Бул китеп аркылуу сиз:
- Үнөмдөп жашоого аракет кылуу акча табууга корогон энергияга эле барабар экендигин түшүнөсүз;
- Байлыкка болгон көз карашыңызды оңдоп, ага жетүүгө умутуласыз;
- Түзүк киреше табуу жолдорун бекиткен жашыруун ынанымдарды таап чыгасыз;
- Ой жүгүртүүңүздү акчаны четке кага тургандай эмес, өзүңүзгө тарта тургандай кылып тескейсиз;
- Акчаны энергиялык агым катары кабыл алып, аны жөнгө салуунун сырларын билесиз;
- Сүйлөгөн сөзүңүздү терс пикирлерди оозанбагандай кылып оңдоп чыгасыз;
- Кайдыгерликти эмес, алдыга умтулууга болгон кумарланууңузду өнүктүрөсүз;
- Эмоцияларыңызды акча табуунун бир шайманына айлантасыз;
- Ааламдын так суроо-талабын калыпка салып баштайсыз;
- Жүрөгүңүздүн чакырыктарын угууну жана аны негизги акча булагына айлантууну үйрөнөсүз;
- Ааламдын кайрылуусун кармап калып, аны жөндүү колдонууга өтөсүз;
- Идеяларды кантип акчага алмаштыруу керек экендигин билесиз;
- Чечкиндүү кадамдарды таштайсыз;
- Акча суудай агып жок болбостон, топтолуп, көбөйүүсү үчүн эмне кылуу керек экендигин түшүнөсүз;
- Сизди мобилизациялашууга жана кирешеңизди көбөйтүүгө мажбур кылган «ишеним секиригин» жасайсыз.