул менин жумушум, мен журналисттерди сүйгөнүмдөн коргобойм да. Анан кээ бирөөсү «башкасы коргосо коргосун, сен коргобо» деп дагы көшөрөт. Атургай «жумушуңан алдырам, жамандык жасайм» дегенге чейин баргандар болгон. Өткөн 2007-жылы төрт-беш ирет ушундай коркутуулар кездешти. Эми өз кесибимди булгап, коркуп калуудан алысмын…
— Журналисттерге кордук көрсөтмөйлөр да күчөдү…
— Журналисттер элге маалыматты жеткиребиз деп, токмок жегенин, жумуштан кеткенин, административдик ресурстардын үстөмдүгүнө кабылганын көрүп келүүдөбүз. Биз журналисттерге кылдат мамиле жасообуз зарыл. Кокус түкүрүндү мамиле жасасак, ошого жараша маалымат алабыз. Анан коомчулуктун кейпи да бүгүнкүдөй, эч кандай өсүүлөр байкалбайт. Чындыкты угалбайбыз.
— Жеке баамыңызды айтсаңыз, журналисттерге кандай укук жетишпейт?
— Коопсуздук жана юридикалык жактан карап келсек, укук коргоо органдарында журналисттерге колсалууну изилдей турган бөлүм, же жооптуу кызматкер болуусу керек. Ал тыкыр көзөмөлгө алып, кылмыш ишти аягына дейре изилдеп чыгуусу кажет. Мындай шартта журналисттин аброю көтөрүлөт, кол салуулар да азаймак. Экинчиден, журналисттик кесипти юридикалык жактан так аныктап, социалдык кепилдиктерди беришибиз зарыл. Азыр журналисттердин коопсуздук-социалдык кепилдиктери жок. Журналисттин редакция берген күбөлүгүнөн башка эмнеси бар? Ошондуктан, журналисттерге мамлекет тараптан социалдык абалдарына шарт түзүлсө дейт элем.

Асланбек САРТБАЕВ


1 CTP 20

Click to add a comment
Агым гезити

More in Агым гезити

18.03.08

pr25.02.2020

12.02.08

pr03.02.2020

08.02.08

pr03.02.2020

05.02.08

pr03.02.2020

28.01.08

pr03.02.2020

25.01.08

pr03.02.2020

15.04.08

pr01.02.2020

Защищено: 05.09.08

pr29.01.2020

Защищено: 12.09.08

pr29.01.2020

















Яндекс.Метрика